"Элдин жеңиши уурдалбайт": Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришти

Published

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти расмий түрдө кызматка киришти. Ант берүү салтанатында Садыр Жапаров мурдакы бийликтин катасын кайталабай, эл үчүн иштерин билдирди, диктатура орнотуу максаты жок экенин билдирди.

Садыр Жапаров инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө саясий маданияттын деградациясы, социалдык жиктелүү, бийликти чырмаган коррупция жана элдик революцияга алып келген башка себептер жөнүндө айтты.

"Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт! Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги мүдөө-максаты болмокчу!"

Президенттик программасынын артыкчылыктуу багыттары катары экономиканы ыкчам өнүктүрүү, элдин жашоо стандарттарын жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, инвесторго колдоо көрсөтүү, улуттук маданиятты мамлекеттик камкордукка бөлөө милдеттерин белгиледи.

Эң биринчи жарлыктары өлкөнү кризистен чыгаруу чаралары жөнүндө болот. Пандемия, жабык чек ара, коррупциянын айынан экономика эңшерилип турган учур.

"Менин оюмча жүз күндүн ичинде эле билиниш керек. Бир нерсени түшүнүш керек, Садыр Жапаровго элдин ишеними абдан чоң, көп нерсени үмүт кылып жатат. Эгер ошол үмүттөр актала баштабаса, стабилдүүлүккө бир топ эле зыян болот. Эми мурдакы жылдардын көлөмүнө чыгыш кыйын болот. Бирок вакцина чыкканы кандайдыр бир үмүт берип атат. Соода өнүгүп, карым-катыш өнүгө баштаса, бизде да жандана баштайт",-дейт экономист Азамат Акелеев.

Жапаров октябрда шайлоодон кийин болгон массалык толкундоо убагында түрмөдөн чыгып, премьер-министр болуп бийликке келген. Жээнбеков кеткенден кийин президенттин милдетин аткарып калган. 10-январдагы шайлоодо дээрлик 80% жакын добушту алып, он жети талапкердин ичинен жеңип чыкты.

Көп векторлуу саясат

Садыр Жапаров ант берер алдында Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде тышкы саясатта кошуна өлкөлөр менен, Орусия, АКШ, Евробиримдик, Кытай жана башка өлкөлөр менен тең ата, өз ара пайдалуу мамиле күтүүгө умтуларын айтты.

Конституциялык реформа маселесине токтолуп, авторитардык бийликти орнотуу максаты жоктугун баса белгиледи.

"Биз мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн диктатурасын орнотобуз",-деп, буга коңшу Өзбекстандын президенти Мирзиеёв жүргүзгөн саясатты, реформаларды мисал кылды.

Президенттик башкаруу

Жапаров октябрда бийликке келгенден кийин эле конституциялык реформаны баштаган. Конституциялык кеңеш түзүлүп, баш мыйзамдын жаңы долбоорун даярдап бүтүп калды. Анда мамлекетти башкаруунун президенттик формасы каралган. Анткени, 10-январда президенттик шайлоо менен бир күндө болгон референдумда добуш берүүгө катышкандардын 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын тандашты.

Садыр Жапаровдун инаугурациясына сырттан башка өлкөлөрдүн башчылары чакырылган жок. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жана Евробиримдиктин президентинин жиберген куттуктоолорун алардын өкүлдөрү чыгып окуп беришти.

Өлкөдө пандемия коркунучу жоюла электигине байланыштуу, келген меймандар баары текшерилип, коронавирустан таза чыккандары гана киргизилди.

Садыр Жапаров бүгүнкү сөзүндө бардык саясий күчтөрдү бир максатта биригүүгө чакырды, бирок ошол эле учурда инаугурациянын алдында чуулгандуу камоолор болду. Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев жана ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асанов чоң кылмыштарга шектелип, камакка алынды.