You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эгемендүү Кыргызстандын алтынчы президенти ант берди. Сүрөт
Жаңы шайланган президенттин ант берүү салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.
Инаугурацияга миңдей киши чакырылып, негизинен коомдук ишмерлер, катардагы жарандар, маданият ишмерлери болду. Чакырылгандар алдын ала коронавируска тест тапшырган. Салтанатка 4-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоодон кийин кызматын тапшырып берген экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.
Элдин жеңиши уурдалбайт
Ант бергенден кийин элге кайрылуу жасаган президент Жапаров "бул ирет элдин жеңиши уурдалбайт" деп убада берди.
"Биз кыска мөөнөттүн ичинде "Азиянын Швейцариясына" айланууну кыялдандык эле. Биз ар бир алты жыл сайын бийликтин тынч жол менен алмаштырылып турушун, ар бир алты жыл сайын өлкөбүздүн турмушундагы ири жетишкендиктерди чогуу-чаран майрамдап, жарандарыбыздын жашоо стандарттарынын жогорулашына, ар бир үй-бүлөнүн жакшылыгына тең орток болуп, маңдайыбыз жарыла кубанып турабыз деп кыялдандык элек. Биз парламентаризм идеяларын да теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий аң-сезимди, саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык. Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды. Ал ортодо, коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду. Тилекке каршы, соңку отуз жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коомду куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди. Натыйжада, калың журттун чыдамы түгөндү. Ал арада миңдеген мекендештеримдин "мигрант" атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш-тарапка чачылып кеткени, ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат жана жанымды кашайтат! Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан, 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабынын бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болду. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт!",-деди президент Жапаров.
Өлкө экономикалык оор абалда турганын белгилеп, мындан чыгуу оңой болбой турганын, баарынан мурун элдин биримдиги аркылуу бул кырдаалдан чыгабыз деди.
"Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт"
Кыргызстандын тышкы саясаты болсо көп векторлуу багытта уланып, Европа, Америка, Азия өлкөлөрү менен кеңири кызматташууга умтулат деп айтты президент. Анын ичинде эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелер аткарыла турганын билдирди.
"Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга, терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу - тышкы саясатыбыздын приоритети. Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт",-деди.
Ант берүү аземине чет өлкөлүк президенттер чакырылган эмес. Салтанатта Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун окуду. Ал эми коңшулаш Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосун анын өкүлү окуп берди.
Ант берүү аземи учурундагы пикет
Ант берүү аземи учурунда филармониянын алдына пикетке чыккан УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттик шайлоого талапкер болуп чыккан Абдил Сегизбаевдин тарапташтарын милиция кармап кеткени белгилүү болду. Соңку маалыматтарга караганда милиция кармап кеткендерге протокол түзүп, кайра бошоткон. Үч күн мурун А.Сегизбаев камакка алынган. Башкы прокуратура ырастагандай, Сегизбаев "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы, аны "Белизгейт" жаңжалын уюштурган деген шек менен камакка алышкан. А.Сегизбаев дагы мөөнөтүнөн мурун өткөн шайлоодо талапкер катары катышып, шайлоону утуп чыккан С.Жапаровду катуу сынга алгандардын бири болду. Аны Бишкек ШИБнын убактылуу кармоочу жайына камашканы айтылды.
Конституциялык реформа
Жапаровдун негизги демилгелеринин бири конституциялык реформа. 10-январда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. Референдумда президенттик башкаруу формасын колдоп добуш бергендер 81 пайыздан ашуун болду.
Кыргызстандын эгемендик тарыхында Баш мыйзам тогузунчу жолу кайра жазылып жатат. Айрым юристтер Жапаровдун конституциялык реформасы жана референдум мыйзамсыз экенин айтып келди. Венециялык комиссия бийликтин парламенттик шайлоодон мурда референдум жана конституциялык реформа өткөрүп жатканын сынга алган.
"Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж! Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара алаарын өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу - адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү",-деди президент Жапаров.
Садыр Жапаров ант берүү салтанатынын алдында Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек куруп, суроолорго жооп берген.
10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо он жети талапкердин ичинен дээрлик 80% добуш менен Садыр Жапаров жеңишке жетти. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 20-январда жарыялады.
Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү
52 жаштагы Садыр Жапаров 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошотулуп, өкмөт башына келди жана президенттин милдетин убактылуу аткарды. Ал коомчулукка Кумтөр алтын кенине байланышкан маселелерди көтөрүп чыкканы менен белгилүү.
Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү 2005-жылы башталган. Ал Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Бул парламент эки жылдан кийин таратылган.
2008-2010-жылдары коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен талапкер болуп чыгып, аталган партия биринчи орунду алган.
2013-жылы Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Бишкектеги митингден кийин Садыр Жапаров "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, камакка алынат. Аны менен чогуу ошол кездеги ЖК депутаттары К.Ташиев, Т.Мамытовго да айып тагылган. Алар Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнү үчүн айыпталышкан. 2013-жылы сот аларды актаган.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган. Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишкен эле. (AbA)