2020: Коронавирус пандемиясы жана саясий кризистин экономикага соккусу

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
2020-жылы дүйнө экономикасына пандемия чоң сокку урса, октябрдагы саясий окуялар да кошулуп кыргыз экономикасын ого бетер артка тартты.
Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, мартта жапырт карантин башталды. Мамлекет салыктардан жана башка төлөмдөрдөн куру жалак калып, пенсия, айлык, жөлөк пул сыяктуу негизги милдеттенмелерин гана аткарууга курудети жетип калды. Миңдеген адамдар жумушунан айрылды.
Октябрдагы нааразылык митинги, бийликтин алмашуусу капиталдын сыртка агышын күчөттү. Көп инвестициялар жана жардам каражаттары келбей калды. Тоо-кен тармагындагы ишканалар токтоду.
2020-жылдын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү
Он эки айда бюджеттин дефицити дээрлик 30 млрд сом болоору болжолдонуп жатат. Он эки айда бюджеттин кирешеси болжолдуу 139,4 млрд сом, чыгашасы 169,1 млрд сомду түзөт деп эсептелүүдө. Ал эми он бир айдагы так эсептелген киреше 130,5 млрд сом. Бюджеттен эң көп мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына сарпталган.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Бюджет боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр кирди. Пандемиянын айынан түшчү каражаттардын азайып кеткени себеп болду. Жыл башында божомолдоого салыштырмалуу киреше бөлүгүбүзгө 24,3 млн сом кирбей калды", - деди каржы министри Кыялбек Мукашев.
Он бир айдын жыйынтыгы менен өткөн жылдын декабрь айына салыштырганда инфляция 7,2% түздү.
Сырттан келген тике инвестициянын суммасы тогуз айда 398 млн долларды гана түздү. Бирок сыртка чыккан капиталдын суммасы өткөн жылдын тогуз айына караганда 140% көп болуп, 719 млн долларга чыккан. Бул октябрь окуяларына чейинки көрсөткүчтөр. Экономика министрлиги октябрь, ноябрь, декабрь айларыныкын эсептей элек.
Экономика министрлиги берген маалыматка ылайык, ички дүң өндүрүм 11 айда 511 млрд сомду түздү. 2019-жылдын он бир айына салыштырганда Кыргызстандын ИДӨнү 8,6% аз болуп жатат.
Эң көп жапа чеккен курулуш тармагы болуп, 11 айда 15,9% артка кетти. Андан кийин иши катуу үзгүлтүккө учураган кызмат көрсөтүү багыты, өткөн жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 10,2% төмөндөдү. Өнөр жайдын өндүрүшү 5,5% аз болду. Он бир айда оң көрсөткүч менен чыккан жалгыз тармак айыл-чарба, 0,9%.
Инвестиция келбей, сыртка чыккан капитал көлөмү өстү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экономика министрлиги берген маалыматка ылайык, сыртка чыгарылган капиталдын басымдуу бөлүгү Кытайга туура келет. Тогуз айда бул өлкөгө 325 млн доллар чыгарылган. Ал негизинен тоо-кен тармагындагы каражаттар. Адистер буга пандемия себеп болду дешет, ошондой эле, парламенттик шайлоону утурлай инвесторлор этият болгондой.
"Көп ири мамлекеттер пандемия учурунда өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн капиталын чыгарып кетүүгө аргасыз болуп жатышат", - деди Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Насирдин Шамшиев.
Инвестиция 2020-жылдын тогуз айында 2019-жылдын ошол айларына салыштырганда 31% аз келди. Бирок октябрдан берки көрүнүш эсептеле элек болуп жатат.
Бизнес ассоциациялар күздө саясий туруксуздук башталгандан бери акчасын чыгарып кеткен мисалдарга көп күбө болушканын айтышат.
"Октябрь окуяларына байланыштуу 10-октябрга чейин эле 210 млн доллар сырттан каражат кирбей калды деп мүчөлөрүбүз менен болжолдуу эсептедик. Инвесторлор менен пландалып жаткан 20 чакты келишим ошол күндөрү түзүлбөй калды", - деген эле Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынын катчысы Искендер Шаршеев.
Жумушсуздар көбөйдү
Бишкекте жашаган үч баланын энеси Гүлмиранын жолдошу тоо-кен ишканасындагы жумушу жанданаарын күтүп отурат. Өзү тигүү цехинде мурда күндө иштесе, азыр аптасына эки-үч күнгө гана жумуш табылып жатканын айтат.

"Карантин учурунда такыр жумушсуз отуруп калдык. Бир-эки жолу цех беткап заказын таап берип, нанга араң акча таптык. Азыр кайрадан жумушум азайды. Карыздарыбыз өсүп жатат", - дейт Гүлмира.
Канча киши жумушунан айрылганы так белгисиз. Ишсиз катары расмий катталгандар 70 миңден ашыгыраак гана, мамлекеттик органдар иш жүзүндө көп экенин, бирок алар каттоого турбаганын айтышты.
"Быйыл сырттан 70-80 миң кыргызстандык келди. Бирок алардын баары эле эмгек мигранты эмес. Мындан сырткары эсепке алынбай өз жолу менен келгендер дагы бар. Жумушсуздардын санын айтуу кыйын. Быйыл айлык берилбеген эргүүгө чыгарылып, бирок иши бар деп көрсөтүлгөн да көп, бирок алар киреше тапкан жок да", - деди Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Насирдин Шамшиев.
Экономика министрлиги жаз айларындагы карантин учурунда 709 миң киши убактылуу жумушсуз калганын айткан. Кийин анын көпчүлүгү иш ордуна кайтканын кошумчалашты.
Бизнес уюмдар көптөгөн ишканалар жабылып жана кыскарганын, кызматкерлери жумушсуз калганын айтууда. "Легпром" ассоциациясынын башчысы Сапар Асанов мурда тигүү тармагы кызматкерлерди тынымсыз издесе, азыр жумуш издеп келгендер көбөйгөнүн билдирди.
"Жумуш издегендер чынында абдан көп. Мурда тигүүчү издейбиз деген жарыялар көп болсо, азыр иш издегендер арбын", - деди Асанов.

Сүрөттүн булагы, TEXTILETRANS.COM
Асановдун биримдигине 760тан ашык ишкана, компания мүчө. Өлкө боюнча 2000ден ашык тигүү цехи болсо керек дейт. Үйдө уюштурулган эң чакан тигүү цехтери 20дай кишиге иш берсе, 150гө чейин жумуш орундарын камсыздагандары да бар.
"Тигүү цехтери көп болгондуктан бул тармакта тигүүчүлөр жана башка жумушчулар бат-бат алмашчу, кетип келе беришчү. Эч бир жер болбой калса Орусияга басып кетишчү. Азыр жумуш талаш болуп, биздин кызматкерлер туруктуу болуп калышты, Орусияга кирүү да оңой эмес болуп жатат", - деди Бишектеги тигүү цехинин ээси Махабат.
Жабыр тартпаган тармак калбады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө жүзү боюнча тейлөө тармагына эң күчтүү сокку урулду. Пандемия башталаары менен аба компаниялары банкрот болду. Туристтик компаниялардын иши токтоду. Кыргызстандагы абал өзгөчөлөнгөн жок.
"Тейлөө тармагынын ичинен эң көп жабыркаганы мейманканалар. Ресторан бизнеси мурунку жылдарга салыштырганда 30% чейин кирешесинен айрылды", - дейт Искендер Шаршеев.
Экономисттер Крыгызстанга бир гана коронавирус таасир эткен жок деп санашат. Быйыл ЕЭАБдин берген жеңилдиктери бүтүп баратат. Айрым эксперттер уюмдун терс таасири да катуу тийип жатат дешет.
Уюмга киргизүүгө активдүү сүрөгөндөрдүн бири, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев болсо Кыргызстан өз таламын активдүү талаша алат деди.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
"Биримдикке киргенибизге беш жыл болду. Бир топ жеңилдиктерди алганбыз, алардын баары бүттү. Техникалык регламент толук күчүнө кирип жатат. Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна киргенде алган жеңилдиктери да бүтүп жатат. Соода эрежелерин сүйлөшүш керек. Казакстан менен чек арадагы абал көтөрүлүш керек. ЕАЭБдеги бардык чечимдер консенсус менен кабыл алынат, бир мамлекет бир добуш болуп эсептелет. Ал жерде "бул чоң мамлекет" деген жок. Аргументтерди айтып, жүйөөлүү себептерди келтирип, кызыкчылыктарды коргобосо алар башка мүчөлөргө макул боло берет",-деди Би-Би-Сиге Т.Сариев.
Жыл ичинде доллар 21% кымбаттады
Бизнеске, элдин турмушуна доллардын кымбаттаганы да олуттуу таасир этип жатат. Расмий сандар азык-түлүккө баа орточо 10-15% өскөнүн көрсөткөн менен , мисалы, сентябрда бир литри 90 сом турган май 140 сомго чыкты. Кыргызстан дээрлик баарын сырттан алып келгендиктен кийим-кече жана башка буюм-тайымдарга да баалар өстү. Иш жүзүндө элдин тапкан кирешесинин баасы алда канча төмөндөгөнү көрүнүп турат.

Улуттук Банк доллардын өсүшүнүн бир нече себебин, айтып эркин базардын шартына жараша болоорун, демек талап көп болуп жатканын жүйөө кылып келет. Көз карандысыз эксперттер болсо саясий туруксуздук түздөн түз таасир этип жатканын, сыртка доллар менен каражат чыгаруу чоң роль ойногонун айтышат.
Саясатчы Адахан Мадумаров жаңы келген өкмөттү айыптап, сырткы өлкөлөр тааныбаган үчүн мамлекет изоляцияда калып баратканын белгиледи.
Доллардын баасы ишканаларга кандай зыян алып келип жатканын Бишкекте тигүү цехин иштеткен Амина түшүндүрдү:
"Мен чийки заттын баарын доллар менен сатып алам. Бирок товарымды Орусияга сатам. Рублдын баасы сом менен эле бирдей болгон үчүн мага пайда жок болуп калып жатат. Эгер продукциянын баасын көтөрсөм, кардарлар кетип калат. Анткени арзан жана сапаттуу тиккен азыр Өзбекстан турат".
Кыргыз-кытай чек арасы буулду

Сүрөттүн булагы, Social media
Октябрь окуяларынан кийин Кытай менен чек ара маселеси пайда болду. Кыргызстан керектөөлөрдүн көбүн импорт аркылуу камсыздаган өлкө. Анын эң көбү, 40% Кытайга туура келет. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетинен мурда суткасына 300 унаа өтсө, Бажы кызматы 30-ноябрда 7 унаа өткөнүн айткан. Бул жип-шурусунан бери Кытайдан алган тигүү тармагынан тарта темир-тезек ташыган бардык секторлорго таасир этип жатат.
Кытай менен соода кылган бишкектик ишкер Айбек Кожомжаров товарлары азыр Алмата аркылуу келип жатканын айтты.
"Мага товарды Кытай фирмасынын унаасы менен салышат. Ал азыр кытай-казак чек арасында турат. Андан Алматанын фирмасы алып өтүп, кыргыз фирмасына жүктөп берет", - деди Би-Би-Сиге ишкер.
Расмий органдардан чыккан маалыматка ылайык, Кытай Кыргызстандагы инвесторлорун коргоо талабын койгон. Анткен менен ишкерлер бул маселе Кыргызстан, Кытай, Казакстан ортосундагы ири бажы схемасындагы башка конфликттерге байланыштуу деп божомолдошот. Алар октябрдан кийин Кыргызстанда бажы тармагын "көзөмөлдөгөндөрдүн" таасиринин өзгөргөнүн эскертүүдө.
Өкмөттүн чаралары

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Өкмөт экономиканы калыбына келтирүү программаларын иштеп чыккан. Ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү планы бар эле. Быйыл 14 млрд сомду таратып, 2021-жылды кошкондо 40 млрд сомго жетмек. Бирок быйыл 14 млрд сомдун бир бөлүгү гана берилди. Мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев июлда берген маалыматка ылайык, 4,2 млрд сом таратылган.
"Легпром" биримдигинин башчысы Сапар Асанов орто жана чакан ишканаларды куткаруу үчүн үстөгү алты пайыздан ашпаган кредит зарыл экенин белгиледи.
"Калганы алалбай калды. Бүгүнкү күнү эмне үчүн орто жана чакан ишкерлерди колдош керек? Анткени алар эң көп жумуш орундарын түзөт. Айландырган акчасы миллиарддарды түзгөн компаниялар менен көп болсо бир-эки миллион акчасы бар чакан ишканаларда кызматкерлердин алган айлыгы бирдей эле. Бирок майда ишканаларда көп киши иштейт. Орто жана чакан ишканаларды, жумуш орундарын сактап калууга өкмөттөн колдоо өтө зарыл. Биздин ассоциациядан жеңилдетилген кредитти 15 гана ишкана алууга үлгүрүптүр", - деди Асанов.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Жыл башынан бери эл аралык донорлордон Кыргызстан 346,8 млн доллар каражат алды. Ал жеңилдетилген кредит жана кайсы бир бөлүгү грант. Он эки айда мындан эки эсе көп каражат келет деген күтүүлөр бар эле. Каражат негизинен коронавируска жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө бөлүнгөн. Мамлекет көпчүлүгүн айлыктарды, пенсия жана жөлөк пулду төлөөгө сарптады.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекет бардык милдеттенмелерди төлөп берерин айтты.
"Бүгүнкү күнү пенсияларды төлөө боюнча мамлекет бардык милдетин аткарды. Ошол эле учурда Салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрүн толук чогултууга бардык чараларды көрүш керек", - деди 19-декабрдагы бюджеттин кирешеси боюнча жыйында.
Ал сырткы карыз боюнча милдеттер да толук аткарыларын убада кылды. Анткен менен 2020-жыл сырткы карызды өстүргөн жыл болуп калды. Мамлекет эл аралык донорлордон 343 млн доллардан ашык каражат алды, анын басымдуу бөлүгү кредит, калганы грант.
Кыргызстан 2020-жылы сырткы карызын акыркы жылдарга салыштырмалуу эң көп төлөш керек эле. Өкмөт буга пандемия тоскоол болгонун айтып, жаз айларында мурдагы президент Сооронбай Жээнбекодун администрациясы алардын айрымдарын төлөө мөөнөтүн жылдырганын кабарлаган. Алар негизинен Европа өлкөлөрүнөн алынган карыздар болчу. Кыргызстандын сырткы карызы негизинен Кытайга. Президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жетим-Тоодогу темирди сатып Кытай карызын төлөсө болот деген оюн айткан.
Ошентип, айрым эл аралык эсперттер алдыдагы жылдар экономикалык жактан дагы оор болоорун айтышты. БУУ элдин социалдык абалы начарлаарын билдирди. Ошол эле маалда коронавирус вакцинасынын жайылуусу менен абал оң жагына өзгөрө баштайт деген оптимисттик көз караштар да бар.
































