Референдум мыйзамы эми сотто каралат

Кыргызстанда баш мыйзамды өзгөртүү жөнүндө мурдакы референдум 2016-жылы декабрда өткөн эле.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда баш мыйзамды өзгөртүү жөнүндө мурдакы референдум 2016-жылы декабрда өткөн эле.
Published

Референдум мыйзамы одоно укук бузуулар менен кабыл алынды деген арыз менен Конституциялык саясат институту Конституциялык палатага кайрылды. 10-январда президенттик шайлоо менен бир күндө боло турган референдумда жарандар мамлекеттик башкаруу түрүн тандап добуш бериши керек.

Конституциялык палатага берилген арыз жөнүндө Би-Би-Сиге конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева билдирди:

"Негизинен демократиялык жана укуктук мамлекеттердин принциптери боюнча мамлекеттик органдардын иштеши так, ачык жана жол-жобосу так болушу керек. Жарандардын айрым маселелер боюнча өз позициясын билдирүү механизмдери болушу керек. Мыйзам чыгаруу процедураларынын чегинде демократия жана мыйзамдуулуктун принциптери түздөн түз чагылдырылат. Анын ичинде коомдук талкууга түздөн байланыштуу мыйзам чыгаруу стадияларынын убагында да болот. Алар белгилүү бир мөөнөттө өтүшү керек. 10-декабрда кабыл алынган мыйзам ошол мөөнөттү кыскартып, жол-жоболорду одоно бузуу менен өткөн. Алардын кыскартылышы жарандардын конституциялык укуктарын түздөн түз чектөө болуп эсептелет".

Ошол эле учурда «Жалпы иш», «Таза Шайлоо» ассоциациясы, «ЭГЛЬ» коомдук фонду дагы биргелешкен билдирүү жарыялап, алдыдагы референдум жөнүндө олуттуу тынчсыздануу билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү президенттик жана парламенттик башкаруу формалары жөнүндө үстүртөн гана түшүнөт. Бирок эл ичинде эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Эми жарандар суроонун маанисин түшүнбөй туруп эле референдумга жана шайлоого барган жатат",-деп айтылат алардын билдирүүсүндө.

Жапаровдун тарапташтары президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапаровдун тарапташтары президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт.

"Элден сураганыбыз туура"

Референдум мыйзамы боюнча 10-январда президенттик шайлоо болгон күнү элдин элегине мамлекеттик башкаруу түрүн тандоо жөнүндө суроо коюлат. Шайлоочулар президенттик же парламенттик башкаруунун бирөөн тандап алышы кажет же баарына каршы добуш бере алат.

Бул мыйзам талкууга чыгарылганда эле парламентте дароо сын айтылган. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, президенттикке талапкер болуп аттанган Каныбек Иманалиев жана башкалар аны кабыл алууга мөөнөтү узартылган, ыйгарым укуктары чектелүү болуп жаткан бул парламенттин легитимдүүлүгү жетишпейт деп каршы болушту.

Тийиштүү комитетте талкууланбаганы, андан сырткары бир күндө эки окуудан өткөрүлүп кабыл алынганы процедуралык мыйзам бузуу экенин Текебаев катуу эскерткен эле. Бирок ошого карабай, депутаттык корпус көпчүлүккө салып, бул мыйзамды кабыл алды.

Бул долбоорду автор болуп алып чыккан депутат Акылбек Жапаров буга өзүнчө жүйөсүн айткан эле.

"Биздин коомчулукта талаш-тартыш жаратып аткан мындан ары кандай мамлекеттик башкаруу принциптери болуш керек деген суроону саясий лидерлер, конституциялык кеңеш, парламент депутаттары чече албай турганына көзүбүз жеткенден кийин, муну президенттик шайлоо менен чогуу элден сураганбыз туура деген мыйзамды мен киргизип атам",-деген депутат.

Конституциялык палата бул арызды канчалык объективдүү карап берет, бул өзүнчө маселе. Анткени Кыргызстанда сот бийлиги өз алдынча деп жарыяланган менен президент менен парламентке өйдө карай албайт.

Караламан калк укуктук маселелерге эмес, биринчи кезекте президенттикке талапкерлердин пенсия-пособияны көбөйтүү, арзан электр, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу ураандарына көбүрөөк алаксып жаткансыйт.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Караламан калк укуктук маселелерге эмес, биринчи кезекте президенттикке талапкерлердин пенсия-пособияны көбөйтүү, арзан электр, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу ураандарына көбүрөөк алаксып жаткансыйт.

Мындан мурда "Реформа" партиясы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнүн узартылышы баш мыйзамга туура келбейт деп талашып кайрылганда Конституциялык палата Жогорку Кеңеш тарабында болду. Ошол себептүү анын өз алдынча карап чечим чыгарарына анча ишеним жок, ошентсе да укук коргоочулар бул баскычтан өтөлү деп жатышат.

"Нотариус парламент"

Ошол эле учурда октябрдан шайлоо чырга айланып, бийлик алмашкан учурдан тарта эл ичинде революцияга удургуган маанай үстөмдүк болуп жаткандай. Коомдук реакцияга караганда, парламент менен президенттин милдетин аткаруучунун чыгарган чечимдеринин легитимдүүлүгү жөнундө ойлонуп күйүп бышкандар көп эмес. Караламан калк президенттикке талапкерлердин пенсия-пособияны көбөйтүү, арзан электр, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу ураандарына көбүрөөк алаксып жаткансыйт.

2010-жылы Кыргызстанда революциялык жол менен бийлик алмашканда бийликке келген саясий күчтөр өлкөнүн парламенттик башкаруу жолун тандаганын жарыялашкан. Бирок андан бери өткөн он жыл ичинде бул башкаруудан элдин көңүлү калды деп атышат. Анын башкы себеби партиялык шайлоонун тизмеси менен өңчөй капчыгы калыңдар келип, парламентте көпчүлүк болуп, президенттин айтканын кыңк дебей аткарып, нотариус, олигарх, тактеке парламент атка конду.

Ошол эле убакта экс-президент Роза Отунбаева жана башка саясий күчтөр парламенттик башкаруу жолунан кайтуу өлкөнү отуз жыл артка кетирерин, президенттик башкаруу Кыргызстандын шартында кайрадан бир адамдын чексиз бийлигине - диктатурасына алып барат деп эскертүүдө.