Кыргыз-Кытай чек ара өтмөгү качан толугу менен ачылат?

Пандемиянын кеспетинен ансыз деле соодасы солгундаган дүкөндөргө товар келбей жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемиянын кеспетинен ансыз деле соодасы солгундаган дүкөндөргө товар учурунда келбей жатат
Published

Суткасына 300 унаага чейин өтүп келген "Торугарттан" бүгүн 7 унаа кирди. Өкмөт бул суроо премьер-министрдин милдетин аткаруучунун жеке көзөмөлүндө деген менен маселе ордунан жылган жок.

Бишкектеги соода борборлоруна товар ташыган ишкер Айбектин жүгү Кытайдан үч ай мурун чыккан. Шаарга жетпей, дагы деле чек арада турат. Пандемиядан кийин кыргыз-кытай чек арасы шыр кетпегендиктен Казакстан аркылуу алып өтө башташкан. Бирок акыркы жүгү кытай-казак чек арасында да өтө албай калды. Пандемияга чейин бир жүк ташуучу фирма Кытайдан Кыргызстанга чейин жеткирчү, мисалы, ал кыргызстандык фирма болушу мүмкүн эле.

"Башкаларды билбейм, бирок биздин жүктү ташыган жергиликтүү фирма марттан бери эле иштебей калган. Мага товарды Кытай фирмасынын унаасы менен салышат. Ал азыр кытай-казак чек арасында турат. Андан Алматанын фирмасы алып өтүп, кыргыз фирмасына жүктөп бермек. Бирок эмне себептен ал жерде турганын биз билбейбиз", - деди Би-Би-Сиге ишкер.

Ишканалардын иши азайды

Ал Кытайдан товардын келиши пандемия башталгандан бери эле оор болуп калганын кошумчалады.

Бажы кызматы берген маалыматка ылайык, 30-ноябрда "Торугарттан" 7 жүк ташуучу унаа өттү. "Дордой" биримдигинин эсебинде мурда бул жерден суткасына болжолдуу 300 унаа өтүп турчу.

Кытайдан Кыргызстанга жүк көбүнчө унаа жолдору аркылуу келчү. Учак менен ташуу машакатсыз болгону менен кызмат баасы бир топ кымбат. Аба жолдору аркылуу жүк ташыган фирамалардын бири акыркы айларда буюртмаларынын көлөмү өскөнүн Би-Би-Сиге айтты.

"Жаңы кардарларыбыз пайда болду. Буюртмалардын көлөмү өстү. Карантинден кийин каттамдардын саны ар түрдүү болуп жаткан. Азыр кадимкидей эле иштеп жатабыз. Унаа менен ташыганда ар кандай мыйзамсыз жолдор аркылуу көп товарды алып өтүшөт. Бизде андай жок. Баалары албетте, дайыма эле башка унаа түрүнө караганда кымбат болуп келген", - деди фирманын Руслан аттуу өкүлү.

Кыргызстандын импортунда Кытайдын үлүшү эң жогору. Тамак-аштан темир-тезекке чейин келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын импортунда Кытайдын үлүшү эң жогору. Тамак-аштан темир-тезекке чейин келет

Өкмөт бул суроо премьер-министрдин милдетин аткаруучунун жеке көзөмөлүндө дейт. Өткөн аптада Кытай элчиси менен жолугушуу да болуптур. Бирок азырынча жыйынтык жок. Тышкы иштер министрлиги Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүү менен чектелген. Чек аралар расмий ачык, эмнеге жүктөр өтө албай жатканы ишкерлерге түшүнүксүз болуп келди. Бирок бизнес уюмдарга мамлекеттик органдар Кытай Кыргызстандагы компанияларын коргоону талап кылып жатканын айтышкан.

"Кытайлык инвесторлорду сактоо жана коронавируска байланыштуу эрежелерди аткаруу боюнча Кыргызстанга талаптар коюлуптур. Ала-Букада бир компания өрттөлүп кетти. Нарында инвесторлорду кубалап чыгышкан. Кара-Балтада мунай заводун иштетпей коюшту. Ошолордон улам болсо керек, аны эч ким айта албай жатат. Бирок бизнеске, өндүрүшкө чоң залакасын тийгизип жатат ", - деди "Легпром" ассоциациясынын башчысы Сапар Асанов.

Кыргызстандын импортунун басымдуусу Кытайга туура келет. Анын жалпы импорттогу улүшү дээрлик 40%га жакын. Мисалы, Орусиядан келген товарлардын үлүшү 25% тегерегинде. Ал жактан кыргыз экономикасынын локомотивдери жеңил өнөр жайга керектүү топшу-шурудан тарта, курулуш материалдары, кийим-кече, азык-түлүк, темир-тезекке чейин келет.

Чек ара

Кытай менен чек арадан товардын кириши кыйындагандан бери көп тармакта чийки зат тартыш.

"Айрым болжолдуу маалыматтар боюнча "Эркештамда" эки млрд долларлык товар турат. Биздин мүчөлөрүбүз өкмөткө ушул чек ара маселесин чечип бергиле, салыктан убактылуу бошоткула деп жатышат. Болбосо, бир топ ишкерлер ишканаларын "тоңдурган" соң капиталдарын акырындан сыртка алып чыгып кетип жатышат", - деди Бизнес ассоциациялар альянсынын катчылык башчысы Искендер Шаршеев.

Өкмөт бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнө Кытай сүйлөшүп маселени чечкени жатышканын айтканына бир айдан ашты. Бирок ишкерлер ал ордунан жылган жок дешет. "Дордойдо" иштегендер өкмөт алдына митингге да чыгышкан. Алар жарым жылдап товарын албай, акчаларынын баары жүгүртүлбөй токтоп калганын, товарлардын сезону өтүп кеткенин айтышкан эле.