Курманкул Зулушев: "Саясий куугунтук болбойт"

Published

Баш прокурор болуп дайындалган Курманкул Зулушев бүгүн өзүнүн биринчи басма сөз жыйынын өткөрдү. Андагы эң урунттуу учурлар - саясий негизде куугунтук болбойт, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт деген билдирүүлөр болду. Ошондой эле баш прокурор баштан аяк мамлекеттик тилде сүйлөп, орус тилинде таптакыр сүйлөгөн жок.

Парламенттик шайлоодон чыккан массалык тополоң, бийлик алмашуудан кийин легитимдүүлүк жолуна кайтып жаткан өлкөдө жаңы дайындалган баш прокурор өзүнүн саясатынын негизги багыттарын жана планын жарыялады. Курманкул Зулушев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, жарандардын укуктарын коргоо, жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, коронавируска каршы күрөшкө бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жумшалганын, бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу сарпталышын текшерүүгө алууга орчундуу көңүл буруларын айта кетти. Мамлекеттик органдардагы коррупциянын бетин ачуу боюнча текшерүү иштери башталганын да билдирди.

Саясий туткундар акталат

Адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселеге да токтолуп, мындай фактыларга катуу чараларды көрүш керек деп айтты:

"Эч ким саясий куугунтукка алынбайт. Эгер күнөөсү далилденбесе, толук акталат, прокуратура органдары буга тоскоол болбойт".

Саясий себептер менен ак жеринен кармалып, соттолуп кеткен жарандарды боштондукка чыгаруу жөнүндө тапшырма бергенин буга чейин президент милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзү дагы Би-Би-Сиге билдирген эле. Анда миңден ашык адам жөнүндө айтылган эле.

"Бир дагы адам"

Кыргызстанда октябрда болгон шайлоонун чырга айланышы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларынын көп болгонунан чыккан. Бирок добуш сатып алуу боюнча ондогон учурлар кылмыштардын бирдиктүү рээстрине катталган менен бир дагы адам жоопкерчиликке тартылбады. Көптөгөн иштердин тергөөсү создугуп, убагында каралбай калып кетти.

"4-октябрда добуштарды сатуу боюнча эртең мененки сегизден баштап кечке чейин толгон-токой видео фактылар көрсөтүлдү. Ошонун баары БШКга, Башкы прокуратурага, ИИМге берилди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирөө жарым жоопкерчиликке тартылганын укканым жок",-дейт журналист Айнура.

Тергөө функциясын прокуратурадан алып коюшканы белгилүү, бирок тергөөнүн көзөмөлү деген бар, ал дагы тийиштүү деңгээлде болгон жок. Добуш сатып алуу фактысы боюнча беш кылмыш иши сотко ашканы бүгүн гана белгилүү болду.

Нарын районундагы добуш сатып алуунун кашкайган фактысы турса, аны ары чоюп, бери чоюп создуктурганы үчүн БШК ИИМдин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо жөнүндө маселе көтөрүшкө туура келди. Ошол убакта Башкы прокуратура унчукпай четте турду.

Эзели бүтпөгөн экстрадиция

"Ысык-Көл инвест" банкынын иши боюнча эл аралык издөө жарыяланып, он жылга соттолгон, кийин Польшадан кармалган Райкүл Жапарованын экстрадициясы дагы коомчулук кулак түргөн маселе. Ал премьер-министрдин бир тууганы. Башкы прокурор аны экстрадиция кылып алып келүү жөнүндө Польшага кайрылуу жиберилип, жооп күтүлүп жатканын айтты.

Ошол эле убакта көп кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылган мурдакы президент К. Бакиев менен анын бир тууганы Жаныш Бакиев, уулу Максим Бакиев, мурунку премьер-министр Д. Үсөнов жана башкаларды алып келүү боюнча кыргыз бийлигинин көп жылдык аракети ишке ашкан жок. Максим Бакиевди экстрадиция кылуудан Лондон баш тартты, К. Бакиев менен Д. Үсөновду кайтарып берүүгө Беларус көнгөн жок, алар президент Лукашенконун колдоосу астында ошол өлкөдө бизнес кылып, кенен-кесир жыргап жүрүшөт. Жаңы баш прокурор аларды дагы алып келүү боюнча аракет улантылат деди, бирок буга өлкөдө эчак эч ким ишенбей калган. (КС)