You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тайгак саясат жолундагы Кыргызстан
Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карабай кайтарып берди. Арыздануу мөөнөтү өтүп кетти деген негизде каралбай калды. Ошону менен БШК 20-декабрга дайындаган парламенттик шайлоонун тагдыры дале бүдөмүк бойдон. Ал ортодо 10-январга дайындалган президенттик шайлоого карата талапкерлер көрсөтүлө баштады.
Парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган чечимди БШК 20-октябрда чыгарган. Ал эми 24-октябрда Бишкектин административдик соту "Актив" партиясы менен "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын арызын карап, БШКнын шайлоону дайындаган чечимин жараксыз деп тааныган. БШК бул чечимди талашып биринчи жолу берген арызы да сотто каралган эмес. Экинчиси болсо мөөнөтү өтүп кетти деп каралбай калды. Ошентип, парламенттик шайлоого даярдык көрүү процесси дээрлик токтоду десек болот.
Жогорку Кеңеш парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн жазга жылдырган чечим кабыл алган. Буга каршы болгон саясий партиялар "Үмүт" кыймылына биригип, шайлоону БШК дайындаган мөөнөттө өткөрүүнү талап кылышууда. Бул кыймылга кирген "Реформа" партиясы Жогорку Кеңештин чечим легитимдүү эмес деп талашып, Конституциялык палатага кайрылганын анын лидери Клара Сооронкулова билдирген. Бирок анын качан каралары белгисиз.
Президенттикке талапкерлер
Ал ортодо президенттик шайлоого даярдык өзүнүн календардык графигине ылайык жүрүп жатат. 14-ноябрь менен талапкерлерди жылдыруу мөөнөтү бүтөт. 10-декабрда талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктап, үгүт өнөктүгү башталат. Шайлоо 10-январга дайындалган.
Президенттик шайлоого катышарын азыркы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирген. Бирок президенттин милдетин аткаруучу баш мыйзам боюнча президенттикке талапкерлигин кое албайт. Ошол себептүү ал отставкага кетип, бул милдетти же ЖК төрагасына же биринчи вице-премьер-министрге өткөрүп бериши мүмкүн деп жатышат. Бирок мунун укуктук жагы жана мөөнөтү да сакталбай жатат деген билдирүүлөр болууда.
"Канат Исаев укуктук жагынан да, моралдык жагынан да, Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго укугу жок. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышы керек. Ошондо анын ордуна башка бирөө шайланат. Ал өз кезегинде Конституциянын алкагында президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Ошондо Садыр Жапаровго президенттикке өзүнүн талапкерлигин койгонго жол ачылат,"- деди БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев.
Президенттикке талапкерлигин коерун бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Ал мурунку шайлоого да катышып, экинчи болуп калган.
Президенттик шайлоого катышуулардын катары калың болот деген пикирлер айтылууда. Шайлоого катышары ыктымал саясатчылардын арасынан мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов, БУУнун Афганистандагы миссиясынын мурдакы башчысы Талаат Масадыков аталууда.
Кезектеги конституциялык реформа
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн шайлоо чырга айланып, тополоң чыгып, президент менен өкмөт отставкага кетип, шайлоонун жыйынтыгы жараксыз болуп жарыяланды. Эми алдыда биринчи президенттик мөөнөтүн мурда шайлоо, андан кийин парламенттик кайра шайлоо өткөрүү керек.
Бирок бийликке келген саясий күчтөр парламентти шайлоодон мурда конституциялык реформа жүргүзүп алууга умтулуп жаткан убагы. Алардын жүйөсүндө, антпесе кийинки шайлоо дагы кайра эле чыр-чатак менен бүтөт.
"Үмүт" саясий кыймылына бириккен партиялар өз кезегинде Жогорку Кеңештин бул курамынын мөөнөтү 28-октябрда эле бүттү, андан кийин анын чечимдеринин баары легитимдүү эмес деп каршы чыгууда.
Ошентип, соңку окуялар октябрдын башында саясий кризиске кептелген Кыргызстан дагы эле укуктун нугуна толук түшө албай жатканын көрсөтөт. Жаңы келген өкмөт баары мыйзамдуу жол менен чечилет деп билдирип жатканына карабастан, анын чечимдеринин легитимдүүлүгү боюнча көп суроолор чыгууда. (КС)