Премьер менен УКМКнын төрагасын кызматтан алуу тууралуу жарлык

Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Опумбаев Орозбек кызматтан бошотулушту.
Буга чейин Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. Президент өзү дагы "өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын" деп билдирген.
Төрт күндөн бери баш калаа Бишкекте митингдер уланууда. Парламент болсо жетиштүү санда чогула албай жатат. Жаштар президентке импичмент жана люстрацияны талап кылууда.
Бүгүн "Ресупблика", "Бир бол", Ата-Мекен", "Реформа" саясий партиялары биригип, "Акыркы үмүт" деген саясий биримдик түзгөнүн жарыялады. Алар белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштап жатат.
Ал ортодо Ички иштер министрлиги Курсан Асанов менен иштешпей турганын билдирди. Өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Курсан Асанов милициянын ишин көзөмөлдөй турганын айтып, өзүн "эл шайлаган министр" атап, кечээ күнү өкмөт үйүнүн алдында милицияны катарга тизген эле.
Мурдагы министр Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз. Анын эки орун басары дагы жумушка чыкпай жатканы айтылган. Ошондой эле УКМК төрагасы дагы жумушка чыкпай жаткан. Анын милдетин орун басары аткарып жатканы айтылган эле. Би-Би-Сиге берген маегинде Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү абалды стабилдүүлүккө алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирип, коопсуздук тармагын тескеп жатканын айткан.
Өлкөнүн жер-жерлеринде айрым саясий топтор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн өз алдынча алмаштырып жиберген учурлар болду. Көп жерлерде жетекчиси өз арызы менен кетсе, милдетин орун басарына берип, мыйзамсыз алмаштырууларга жол бербөө аракети көрүлүүдө.
Ички иштер министрлиги Курсан Асанов менен иштешпей турганын билдирди. Өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Курсан Асанов милициянын ишин көзөмөлдөй турганын айтып, өзүн "эл шайлаган министр" атап, кечээ күнү өкмөт үйүнүн алдында милицияны катарга тизген эле.


































