Сооронбай Жээнбеков: Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын

Президент Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Published

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкөнү мыйзам талаасына кайтарып келүү боюнча тийиштүү иштер жасалгандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кете турганын билдирди.

"Жаңы Премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл.

Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

Урматтуу мекендештерим, Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм.

Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын",-деп айтылат президенттин кайрылуусунда.