Админстративдик ресурс, добуш сатып алуу жана эки анжы ойдогу шайлоочулар

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Он күндөн кийин Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Бирок соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй шайлоочулардын 51% кайсы партияга добуш берери тууралуу бир чечимге келе элек.

Коронавирустун экинчи толкуну болот деген чочулоолорго карабай, шайлоого баару ниетин 77% респондент билдирген.

Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу жана шайлоо дарегин өзгөртүү бул шайлоонун негизги тобокелчиликтери болуп жатат.

"Биздин университеттеги мугалим, лаборанттар жашаган жерин жазып беришсин, "Биримдикти" шайлагыла деп жатышат. Бүгүн ушундай көрсөтмө келип, тизме толтуруп атабыз",- деди Бишкектеги ЖОЖдордун биринде иштеген Айнура.

"Общее дело" фондусу бүгүн кезектеги сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 53% шайлоодо админстративдик ресурс колдонулушу мүмкүн деп эсептейт.

Респонденттердин 37% шайлоого карата аларга акча сунушталганын ачык айтышкан. Дагы 17% партиялардан шайлоо дарегин алмаштыруу сунушу түшкөнүн билдирген.

Быйыл "Форма -2" арызы менен дээрлик жарым миллион шайлоочу добуш бергени жатышат. Бүгүн үч саясий партия: "Реформа", "Чоң Казат" жана "Бүтүн Кыргызстан" шайлоодогу бул тобокелчиликтер боюнча бирдиктүү билдирүү жасашты.

"Добуш берүү жерин жарым миллион шайлоочу которуп жатат, Бул Бакиевдин убагындагы "карусельге" эле алып келбейби? БШКнын төрайымы ошого кепилдик бере алабы? Айырм партиялар шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөсүн эмитен алып кетип, коркута башташыптыр элди. Алар биз силер кантип шайлаганыңарды билебиз деп жатышыптыр. Шайлоону адилет өткөзбөсөнөр аягы чатак болчудай болуп атат ",-деди "Реформа" өкүлү Акжолтой Тукунов бүгүн өткөн басма сөз жыйынында.

Кыргызстанда үгут өнөктүгү кийинки аптада жыйынтыкталат. Бирок ага карабастан шайлоочулардын жарымы кайсы партия үчүн добушун берерин билбей турушат.

"Шайлоого бара жаткан партиялардын көбү эски партиялар болуп жатат. Алтынчы чакырылыштагы 87 депутат кайра эле талапкер болууда. Бирок ал депутаттар беш жыл отуруп эмне кылды? Эл кимге ишенерин билбей калды. Азыр кимди тандайбыз деген суроо турат. Азыр жаңы партиялар да келип жатат, бирок алардын да масштабы жетпей жатат. Идеялары күчтүү эмес, программалары чала-була. Эскилерге ишенич жок, жаңыларынын мүмкүнчүлүгү жок болуп атат. Дебаттардын сапаты да төмөн болуп жатпайбы"- дейт коомдук ишмер Максат Чакиев.

Быйылкы шайлоого үгүт пандемия шартында өтүп, өлкө коронавирустун экинчи толкуну орун алат деп чочулап турат. Партиялар жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүп, санитардык талаптар көп убакта көңүл сыртында калууда. Мындам улам, азыркы кенебестик октябрь-ноябрьга барып оорунун кайра баш көтөрүшүнө алып келет деген чочулоо бар.

Шайлоодон кийин социалдык толкундоолор орун ала турган болсо, коронавирустун шылтоосу менен бийлик кайрадан катаал карантин чараларына барышы мүмкүндүгү да айтылууда.