You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстандын" талапкери шайлоодон четтетилди
Эскертүү: видеодо зомбулук көрүнүштөрү бар
Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы мушташка байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтеттүү чечимин кабыл алды.
Бирок партиялардын жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе колдоо тапкан жок, деди БШК өкүлү Атыр Абдракматова.
Шайлоодон четтетилген талапкерлер "Биримдик" партиясынын тизмесинде 74-орунда турган Шүкүрулло Файзуллаев менен "Мекеним Кыргызстандын" тизмесинде 33-орунда турган Илхом Маннанов.
Апта башында Оштун Араван районунда "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүтү маалындагы мушташтын видеосу тараган. Кийин Ош облустук Ички иштер башкармалыгы 12 киши ооруканага түшкөнүн, алты киши мушташка байланыштуу сурак берип жатканын кабарлаган эле.
Аравандагы мушташ райондук милиция жетекчисин кызматтан кетирди
Мушташ тууралуу видео коомчулукка тарап кеткенден кийин премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган эле.
Боронов окуяга катыштыгы бар кишилер өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керек деп билдирген. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартылат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын, райондук милиция жетекчилери кызматынан алынганын кабарлаган.
"Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту",-деп кабарлады ИИМдин басма сөз кызматы.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги С. Исмаилов жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. Үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга ички иштер министрлиги мыйзамдын негизинде кескин катуу чараларды көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө кимде ким атайылап коомдук тартипти бузууга, мушташка, баш аламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз",-деди ИИМ.
Бул окуяда аты аталган "Мекеним Кыргызстан" партиясы талапкери жолугушу өткөрүп жатканда чагымчыл топ чатак чыгарганын билдирип чыкты. Бирок алар кимдер экени партия билдирүүсүндө ачык айтылган эмес.
"20-сентябрда биздин партиянын талапкери Илхом Маннанов Араванда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда күтүүсүздөн чагымчылар аралашып, жолугушуу үзгүлтүккө учураган. Чагымчылардын тобу капыстан эле биздин партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып кирген. Натыйжада биздин тарапкерлердин арасынан бир канча киши жапа чегип, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алардын бири азыр оор абалда Ош облустук ооруканасынын реанимиация бөлүмүндө жатат. Бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады. Социалдык тармактарда да дароо биздин партиянын атынан маалымат тараткан фейктер пайда болду. Бирок окуя болгон учурда тартылып калган видеолордон аны кимдер баштаганын жана чынында эмне болгонун так, таасын көрүүгө болот",-деп айтылат "Мекеним Кыргызстан" партиясынын билдирүүсүндө.
Айрымдар "Биримдик" партиясы менен "Мекеним Кыргызстандын" тарапташтары ортосунда чыр чыкты деп жазууда. "Биримдик" партиясы дагы чагым кылгандар кимдер болсо дагы мыйзам алдында жооп бериши керектигин белгилеген.
Бийлик менен акчанын тирешиби?
"Араванда болуп өткөн окуянын жагдайлары түшүнүксүз болуп атат. Себеби, чагымчылдар чындап "Биримдиктен" болсо эмнеге, алар кепкасын кийип келет эле...ошондой нерселерди да түшүнбөйбү деген суроолор болуп жатат. Ал жерде жаш балдар, аялдар болгону коркунучтуу болду. Бул район көп улуттуу район экени менен да кооптуу. Партия башчылары ачык уруш-талашка барбагандан кийин муну жөн гана жергиликтүү гана топтордун урушу деп бааласак болот. Партиялар ортосундагы жогорку деңгээлдеги тиреш деп айтуу али эрте",- деди "Үмүт- 2020" кыймылынын өкүлү Перизат Саитбуркан.
Шайлоого бара жаткан "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партияларына бийликчил күчтөр топтолуп, шайлоодон кийин бул үчилтик парламентте көпчүлүк коалицияны курары болжонуп келди.
Бирок үгүт өнөктүгү кызыган сайын, бийликчил делген эки негизги партия арасында атаандаштык күчөгөнү айтылып жатат.
"Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" көп эле жерде ушинтип атаандашып башташты. Аравандагы атаандашуу кызыл-чеке мушташка чейин жетти. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, башка партиялар ортосундагы дагы ушундай көрүнүштөр болуп атат, бирок алардын көпчүлүгү элге жарыяланбай, сүйлөшүүлөр менен аяктап жатат. Бирок "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" ортосунда көбүрөөк, олуттуурак тирешүү бар окшойт"- дейт "Бир Бол" партиясынын өкүлү Шаирбек Маматокторов.
Коомдук сайттарда "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдиктин" үгүтчүлөрү ортосунда көмүскө күрөш жүрүп жатканы, буга чейин "Мекеним Кыргызстандын" үгүтчүлөрү бир нече жолу ур-токмокко кабылганы да айтылып жатат. Бирок андай окуялар расмий ырасталганы жок.
Үгүт өнөктүгү ортолоп, өлкөдө саясий талаш-талкуу күчөй баштады. Шайлоочулардын саны жана добуш берүүдөгү активдүүлүгү боюнча түштүк облустарда дайым алдыда келет.
Андыктан Аравандагы мушташ бийликтүү партия менен акчалуу партиянын тиреши катары да мүнөздөлүп жатат.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев, бул окуянын себептерин алдын ала жоромолдобой, тийиштүү органдардын териштирүү жыйынтыгын күтүү абзел, дейт.
"Бул эми эмнеден кабар берет? Шайлоо алдындагы саясий конкуренциядан кабар берип жатат. Аравандагы окуя жергиликтүү эле маселе. Балким, криминалдар да киришип кеткен чыгар. Муну укук коргоо органдары иликтеп, күнөлүүлөрдү сөзсүз түрдө жазалаш керек. Азыр жыйынтык чыгарбай күтө туруш керек".
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.