You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
БШК: Дастан Жумабековду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдракматова "Д. Жумабеков жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергенин төрагалык макамынан пайдаланып жарнама кылуу менен шайлоо мыйзамдарынын эки беренесин бузду" деп айтып чыкты.
Бул маселени кароону БШКга сунуштап, "Кыргызстан" саясий партиясынын жоопкерчилигин кароо жана партияны же талапкерди каттоодон чыгаруу сунушун берген.
Бирок БШКнын бүгүнкү отурумунун күн тартибине бул маселе кирген жок. "Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бул маселени иликтеп чыгуу керектигин айтышты",-дейт А.Абдракматова. Жумушчу топ карап чыккандан кийин мыйзам бузуу боюнча күмөндүү жагдайлар болсо анан БШК мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилмекчи.
Кечээ күнү коомдук сайттарга ЖК төрөгасы Дастан Жумабеков Таласка иш сапары маалында жаңы төрөгөн жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат жарыяланган. Бул каражатты төрага өзүнүн атынан берген деп айтылды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы ооруканада болгонун" кабарлаган. Атыр Абдракматова "төраганы административдик ресурс колдонуп жана үгүт иштеринде партиялардын тең укуктуулугун сактабай, ЖКнын маалымат кызматын жеке пиарга колдонду" деп айтып чыкты.
"Кыргызстан" партиясы төрөлгөн балага сүйүнчү акча 50 миң сом болот деген мурунку шайлоодо эле жар салган. Бул жолу дагы ошол убадасын кайра алып чыккан эле.