Сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын арызын канааттандырды

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды.
Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Имараттын алдында партияны колдоп келгендер митинг өткөрүүдө.
Дүйшөмбү күнкү соттун жүрүшүндө күбө катары БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова көрсөтмө берген. Кийин сотко кошумча күбөлөрдү чакыруу тууралуу өтүнүч болуп, ишти кароо шаршембиге жылдырылган эле.
"Биздин партия үчүн ар бир саат кымбат болуп турганда, сот ишинин артка жылышы туура эмес болуп калды",- деген эле партия лидери А.Мадумаров.
Алдыдагы шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" белгилүү саясатчыларды жана партияларды катарына кошуп аттанган болчу. Кийин партиянын тизмесинен чыр чыгып, БШК аны талашкандар өздөрү соттошуп чечсин деп тыянак кылган. Ага карабай шайлоого каттоонун акыркы күнү партияны шайлоодон четтетип салды. БШК талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп, "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттаган эмес. Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова башында "Бүтүн Кыргызстан" боюнча чечим башкача болгонун, кийин долбоорду өзгөртүп салышканын айтып чыккан. Партия мүчөлөрү муну "саясий чечим болду" деп сынга алган.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы өзүн бийликке келишкис оппозиция атап келүүдө. Анын лидери А.Мадумаров буга чейинки шайлоодо дагы партиянын жеңиши уурдалганын айтып жүрөт.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышууга учурда 15 партияга уруксат берилди. (AbA)





























