You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан: коронавирустун экинчи толкуну канчалык кооптуу
Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну тууралуу адистер коңгуроо кагууда. Вируска кабылган кишилер кайра ооруйбу? Эгер ооруй электерге гана вирус жукса, өлкөдө чынында канча киши вируска кабылды? Ушундай суроолорго так жооп боло элек.
Кыргызстанда вирустун жайылуусу басаңдап баратат. Акыркы суткада өлүм катталган жок. Чектөөлөр алынып, Бишкекте унаалар дем алыш күндөрү да иштей баштайт. Кафе-ресторандар, дүкөндөр түн жарымга чейин ачык болот.
"Тез жардамдын" маалыматына ылайык, пневмония менен лабораториялык тастыкталган коронавирустун бир суткадагы катталуусу Бишкекте 20нын тегерегинде болду.
Саламаттык сактоо министрлиги да акыркы аптадагы катталуу бир апта мурункуга салыштырганда 40 пайызга төмөндөгөнүн билдирди. Министрлик ошол эле учурда вирус дале жайылып жатканын эстен чыгарбай, коопсуздук чараларын көрүүнү улантуу керек дейт.
Расмийлер экинчи толкун болоорун айтып жатышат. Ал ортодо мурда ооругандар кайра ооруп, дене табы көтөрүлгөнү тууралуу айткандар бар. Айрымдары аны коронавирустан толук айыкпай, өтүшүп кеткен деп баалашууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев вирустан айыгып, кайра ооруп жаткандар башка илдетке кабылган деп ойлойт.
Коронавирус жалпы иммунитетти төмөндөткөндүктөн, бактериялдык же башка инфекцияларга туш келиши мүмкүн. Организм сасык тумоого, ангинага, кулак же мурун ооруларына тез кабылат. Башкы пульмонолог вируска бир жолу кабылган адам жакын арада кайра ооруп калбайт деп жатат:
"Ал адамдын иммунитети болот жана жок дегенде жылдын аягына чейин кайра ооруп калбайт, бул так. Ооруса башка бактериялдык инфекциялар, респиратордук инфекциялар менен оорушу мүмкүн. Инфекцияларга тиешелүү жалпы мыйзамченемдүүлүк бар. Адамдын организми кайсы бир инфекцияга бир жолу кабылгандан кийин ага иммундук жооп болот. Бизде тубаса жана кийин пайда болгон иммунитет бар, экөө тең иштейт. Иммунитет такыр болбойт деген туура эмес".
Республикалык инфекциялык көзөмөл боюнча илимий-практикалык борбордун эпидемиологу Алексей Кравцов эпидемияны экинчи, үчүнчү толкун деп атоонун өзү туура эмес экенин айтты. Ал вирустук инфекция вакцина табылмайын дайыма күчөп кайра басаңдап турат дейт.
Эгер күздө коронавирус кайра жайылса ага кимдер туш болот? Чынында калктын канча пайызы ооруду?
Эксперттердин басымдуусу алдыда вирус ооруй электерге жугат деген пикирде. Азыркы расмий сандарга ылайык ооругандар элдин бир пайызын да түзбөйт.
Медицина тармагындагы адистердин бири Бермет Барыктабасова күздө вируска туш боло электер кабылат деп ойлойт. Ал ошондой эле күздө бир адам коронавируска да, респиратордук башка инфекцияларга да кабылып, кыйналып калышы мүмкүн экенин белгилеп жатат.
"Ооругандар боюнча Кыргызстанда түрдүү сандар айтылып жатат. Элдин жетимиш пайызы ооруду деген божомолдор бар, андай болсо жакшы болмок. Улуттук статистикалык комитет үй-бүлөлөрдөн сурап, оңой эле сурамжылоо жүргүзүп, болжолдуу көрүнүштү бере алмак. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына караганда экинчи толкун биринчидей болбойт. Анткени аздыр-көптүр өлкөдө даярдык көрүлдү. Болгону адамдар бир учурда ооруп калбай, айларга бөлүнүп турса чоң коркунуч жаралбайт", - дейт Барыктабасова.
Кыргызстандык адистер азыр реабелитацияга көңүл бурууда. Ооруп айыккандар иммунитетти чыңдоонун аракетин көрүш керек дешүүдө. Бул боюнча Кыргызстан эл аралык институттар менен кызматташып калыбына келтирүү программасын даярдап жатат.