Коронавирусту дарылоо жобосу өзгөрөт, жаңы ооруканалардын күмөндүү курулушу

Published

Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун төртүнчү жобосу иштелүүдө. Өкмөт убада кылган Ош менен Бишкектеги 100 орундуу бейтапканалардын курулушу башталбай жатканы тууралуу маалыматтар коомдук тармактарга тарады. Ал ортодо "Семетей" стационары убактылуу жабылды.

Коомдук тармактарда Бишкек менен Оштогу 100 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу башталган жок деген маалымат тарады.

Айрым колдонуучулар оорукана салууга каражаты да, долбоору да азырынча жок экенин, пайдубалын бүтүрүү менен токтоп калганын жазды.

Бирок өкмөт өкүлдөрү курулуш уланып жатканын айтууда. Буга чейин расмий маалыматта имараттын долбоору, документтери, көзөмөл иштери курулуш менен катар жүрө берери айтылган.

Ага бөлүнө турган акча каражаты боюнча да абал ошондой. Каражат улам кошулуп турат, азырынча бюджети канча экени белгисиз.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эки жаңы оорукана бир айда бүтөөрүн билдирген. Алардын пайдубалы 25-июлда курула баштаган. Бишкектегисине президент Сооронбай Жээнбеков, Оштогусуна өкмөт башчы Кубатбек Боронов капсула салган.

Курулуш иштери өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба агенттигине тапшырылган.

"Жерди казуу иштери жүрүп жатат. Керектүү металл конструкциялар заводдордо жасалууда. Бул Кыргызстанда биринчи жолу болгондуктан эксперименталдык деп эсептелет. Коопсуздук эрежелери эске алынып, жеңил конструкциядан салынат. Бишкекте 100, Ошто 100, Нарында 70 орундуу оорукана түшөт", - деди агенттиктин департамент башчысы Адилет Абдыкадыров.

Бийлик баштаган бул иштин жакында ишке ашаарына ишенбегендер менен катар жарыяланган курулуш чоң эместигин айткандар чыгууда.

Өткөн аптада Бишкектин четиндеги "Семетей" стационары жабылды. Башкача айтканда бейтаптарды кабыл алуу убактылуу токтоду. Ал жерде 1300 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасы курулары айтылып келип, Кубатбек Боронов ал ооруканага айландырылганын билдирди.

Бирок кантип ооруканага айланып калганы, шарттары кандай экени белгисиз.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аталган обсервация жабык учурда бардык даярдыктар көрүлмөкчү.

"Чынын айтканда жылытуу системасы бар жогун билбейм. Бирок акыркы бейтап өткөн жумада эле чыкты. Эми сасык тумоо сезонуна даярдоо иштери жүрөт", - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну же дагы күч алышына камылга көрүү аракеттери жүрүүдө.

Айрым прогноздорго ылайык, оору кайрадан октбярда, ноябрда күч алышы ыктымал. Күз-кыш мезгилиндеги сасык тумоо сезонунда коронавируска чалдыгуу оор болоорун расмийлер өздөрү да айтып жатат.

Ал тапта Кыргызстанда Covid-19 вирусун дарылоо оюнча №4 жобо иштелип жатат. Акыркы жолу июлдун соңунда №3 дарылоо жобосуна өзгөртүү киргизилген. Анда негизинен реанимациялык жардам жана жасалма, кошумча дем алдыруу боюнча сунуштар камтылган эле.

Орусиялык дарыгер Лилия Козырева Кыргызстандын №4 клиникалык жобосунун талкуусуна катышканын айтты.

"Covid-19 вирусун дарылоонун жаңы жобосун чогуу талкууладык. Анткени жаңы дарылар, дарылоонун жаңы ыкмалары чыгып жатат", - деген орусиялык дарыгердин айтымында жаңы жободо мурункусуна салыштырмалуу реанимациялык жана дем алдыруу жардамын көрсөтүүдө өзгөрүү болот.

Дарылоо жобосун түзгөн топтун мүчөсү профессор Нурлан Биримкуловдун айтымында, жаңы жобо боюнча азыр кызуу талкуу жүрүп жатат:

"Жобонун жаңы версиясы азыр талкууланып жатат. Жакынкы аралыкта, балким ушул аптада чыгат. Ага орусиялык кесиптештер да катышты".

Буга чейин далилдөө медицинасы боюнча эксперт катары дарылоо жобосун түзүү тобуна кирген Бермет Барыктабасова орусиялык дарыгерлерди жобону иштеп чыгууга аралаштырбайбыз деген. Ал кайсы бир фармкомпаниянын кызыкчылыгы менен келген дарыгерлер өз дарысын кошуу үчүн клиникалык жобого кошууга аракет кылып жатканын айткан.