You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор 29% азайтылды
Каза болгондорду кайрадан эсептөө боюнча түзүлгөн комиссия коронавирустан каза болгондордун санын 29%га азайтты. Башкача айтканда 437 киши бул вирустан эмес башка илдетинен кайтыш болгон деген бүтүмгө келишти.
Каза тапкандар ошентип 18-июлга 1489 киши болсо, 1053 болуп калды.
437 учурдун 358 же 82% жүрөктүн коронардык оорусунан, 24 учур курч миокард, 13 учур мээдеги кан айлануунун курч бузулуусу, 10 учур бөйрөктүн курч жетишсиздиги жана 32 учур башка себептердин жыйынтыгы деп айтылды.
Республикалык штаб эл аралык эсептөө ыкмалары колдонулганын билдирди. Маалыматка ылайык, Испания менен Британияда ушундай эсептөөлөрдөн кийин өлүм саны кыскартылган экен.
Ошентип, Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы жуктургандарга катышы 3,5% болуп жатса, эми 2,4% болуп калды. Бир миллион адамга 162 өлүм туура келет.
"Жаш куракка карата 60-70 жаштагылар жалпы өлүмдүн 41,3% түздү. 70 жаштан жогоркулар арасында 19,9% өлүм катталды", - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Саламаттык сактоо министрлиги жылдын жети айындагы бардык оорулардан каза болгондордун санын салыштырганда 2019-жылга караганда айырма жок экенин айтты. 2019-жылы жети айда 19346 киши кайтыш болсо, 2020-жылы жети айда 18799 өлүм катталды.
Республикалык штаб пневмония менен лабораториялык тастыкталган коронавирус боюнча статистиканы бириктиргенде каза болгондор тууралуу сандар бурмаланып калган деди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мисалы, 8 өлүм эки жолу эсептелип калган.
Бирок статистиканын мындай эсептелишине баары эле макул эмес. Далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова министрликтин бул иш-аракетин артка жасалган кадам деп эсептейт.
"Июлга чейин пневмония деп келишти, коронавирустан каза болгондор бирин-экин болуп, пневмониядан күнүнө 15-20дан киши каза болуп жатты,-дейт Барыктабасова. - Патологоанатомдор лобароторияда тастыкталбаган кишилерден анализ алганда коронавирус чыкты. Ошентип эки статистиканы кошушту. Эми аны ар түрдүү органдын ооруларына бөлгөнү жатышат. Бирок ошол органды коронавирус жабыркатты да. Эмнеге статистика азайтылып жатканын түшүнгөн жокмун. Анын максаты эмне? Кандай болгон күндө да мунун себеби саясат, акча болбосо экен. Сандарды манипуляциялоо опурталдуу нерсе".
Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Айбар Султангазиев башка оорудан каза болду дегендердин ичинде ким бар экени кызык дейт. Ал да министрликтин бул кадамы түшүнүксүз экенин айтып, балким, каза болгон медкызматкерлерге убада кылынган бир миллион сомдон компенсацияны үнөмдөө максаты турабы деп шекшип жатат.
"Министрликтин бул жаңылыгы таң калтырды. Тизмеден чыгарылган 400дөн ашык киши Covid-19 менен оорубаса, балким өлмөк эмес. Өнөктөт ооруларын ушул вирус күчөттү. Эгер статистиканы бөлөбүз десе, "коронавирус менен ооруп, бирок тигил же бул илдеттен каза болду" деп экинчи маалыматты элге берип туруш керек. Эмнеге бөлүп жатышканы белгисиз. 437 адамдын ичинен жок дегенде 20 же 10 адам дарыгер болгондо деле бир нече миллион сом үнөмдөлүп жатат", - деди Султангазиев.
Ооруканада каза болбогондорду эске алганда жоготуу азыркыдан алда канча көп деп божомолдогон эксперттер бар. Эпидемиолог Айжан Дооронбекова азыркы сандар кеминде 4-5 эсеге көбөйтүлсө чыныгы абал көрүнөт деп ойлойт.
Министрлик оору жугузуу көрсөткүчү төмөндөгөнүн жарыялады. Эпидемиянын туу чокусу 13-19-июлга туура келгенин айтышты.
Ооруну жуктургандар өлкөдө 42 миң 146 кишиге жетти.