Covid-19: Оксфорд университети менен жасалган изилдөөнү өкмөт карап жатат

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандагы эпидемиянын түрдүү сценарийин божомолдогон изилдөөнү жүргүзгөндөр өкмөткө чакырылганын билдиришти. Алар Оксфорд университети, Covid-19 эпидемиясынын өнүгүшүн моделдөө консорциуму жана башка уюмдар менен бирге жасаган изилдөөгө штаб көңүл бурбаганын айтып келишкен.
Өкмөт өкүлдөрү менен изилдөө жыйынтыктары талкууланмай болгонун изилдөөнү жасагоо катышкан эпидемиолог Айжан Дооронбекова билдирди.
"Бизди акыры кабыл алып жатышат. Биз коронавирустун алдын алуу үчүн чараларды көрүү, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү канчалык маанилүү экенин жеткиргенге аракет кылабыз", - деди Дооронбекова.
Оксфорд университети жана Covid-19 эпидемиясынын өнүгүшүн моделдөө консорциуму башка дагы бир нече уюм менен Кыргызстанда эпидемиянын өнүгүшүн божомолдогон биринчи изилдөөнү апрелде жасаган. Анда алты сценарий түзүлгөн. Пессимисттик сценарийде, эл майда карантинден чыккандан кийин чаралар көрүлбөсө, калктын 82% вирус жуктуруп, медициналык мекемелерге күч келет деп айтылган эле.

Экинчи изилдөө июлда жасалып ал негизинен биринчисин тастыктаган.
- Биринчи сценарийдеги факторлор: колду жуугандан башка чара көрүлбөгөн учур.
- Экинчи сценарийдеги факторлор: колду жуу менен бирге аралыкты сактоо.
- Үчүнчү сценарийдеги факторлор: колду жууп, аралыкты сактап, беткап тагынуу.
- Төртүнчү сценарийдеги факторлор: колду жууп, аралыкты сактап, беткап тагып, вирусу барларды обочолонтуу.
- Бешинчи сценарийдеги факторлор: жогорудагылардын баары менен бирге байланышта болгондорду да обочолонтуу.
- Алтынчы сценарийдеги факторлор: жогорудагыларды аткары, аралыктан иштөө.
Биринчи сценарийге ылайык, калктын 52 пайызы вирус жуктуруп, өлүм саны 6300кө жакындайт деп жазылган. Ал эми гигиенаны, аралыкты сактап, беткап кийип, вирус жуктургандар менен байланыштагыларды бөлүп, аралыктан иштеген алтынчы сценарий боюнча өлүм 4100дөн ашыгыраак болуп, вирусту жуктургандар 37 пайызды түзөт делген.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Изилдөөнүн негизги максаты, эпидемиянын туу чокусун же бүтүшүн аныктоо эмес, тигил же бул коопсуздук чарасы сакталганда абал кандай өзгөрөөрүн түшүнүү.
"Биз ушул нерсени өкмөткө жеткиргибиз келди. Анткени вирус менен күрөшүүдө ушул чаралар натыйжалуу жана эң эле арзан", - деди Дооронбекова.
Изилдөө үчүн вирус тууралуу башка мамлекеттердеги маалыматтар менен Кыргызстандагы статистика колдонулган.
Оптимистик сценарийге ылайык эпидемиянын туу чокусу августка туура келет.
Вирустун басаңдашы коопсуздук чаралары сакталса, декабрда, сакталбаса 2021-жылдын январында болот. Чаралар көрүлбөгөн сценарийге ылайык саламаттык сактоо системасына октябрда эң көп күч келет.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Айжан Дооронбекова азыр элдин жүрүм-турумунда өзгөрүү байкабаганын айтууда.
"Көчөдө беткап тагынгандарды көргөн жокмун. Аралык сакталган жок. Бардык жерде тажыялар көп эл менен өтүп жатат. Адамдар келбей койбосун деп коронавирустан эмес башка себептен өлдү деп маалым кат алышкан учурларды да угуп жатам. Азыр эң негизгиси ушундай чогулууларды токтотуш керек", - дейт Дооронбекова.
Ал ошондой эле изилдөө эки багытта сунуш берип жатканын билдирди. Биринчиси бул коопсуздук чараларынын сакталышы, экинчиси саламаттык сактоо тармагынын даярдыгы.
Эпидемиолог эл карантинде отурган айлар текке кеткенин кошумчалады:
"Карантинде дары-дармек, жабдыктарды алып, медкызматкерлерди окутуп, бейтаптарга орундуктарды ачыш керек болчу. "Карантинден чыгабыз, бирок силер беткап менен гана жүрүшүңөр керек" деп элди даярдаш керек эле. Вирус акырындык менен жайылганда ооруканаларда орун тартыш болбойт эле. Канча адам бейткапканага жата албай кайтыш болуп кетти".
Ал эл менен жетиштүү иш жүргүзүлбөй жатат деп эсептейт.

"Биз эпидемиянын экинчи толкуну болоорун божомолдоп, ошого даярданышыбыз керек. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Беткап тагынууга үйрөтүш керек. Анткени иммунитет болобу, канчага чейин болот, ооруган адамга вирустун башка штамы жугабы деген суроолорго азыр жооп жок. Ошондуктан жок дегенде декабрга чейин өтө абайлап, баардык коопсуздук чараларын сактап турушубуз керек. Коомдук жайларда ар бир киши беткап кийип жүрүш керек, баары аралыкты сакташ керек", - деди Дооронбекова.
Профессорлордон турган топ аталган изилдөөнү мурда карап чыгып, ага ишенүүгө болот деген бүтүм чыгарган. Бирок ага карабай изилдөөгө катышкандарды расмийлер кабыл алышкан эмес.
Изилдөөнү жүргүзгөн Covid-19 эпидемиясынын өнүгүшүн моделдөө консорциумуна дүйнө жүзүнөн математик, эпидемиолог, статисттер, клиникалык фармакологдор жана башка профессор окумуштуулар кирет. Анда КМШ боюнча Кыргызстан гана бар. Консорциум моделдик изилдөөнү түзгөн, ага ар өлкөнүн статистикалык маалыматтары киргизилет. Ошол эле Ухандагы вирустун жайылуусу жана башка өзгөчөлүктөрүн караган.

































