"Эки тараптуу пневмония": Атамбаев ооруканага жаткырылды

Алмазбек Атамбаев

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN

Published

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бир күн мурда Атамбаев өзүн начар сезип жатканын айткандан кийин андан коронавируска ПЦР анализ алышкан. Бирок андан оору чыккан эмес.

"Ошол эле күнү дарыгерлер консилиум өткөрүп, мурунку президентке "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюшту. Дарыгерлер Алмазбек Атамбаевди ооруканага стационардык дарыланууга которуу жөнүндө чечим кабыл алышты",-деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Алардын маалыматы боюнча, соңку аптада Атамбаев адвокаттар жана туугандары менен бир нече ирет жолугуп сүйлөшкөнү айтылууда.

Бул кабардан көп өтпөй эле Атамбаевдин үй-бүлөсү кайрылуу таратып, экс-президентке тергөө абагында атайылап оору жугузушканын айтып чыкты.

"УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана оорулардын алдын алуу иштерин туура эмес аткарганы үчүн Атамбаев оору жугузуп алды",-деп айтылат билдирүүдө.