"11 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат": Атамбаевге сот өкүмү чыкты

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште айыптуу деп табылды.

Сот Атамбаевди 11,2 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууга өкүм чыгарды.

Батукаевдин иши

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылы Нарын шаардык сотунун чечими менен бошотулган. Анын эркиндикке чыгуусуна "айыккыс ооруга чалдыгып, абалы оор" деген дарыгерлердин корутундусу негиз болгон. Батукаев абактан чыгары менен чартердик рейс менен Чеченстанга учуп кеткен. Окуя парламентте кызуу талкууланып, комиссиялар түзүлүп, бирок ал болгону ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акунду иштен алуу менен аяктаган.

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы саналган Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып коюлган. Ал өлүм алдында жатат деп абактан чыгарылып, мекенине учуп кеткенден кийин кыргыз расмийлери Батукаевдин ден-соолугу жакшы экенин, атүгүл жаш кызга үйлөнгөнүн өздөрү айтып чыккан.

Алты жылдан кийин кылмыш ишинин кайра жанданып, тергөөгө күбө катары чакырылган Атамбаев келбей коюп, Кой-Таш окуясы болду.

Кой-Таш боюнча сот иши

Ал ортодо Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө иштин башкы фигуранттарына айып тагыла баштады. Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 кишинин соту жабык өтүүдө.

Соңку сот отурумунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Иринa Карамушкина, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жана КСДПнын төрагасынын мурунку орун басары Кундуз Жолдубаевага оор беренелер менен айып коюлду.

Былтыр 7-8-августта болгон окуялар боюнча Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү", "Адамдын өмүрүнө кол салуу", "Барымтага алуу", "Массалык баш аламандык", "Бейбаштык", "Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук" беренелер боюнча жаза суралып жатат.

"Учурда айып корутундусун угузуп жатышат. Айыптоолордун баары бир өңчөй болуп, ар бир айыпталуучунун ролу өзүнчө бөлүнүп каралбай жатат. Баарына стандартуу, бирдей айыптар коюлду. Адвокаттар ким эмне кылганын, кайсы жерде болгонун такталсын деген талап коюп жатабыз", -деди Ирина Карамушкинанын адвокаты Александр Типеров.

Бардыгы болуп былтыр 7-8-августта орун алган Кой-Тай окуялары боюнча 19 киши айыпталуучу катары өтүүдө, бирок тергөө менен кызматташтыкка барган бешөөнүн иши өзүнчө каралып жатат. Коомдук сайттарда айрым адамдардын ысымдары аталган менен, алар ким бүдөмүк калууда.

"Тергөө менен кызматташкан кишилердин аты аталбай эле. Бул кылмыш иши 84 томдон туруп, анын төрт томунда купуя сыр катылган делген мөөрү бар. Ал адамдардын көрсөтмөлөрү ошол томдо камтылат, аны айтканга менин укугум жок", -деди КСДПнын саясий кеңешнин мурунку мүчөсү Кундуз Жолдубаева.

3-мартта башталган сот бул себептүү жабык өтүп жатат.

Дүйшөмбүдөгү отурумдан кийин Атамбаевдин жансакчысы болуп келген УКМКнын тогузунчу бөлүмүнүн кызматкери Канат Сагымбаевге да тергөө менен кызматташуу сунушу болгону ачыкка чыкты. Сагымбаевге 11 эпизод боюнча айып коюлуп, ал анын бирөөсү менен да макул эместигин билдирүүдө.

Калган шектүүлөр да өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып, бул соттук териштирүү саясий куугунтук экенин айтып келишет.

Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка күчтөп алып келүү биринчи операциясы ишке ашпай, ондогон аскерлер барымтада калып, эки жүздөй киши жараат алып, бир жоокер окко учкан.

"Террористтер көзгө көрүнтпөй зыян келтиришет, ошонусу менен алар коркунучтуу. Ошол кыял, ошол тартип мынаке биздин Кой-Ташта болду да. Элге көрүнбөстөн элге зыян кылып, бийликти басып алуу, так талашуудан ушу келди. Гитлердин бункерине окшотуп жасаганды телевизордон көрдүк, мүшөктөрдү коюп алып ок атуу болду. Эми ошону атпай койсо, менин балам өлбөй калышы мүмкүн эле да"- деген эле буга чейин сот отурумуна катышкан, каза тапкан жоокердин апасы Өктөм Мамаева.

Бул операция башында турган күч орган жетекчилеринин жоопкерчилиги туурасында Кой-Таш окуясын териштирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрү тарабынан буга чейин суроолор көтөрүлгөн.

Бирок жалпы корутундуда Атамбаев өзүнүн кылмыштык иш-аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигинен качып, бийликти күч менен басып алууну, куралдуу каршылык көрсөтүүнү алдын ала пландаган деп айтылат. Отчетто күч органдарынын аны суракка алып келүү аракеттеринде айрым каталыктар жана кемчиликтер бар, бирок мыйзам бузуу болгон эмес делет.

29-июнда Кой-Таш окуялары боюнча Алмазбек Атамбаев баштаган айыпталуучуларга айып корутундусу угулары күтүлүүдө.