Атамбаев абактан үн катты

Published

Камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев үч айдан бери биринчи жолу билдирүүсүн жарыялап, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуядан кийин бийлик тарабынан мыйзамсыз камоолор жана саясий куугунтук болуп жатканын билдирди.

Билдирүүдө 7-августта Кой-Ташта күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам кагылышуулар болуп кеткени жана экс-президентти кыйын кезде колдоп келгендер куугунтукка кабылып жатканы айтылат:

"Өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырууга умтулган өлкөдөгү бийлик бутактары жана жогорку кызмат адамдары бардык нерсени чакчелекей кылышууда. Ак үй мыйзамсыз буйрук берген адамдарды жоопкерчиликтен калкалап, тергөө органдары аркылуу «массалык башаламандыкты уюштургандарды» жазалоону көздөп жатканын жана ошол эле убакта нараазычылык тынч адамдарга ок аткандан кийин, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин үйүнө куралчан адамдар мыйзамсыз басып киргенден кийин гана башталганын атайын «унутуп жатканын» түшүнө баштаган адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө".

Экс-президент Кой-Таштагы окуя боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев баш болгон бир топ адамдын атын атап, алар реалдуу негизи жок туруп, моралдык жана физикалык жактан кысымга алыныш үчүн гана камалганын, алардан керектүү көрсөтмөлөрдү "сыгып алуу" жүрүп жатканын билдирген.

"Тынч жарандардын 7 жана 8-августтагы кыжырдануусунун жана нараазычылыгынын себеби бирөө гана: аларга 7-август күнү кечинде жана 8-август күнү куралдуу кол салуу болуп, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар катуу сабалып, жаракат алганында болду",-деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев "бул иш-аракеттердин баары президент Жээнбеков тарабынан болуп жатат жанан анын бирден-бир максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, көзүн тазалай албагандан кийин аны моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет" деп белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков ноябрь айынын башында журналисттер менен жолугушуу учурунда Кой-Таштагы окуяга өзүнчө баа бербестигин белгилеп, аны иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын тыянагын күтүү керек деп билдирген.

Кой-Таштагы окуяларды иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия өзүнүн корутундусун ушул аптанын аягында жарыялайт деп күтүлүүдө.

Кой-Таштагы окуяны иликтөө комиссиясы августтун аягында өкмөт башчы тарабынан түзүлгөн. Вице-премьер министр Жеңишбек Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, Коргоо кеңешинин өкүлдөрү кирген.

Комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова Кой-Таштагы операцияда мыйзам бузуулар болгон деп тийиштүү кызмат адамдардын да жоопкерчилиги кароону сунуш кылып жатканы белгилүү.

Андан мурда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кеминде беш кылмышка катышы бар деп шектенип, аны 27-июнда экс-президент макамынан ажыраткан. Башкы прокуратура өз кезегинде бул чечимди колдогон корутунду чыгарган. Мурдакы президентти күбө катары суракка чакыруу ошондон кийин башталды.

Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны суракка күч менен алып келүү учурунда ок атылып, тополоң болуп, бир жоокер окко учуп, милициянын начальниги оор жаракат алган, ондогон киши жараланган.

Ага чейин Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча күбө катары тергөөгө эки ирет чакырылып, барбай койгон. Экс-президент азыр кылмыштын башка түрлөрү боюнча шектелип, тергөө абагында отурат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул өтө оор беренелер. (КС)