You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Судья Атамбаевди сот отурумунан чыгарып жиберди
Бишкекте мурунку президент Алмазбек Атамбаевди судья сот залынан чыгарып жиберди. Аны соттук териштирүү бүтмөйүнчө жыйынга катыштырылбайт деген кабар тарады.
Кой-Таш жаңжалы боюнча Биринчи май сотунда болуп жаткан сот жыйынында Атамбаев башка соттолуп жаткандар менен айнек тосмонун артында кошо отуруудан баш тарткан. Анын адвокаты Замир Жоошев "24.kg" агенттигине мурунку президент так ушул иш боюнча ал камакка алынган эместигин, ошондуктан ал тосмо артында болушу керек эмес деп түшүндүрдү.
"Судья Алмазбек Атамбаевди айнек тосмонун артында отурсун деп буйрук берди. Судьянын бул көрсөтмөсү мыйзамсыз деп эсептейм, анткени Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулганы жөнүндөгү иш боюнча камалган. Ал эми бул иш боюнча ал адвокаттары менен бирге эркин отурушу керек эле. Атамбаев ден соолугу жакшы эместигине байланыштуу торго отуруудан баш тартты. Судья аны ошондуктан өкүм чыккыча чыгарып жиберүүнү чечти",-деди юрист.
Ал эми Атамбаевдин партиясынын мурунку басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева судья Марат Сыдыков Атамбаевди сот залынан чыгарып жиберип, анын сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты деп айтууда.
Биринчи май сотунун имаратынын алдында бүгүн бир эле учурда Атамбаевди камоону талап кылгандар менен ага боштондук талап кылгандар митинг өткөрүштү.
Милиция кызматкерлери алардын кагышып кетишине жол бербей, эки жакка бөлүп четке сүрүп салышты.
Мурунку президент азыркы убакта Бишкекте бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Анын экөө боюнча, атап айтканда кылмыш төбөлү Азиз Батукаевдин мыйзмасыз боошотулганы жана Кой-Таш жаңжалы боюнча соттук процесстер өтүп жатат.