Бала бакчалар балдарды кийинки апта кабыл ала баштайт

Бала бакчалар
Published

Кыргызстанда бала бакчалар жумушун баштады. Эки-үч иш күн ичинде кызматкерлери коронавируска тест тапшырып, санитардык даярдыктар көрүлгөндөн кийин балдарды кабыл алат.

Бала бакчаларда күзөтчүдөн тарта бардык кызматкерлер коронавируска тест тапшырууга милдеттүү. Аны ар ким өз районунда акысыз берет.

Балдар жалпы абалы, ден соолугу тууралуу өзүнүн дарыгеринин маалымкаты менен келиш керек. Бир-эки күндөн ашык бакчага барбай, кайра уланткан сайын ушундай маалымкатты алып келип тууруга милдеттүү. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Башкармалык белгилегендей, кызматкерлер тестти эми бере баштады, жыйынтыгы бир суткада толук даяр болот. Маалыматка ылайык, келерки аптанын ортосунан тарта балдарды кабыл алуу башталат.

"Ата-энелер балдардын, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн бала бакчадан кызматкерлердин коронавирус боюнча тесттин жыйынтыгын сураганга акысы бар. Балдарды кабыл алгандан кийин комиссиялар ар бир бала бакчаны текшерет. Санитардык-гигиеналык талаптар аткарылбаса дароо айып пул салынат", - деди Би-Би-Сиге Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова.

Бала бакчалар

Сүрөттүн булагы, ЮНИСЕФ

Ал түзүлгөн комиссиялар баардык бакчаларды текшерип жетишет деп ишендирүүдө. Шаар боюнча 300 чамалуу жеке менчик бакча эшигин ачып жатат. 87 муниципалдык жана 13 ведомстволук бала бакча бар.

Мекемелер балдардын баарын кабыл албайт, ата-энеси иштеген, өтө зарылдарга артыкчылык берилет.

"Бала бакчаларда дагы социалдык аралыкты сактоону тунуштап жатабыз. Мисалы, 300 тарбиялануучусу бар мамлекеттик чоң бакча болсо 30-40ты эле алыш керек. Ошондой эле жеке менчик бала бакчалар да бала санын азайтууга милдеттүү", - деп кошумчалады Чынара Майтикова.

Колду жууп, тазалап турууга шарттар болуш керек. Беткап режими сакталыш керек. Ошондой эле имараттын ичи, тышы нормага ылайык тазаланып туруш керек. Адамдардын кириши болушунча чектелет.

Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринин директору Гүлмира Назаралиева улам жаңы эрежелер акыркы күндөрү талап кылынып жүдөткөнүн белгиледи.

"Бүгүн дагы бизди чогултуп, жыйналыш өткөрүштү. Бирок баарын четинен чечип, бакчабыз камдалды. Азыр кызматкерлер толугу менен коронавируска анализ тапшырганы баратабыз. Ушуну менен балдарды кабыл алууга даяр болобуз", - деди ал Би-Би-Сиге.

Жайлоодогу бала бакча
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайлоодогу бала бакча

Мэриянын маалыматына ылайык, 6 миң чамалуу ата-эненин жумушуна байланыштуу бала бакчага муктаждыгы чоң.

Карантин чаралары бизнестин айрым түрлөрүнө жеңилдетиле баштаганда мектепке чейинки билим берүү мекемелери да иштөөгө уруксаат берүүнү талап кылышкан.

"Биз биринчилерден болуп жумушка чыкканбыз. Бала бакчанын иштешине уруксат берүүнү сурап кол чогултканбыз. Бирок бакча ачылбай, баламды тайэнесине бергем. Азыр көнүп калды деп дагы калтыра туралы дедик. Бирок эми кайсы күнү болсо бакчага алып келе берсек болот", - деди Назира аттуу эне.

Бакчалар жабык учурда айрыкча шаар жериндеги иштеген ата-энелер үчүн оор болду. Азыр көпчүлүк балдарын бакчага алып барууга камданып жатат.

"Вирустан корккон жокмун, бере беребиз. Кызым 2,5 жашта. Карантинде үйдө отурдук, эми өнүгүш керек деп ойлойм. Өзү да бакчасын сагынып калды, эртең менен барамбы деп сурап турат. Үйдө өнүгүүсүнө бакчадагыдай көңүл бура албайсың", - деди Мээрим аттуу эне.

Ошол эле учурда расмийлер өлкөдө, айрыкча, Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарларда коронавирустун жайылуу коркунучу дагы деле бар экенин эскертүүдө. Алар мекемелерди ачуу экономиканы жандантуу үчүн аргасыз чара экенин айтууда.