Сотто Эмилбек Узакбаевге тез жардам чакырылды, камактагы кызы ачкачылык жарыялаганы айтылды

Сүрөттүн булагы, collage
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан резонанстуу соттук жараянда айыпталуучулардын бири, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылды. Ал ортодо анын камактагы кызы ачкачылык жарыялаганы белгилүү болду.
Бүгүн, 11-июнда Биринчи Май райондук сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү айыбы боюнча коомчулукта "75чилердин иши" деп аталган кылмыш ишин кароо уланды.
Сот отуруму учурунда айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин абалы кескин начарлап кеткендиктен, сот имаратына шашылыш түрдө медициналык кызматкерлер чакырылган. Дарыгерлер ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн соң, соттук процесс түштөн кийинки убакытка жылдырылды.
"Бүгүн Узакбаевди тергөө абагынан көтөрүп алып чыгышкан экен. Ден соолугу начар, кан басымы көтөрүлгөн. Узакбаевдин арыз жазып, сот отурумуна келбей койгонго мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок иштин эртерек каралганына Узакбаев да кызыкдар. Сотко келгенде кан басымы 200го чейин көтөрүлүп кетип, кайтарып жүргөн кызматкерлер тез жардам чакырыптыр. Алар жардамын берип кетти", - деди Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев.
"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул иште жалпы сегиз киши бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.
Бул иште уюштуруучулар катары саналып жаткан УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге бөгөт чарасы катары тил кат менен бошотуу тандалган.
Ал эми алар менен кошо айыпталган 5 киши – мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев 11 – февралдан бери камакта. Буга айрым адвокаттар нааразы.
"Уюштуруучулар эркиндикте жүрөт. Ал эми кол койгон делгендердин баарын камак коюшту. Биз алардын баарынын бошотулушун каалайбыз", - деди Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми Камчыбек Ташиевдин адвокаты камактагылардын баары акталышы керек деп эсептейт.
"Баары акталышы керек. Себеби жоопко негизсиз тартылып жатат. Азыр бир дагы далил жок", - деди Икраимидин Айткулов.
Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамга тең "Бийликти күч менен басып алууга багытталган аракеттер" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Бийликти күч менен басып алуу Кылмыш-жаза кодексинде оор берене болуп саналат. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
"Булардын мындай иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө максатталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен", - деп айтылган ИИМдин билдирүүсүндө.
Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы ачкачылык жарыялаганы айтылды
11-июнь күнү бул иш боюнча айыпталган Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы Мээрим Узакбаева тергөө абагында ачкачылык жарыялаганы маалымдалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акынбек Ногоев билдирди.
"Бул убакыттын ичинде эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлгөн жок. Бүгүн ал ачкачылык жарыялады. Аны 1992-1993-жылдары мүлк жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирип алган деп айыпташууда. Ал менчиктештирүү жүрүп жаткан учурда Мээрим Узакбаева болгону 10 жашта болчу", - деп белгиледи жактоочу Ногоев.
Укук коргоо органдары жана Башкы прокуратура Мээрим Узакбаеванын иши жана анын ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.
Мээрим Узакбаева 1993–1994-жылдары мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу шектелүүдө.
Сөз Бишкектеги үч ири объект тууралуу болуп жатат. Алардын бири, Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан "Кыргызайылкөмөк" корпорациясы.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 26-мартта Мээрим Узакбаевага карата "Коррупция" жана "Кызмат абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, айыпталуучу 9-апрелде кармалган.
Узакбаеванын жактоочулары бул айыптарды "абсурд" деп атап, ал мыйзамсыз кармалганын айтып жатышат.
"1993–1994-жылдары объекттер менчиктештирилген учурда Мээрим Узакбаева болгону 11 жашта болгон. Демек, ал ошол кезде эч кандай кызматта иштеген эмес, чечим кабыл алган эмес. Мыйзам боюнча да мындай иштерге катыша алмак эмес. Узакбаева "Кыргызайылкөмөккө" 2017-жылдан тарта гана жетекчи болуп иштей баштаган. Объекттердин көпчүлүгү 1990-жылдары эле катталып, айрымдары сот чечимдери жана келишимдер аркылуу башка компанияларга өткөн. Мээрим Узакбаева 1993–1994-жылдары, башкача айтканда 11 жашында кылмыш жасаган деп эсептелген күндө дагы, Кыргызстандын Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 114-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен. Тергөө органдары менен сот аны кармоого да, камакка алууга да укуксуз болчу",- деп айтылат жактоочулар тараткан маалыматта.
Жактоочу Акынбек Ногоев "Кыргызайылкөмөк" корпорациясынын аймагы чоң болгондуктан, мамлекет ага кызыгып жатат деген пикирин билдирген.
"Ошону өткөрүп бергиле деп жатат. Болбосо бул объекттердин баары убагында мыйзамдуу жол менен сатылып алынган. Мээрим Узакбаеванын болсо аларга тиешеси жок. Ал болгону "Кыргызайылкөмөк" корпорациясынын аткаруучу директору гана болгон. Ал жерде анын эч кандай үлүшү болгон эмес. Учурдан пайдаланып, баш мыйзамдын кепилдиги болгон президент Садыр Жапаровго кайрылам. Ишти өз көзөмөлүнө алып, адилет тергелишин камсыздап бериңиз",- деди ал.
Жактоочу ошондой эле Узакбаева үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын эске алуу менен аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бул иш боюнча расмий органдар азырынча комментарий бере элек.































