АКШ Иранга жаңы соккуларды жасады. Буга жооп катары Иран аймактагы америкалык базаларга чабуул койду

Сүрөттүн булагы, US Central Command
АКШнын Борбордук командачылыгы америкалык аскерлер Ирандын аймагындагы буталарга бир катар жаңы соккуларды урганын кабарлады.
"АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү башкы колбашчынын көрсөтмөсү менен Ирандагы бир нече бутага өзүн өзү коргоо максатында кошумча соккуларды ура баштады. Бул соккулар Ирандын негизсиз жана уланып жаткан агрессиясына жооп болуп саналат", - деп белгиледи командачылык.
ЖМКлар Ирандын кеминде алты аймагында жардыруулар болгонун кабарлашкан.
Аскердик булактарга таянган Axios порталынын маалыматына ылайык, чабуул коюлган бардык буталар Ирандын түштүгүндө жайгашкан. Алардын катарында абадан коргонуу системалары, радарлар жана учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу бөлүмдөрү болгон.
Кийинчерээк CENTCOM Ирандагы буталарга жасалган жаңы соккулар аяктаганын билдирди.
Буга жооп катары Иран Бахрейн жана Кувейттеги америкалык аскер базаларына чабуул жасаганын жарыялады. Бул - бир күн мурун ирандыктардын жооп катары сокку урган эки объектиси болчу.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскер-аба жана Аскер-деңиз күчтөрү эки толкундуу операция өткөрүп, Аль-Салем, Ахмад-аль-Жабер жана Шейх-Иса авиабазаларындагы америкалык 18 негизги аскердик бутаны талкалады", - деп билдирди Press TV телеканалы.
Маалыматка караганда, Бахрейндеги АКШ базасында "байланыш антенналары жана Patriot системаларынын радиолокациялык каражаттары" бутага алынган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле АКШнын жаңы чабуулдарына жооп катары Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемелер, анын ичинде мунай танкерлери жана соода кемелери аткылана турганын эскертти.
Бомбалоолордун жаңы толкуну башталгандан көп өтпөй, Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары аскердик булактарга таянып, Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган эки соода кемесине сокку урганын кабарлады.
Ошондой эле алар Иран Ормуз кысыгына жакын турган АКШнын аскер-деңиз кемелерине ракеталар жана учкучсуз аппараттар менен чабуул жасаганын маалымдады.
Перс булуңундагы Кешм аралында жана бир катар шаарларда жардыруулардын үнү угулган.
Бирок АКШнын Борбордук командачылыгы Ормуз кысыгындагы америкалык аскер кемелерине кол салуу болгонун четке какты.
"Бир дагы кеме соккуга кабылган жок", - деп белгилеп, ирандык ЖМКлардын маалыматтарын «жалган» деп аташты.
Америкалык аскердик командачылык Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Ормуз кысыгын жабуу боюнча билдирүүсүн да төгүнгө чыгарды.
"Бүгүн түнү соода кемелери Ормуз кысыгы аркылуу кирип-чыгуусун улантууда", - деп көрсөттү.
Буга чейин, өткөн түнү Парс булуңунда америкалык жана ирандык күчтөр бири-бирине сокку ургандан кийин, АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кайрадан «катуу сокку урабыз» деп убада берген эле.
Шаршембиге караган түнү АКШ Иранга сокку урган. Трамптын билдиришинче, бул ирандыктардын Ормуз кысыгы үстүндө америкалык тик учакты атып түшүрүшүнө жооп болгон. Ислам революциясынын сакчылар корпусу буга жооп катары аймактагы америкалык аскер базаларындагы буталарга сокку урганын жарыялаган.
Шаршемби күнү Трамп өзүнүн социалдык тармагында: "Алар өздөрү үчүн сонун болушу мүмкүн болгон келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү өтө эле создуктурушту, эми буга төлөөгө аргасыз болушат!!!" - деп жазды. Андан ары Трамп Иран аскердик жактан толугу менен талкаланганын дагы бир жолу билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Бакаи АКШны "бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрү, позициясын жана талаптарын тынымсыз өзгөрткөнү, эң жаманы, элдешүүнү дайыма бузганы менен" сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө зыян келтирип жатат деп айыптады.
Бакаинин айтымында, Иран учурда жаңы кырдаалды баалап жатат жана сүйлөшүүлөр үчүн жок дегенде минималдуу туруктуулук керек деп эсептейт.
Ирандын жообу жана АКШнын танкерге соккусу
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өткөн түнү аймактагы, Бахрейн жана Иорданиядагы америкалык базалардын 21 бутасына ракета жана дрондорду учурганын жарыялады. Кувейт армиясы да ирандык чабуулду кайтарууга туура келгенин билдирди.
Кийинчерээк Reuters агенттиги АКШнын аты-жөнүн атабаган расмий өкүлүнө таянып билдиргендей, дээрлик бардык ирандык ракеталар атып түшүрүлгөн жана ирандык соккулардан курман болгондор жөнүндө маалымат жок.
Атып түшүрүлгөн Apache тик учагы тууралуу Fox News билдиргендей, Трамп ал дрон тарабынан өтө төмөн бийиктикте атып түшүрүлгөнүн айтты.
Apache эки пилотун суудан америкалык деңиз дрону алып чыгып, андан кийин башка тик учак менен эвакуацияланган.
Ал ортодо Индиянын бийлиги шаршемби күнү Ормуз кысыгында, Оман жээгинде Палау желеги астындагы Settebello соода кемесине жасалган соккунун кесепетинен индиялык эки экипаж мүчөсү дайынсыз жоголгонун, калган 21и куткарылганын жарыялады.
Америкалык аскерлер буга чейин танкер блокаданы бузууга аракет кылып, Ирандан мунай ташып чыгууга аракет кылгандыктан, ага сокку урганын билдиришкен. Аскерлердин айтымында, Settebello алардын буйругун аткаруудан баш тарткандыктан, америкалык учак кеменин машина бөлүмүнө "жогорку тактыктагы ок-дарылар" менен аткан.
АКШ Иран өзүнө карата бомбалоолорго жооп катары Ормуз кысыгын иш жүзүндө жаап салгандан кийин, Ирандын портторуна блокада киргизген.
Settebello америкалык аскерлер тарабынан ок атылган сегизинчи кеме болуп калды.































