Жибектин өлүмү. Сот отуруму 17-июнга жылды

Сүрөттүн булагы, коллаж
Күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын ишине байланыштуу сот отуруму айыпталуучунун жактоочусу келбей калгандыктан 17-июнга жылды. Сот бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда болду. Айыпталуучу Бакыт Урустемов сотко конвойдун коштоосунда жеткирилди. Сотко жабырлануучу катары Жибек Урустемованын тун уулу Бекжан Урустемов катышты. Айыпталуучу жактоочучусу эмне себептен келбей калганын билбей турганын, бирок андан баш тартпастыгын, мамлекеттик жактоочуга муктаж эместигин билдирди. Натыйжада сот кийинкиге жылды.
Маркумдун сиңдиси Койсун Нурахмед кызы Би-Би-Сиге сот иштеринин создуктурулушу үй-бүлөгө оор тийгип жатканын айтты:
"Сот отуруму ушинтип бат эле бүтүп калат. Мына, ушинтип алтынчы-жетинчи жолу жылды. Башында прокурор келбей жаткан. Биз даттангандан кийин ал келе баштады. Эми адвокат келбей койду. Биздин көйгөй ушул. Апам болсо, сотко келген сайын тигини (ред- Жибектин күйөөсү) көргөн сайын нерв болот, кан басымы көтөрүлөт. Апам азыр дарыланып жатат".
Июнь айынын башында маркум Жибек Урустемованын уулу депутат Эльвира Сурабалдиевага кайрылып, соттук териштирүү улам жылып жатканына даттанган. Катта алгачкы соттук угуу 27-мартта өтүп, андан бери беш жолу сот отуруму кийинкиге калтырылып жатканы, буга мамлекеттик айыптоочунун келбей жатканы себеп болгону айтылган.
"Апамды өлтүрүүгө айыпталып жаткан адам мага жана менин кичүү инилериме чоң психологиялык жаракат алып келди. Ошондой эле анын тергөө абагында өткөргөн убактысы жаза мөөнөтү катары эсептелип жатканы бизди тынчсыздандырат. Себеби иш канчалык создуктурулса, жаза мөөнөтү ошончолук өтүп жатат. Биз бул ишти мындан ары создуктурбай, өз убагында карап, күнөөлүү адамдын адилеттүү жаза алышын каалайбыз. Сизден бул маселеге көңүл буруп, аны Жогорку Кеңеште көтөрүп берүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз", - деп өтүнгөн маркумдун уулу Бекжан Урустемов.
Элвира Сурабалдиева 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында маркумдун батирине тиешелүү маселе толугу менен чечилбей жатканын айткан:
"Президент менен өкмөткө рахмат, анын карыз акчасы өкмөт тарабынан төлөнүп, карызы жабылды деген маалымат келиптир. Банк алдындагы карызы толугу менен жоюлганы айтылган дейт. Бирок батирди каттоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн экени айтылыптыр. Ошондой эле карыз жоюлганын тастыктаган эч кандай расмий документ берилген эмес экен. Балдар аябай суранып атышат, улуусу студент, эки баласы мектепте окушат экен. Өкмөткө үнүбүздү жеткирип коюңузчу деп аябай суранып жатышат".
2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Бакыт Урустемов аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кийинчерээк Жибек күйөөсү тарабынан көп жылдар бою системалуу түрдө зомбулук көрүп келгени ачыкка чыккан. Өлөрдөн эки ай мурун катуу токмок жегенден кийин милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алганы айтылган. Бул окуядан кийин УКМК эки милиция кызматкерин кармаган. Атайын кызмат укук коргоо органдарынын бардык жооптуу кызматкерлеринин аракеттери кылдат иликтенип, тиешелүү юридикалык баа берилерин белгилеген. Жибек Урустемованын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөө 26-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилген.
Жибек Урустемованын артында үч баласы калды (эң кичүүлөрү 2-3-класстын окуучулары).
Маркумдун 19 жаштагы улуу баласы бийликке кайрылып, үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүнү сураган.
Ал Тредс социалдык тармагына апасы өмүр бою жөнөкөй мугалим болуп иштеп, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келгенин, ипотекага батир алышканын, анын карызы болжол менен эки миллион сомго жакын экенин, студент үчүн бул чоң каражат болуп эсептелерин жазган.
Мындан соң бийлик Жибек Урустемованын балдарын турак жай менен камсыздоого, учурдагы ипотекалык насыясын төлөп берүүгө жана маркумдун үч баласынын тең окуу акысын каржылоого, мындан тышкары, маркумдун улуу уулун ишке орноштурууга жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган.































