Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууну эптей алдыбы?

Сүрөттүн булагы, Social media
Белгилүү Кембриж университети кийинки окуу жылын да толугу менен онлайн өткөрүүнү чечти. Дүйнө университеттери быйылкы окуу жылды жыйынтыктап, алдыдагы жыл үчүн окутууларын жөнгө салууда. Дээрлик бир семестр аралыктан билим берген Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн бул биринчи тажрыйба болуп калды.
Кыргызстанда азырынча мындай билим берүүнүн сапаты же жемиши тууралуу сөз жок. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу марттын орто ченинен берки убакыт жергиликтүү университеттер үчүн аралыктан окутуу жолдорун уюштурууга кетти десе болот.
Назарбаев университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Дүйшөнкул Шаматов мурдатан онлайн платформасын түзө жүргөн окуу жайларга жеңил болгонун, башкалары кыйналып калганын белгиледи.

"Басымдуусу онлайнга өткөндө кыйналып калды, шар эле үйрөнүп кете алган жок. Аларга кантип үйрөтөбүз деп жакшы жол көрсөткөндөр да болгон жок. Ар университет вебинарларды бөлүшүп жана башка демилгелери чыгып жатат. Бирок кандай методиканы, кайсы баалоо усулдарын колдонобуз, кантип сабактын деңгээлин жакшыртабыз деп системалуу деңгээлде иш-аракет жүргүзүлгөн жок", - деди Би-Би-Сиге Шаматов.
Ал университет мугалимдерине караганда мектеп окутуучулары тобокелчиликке барып, чыгармачылык менен иштеп жатканын байкаган.
Шаматов университеттер кийинки жылы да онлайн окутуп калчу болсо, жайкы эс алууну азыркы кемчиликтердин үстүнөн иштөөгө коротуш керек деп белгиледи.
Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев 2012-жылдардан тарта эле онлайн окутууга даярданып келгендиктен вирус кризиси ишибизди тездетти деген оюн айтты.
"Окутуубузду онлайн жана аралыктан деп экиге бөлөбүз. Өзүбүздүн порталыбыз аркылуу кирип, аралыктан окуй беришет. Zoom менен Google classroom платформаларын онлайн байланыш үчүн тандап алганбыз. Карантин башталганда бир аз сынап көрүп, кемчиликтерин дароо программисттер толукташты. Биз азыркы тапта билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Албетте, жеңил эмес, бул көбүнчө окутуучулар менен студенттер үчүн моралдык, психологиялык кыйынчылык", - деди Кадыралиев.

Сүрөттүн булагы, Social media
Анын мекемеси келерки жылдын программаларын онлайн окутууга ылайыкташтырып жатат:
"Биздин мугалимдер сабактарынын баарын аралыктан жана онлайн берүүгө даярдап жатышат. Кокус кийинки окуу жылы да эпидемиялык абал ушундай эле болсо даяр туруш керек. Лекцияларды өзүбүздүн студияда видеого жаздырып жатабыз".
Азыркы семестр Кыргызстандык окуу жайлар үчүн алгачкы тажрыйба болду. Сынактар да онлайн алынып, дипломдук иштер онлайн жакталганы жатат.
Жыйынтыктоочу сынактар менен диплом жактоо баары үчүн онлайн болбойт.
"Салттуу мамлекеттик экзамендер маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери боюнча, ошондой эле Ички иштер министрлигинин академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулат. Бүтүрүүчүлөр атайын жадыбалдын негизинде, тиешелүү санитардык талаптар аткарылгандан кийин гана окуу жайга келип тапшырышат", - деди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.
Студенттерге бетме бет сабак өтүү жагат
Университеттердин иш-аракеттери бири бирине окшобойт.
Айрым студенттердин пикирин сурадык.

Сүрөттүн булагы, Social media
Борбор Азиядагы Америка университетинин 3-курсунун студенти Амантурдун айтымында, мугалимдер мурда деле лекцияларын Ютуб же башка платформаларга жаздырып коюшчу:
"Биздин университетте кээ бир сабактарды мурдатан эле аралыктан окучубуз. Ошондуктан мен үчүн көп айырма сезилген жок. Үйдөн окугандын айрым жагдайлары жакты. Бирок жалпы алганда университетке барып окуган жакшыраак. Анткени студент экениңди сезесиң. Бирок сабакта тартынган, мугалимдерге суроо бере албаган студенттер видео байланыш аркылуу сабак өтүп жатканда активдүү болуп калганын байкадым. Анткен менен аралыктан окуганда өзүң жооп бердиңби, көчүрдүңбү мугалимге билинбейт".
Улуттук университеттин бүтүрүүчү курсунун студенти Наргиза үчүн бул учур дипломдук иш жазууга туш келди. Мугалимдери менен Whatsapp жана Zoom байланыш программалары аркылуу сүйлөшөт. Ал азыр Кочкордо туруп алып эле окуп жатат:
"Мага жаккан жагы айылда ата-энемдин жанындамын. Бирок китепканаларга, маалымат чогултуш үчүн башка жактарга чыга албай калдым. Сынактарды болсо ар студент ар маалда берип койсо болот, бул жакшы болду. Анткен менен дипломду кантип онлайн жактайбыз билбейм".
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти Тилек "онлайн окуганда сыртка чыгуунун кереги жок, мугалимден алынган маалымат аз болгондуктан өз алдынча изденүүгө өттүк" деп артыкчылыктарын белгиледи.
Бирок ал аралыктан окуунун кемчиликтери көп деген жыйынтыкка келген.

"Биринчиден, Кыргызстанда аралыктан окутуу талап кылган технологиялык каражаттар жетишсиз. Экинчиден, сабакка болгон кызыгуунун жоголушу, студенттер арасындагы атаандаштык төмөндөйт. Үчүнчүдөн, мугалим менен студенттин баарлашуусу же окутуучу аралыктан теманы жеткиликтүү түшүндүрө албайт. Төртүнчүдөн, карантин учурунда ата-энелердин балдарга болгон басымы. Алар сабакка толук кандуу катыша албайт, балдарды талаа иштерине же башка жумуштарга жумшайт. Бешинчиден, сынакта көчүрүп жазып эле жакшы баа алып жатышкандыктан, Кыргызстанда билим деңгээли түштү деп эсептейм. Алтынчыдан, Кыргызстандын ар аймагында интернеттин сапаты ар кандай болгондуктан толук катыша албай жатышат", - деди Ошто туруп окуп жаткан студент.
Ал тапта студенттер менен ата-энелер аралыктан окуганына карабай, билим берүү акысын университет толук талап кылып жатканын айтып, даттанууда. Айрымдары акчаны төлөбөгөндөр университеттен чыгарылат деген эскертүү алышкан.
Кембриж университети да онлайн окутканына карабай акысын толук алат экен. Азыр бул маселе көп өлкөлөрдө көтөрүлүп, окууга берилген акчанын көбү эмнеге жумшалат деген талкуу жүрүүдө.
Кыргызстанда окуу жайлары акысы боюнча өзүнчө комиссия түзүп, ар бир студенттин учурун жеке карап жатат. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги жардамга муктаж студенттерге көңүл бурууну чечкен.































