"Манас" университети өз аймагы аркылуу ачылып жаткан жолго каршы экенин билдирди

Кыргыз-Түрк "Манас" университети Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунун ичи менен өтчү жолдун ачылышына каршы экенин билдирди. Маалыматты аталган окуу-жайдын башкармалыгы 11-июнда таратты.
Расмий билдирүүдө «Манас» университети Кыргызстан менен Түркиянын орток демилгелери менен эл аралык келишимдин негизинде түзүлүп, кызматташтыкты чагылдырган эл аралык статуска ээ жогорку окуу жай экени баса белгиленген. Ошондой эле кампустун бүтүндүгүн сактоо студенттердин коопсуздугу, билим берүү ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүлүшүндө маанилүү роль ойнору айтылган.
"Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары коомдук кызыкчылыкты көздөгөн ар кыл өңүттө конструктивдүү баарлашууга ачык экенибизди баса белгилөө менен катар, ушул процесстин эл аралык милдеттенмелерди жана институционалдык укуктар алкагында ишке ашырылуусун күтөөрүбүздү өзгөчө билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө аталган окуу жай дүйнөлүк университеттер рейтингинде алгачкы 1000 университеттин катарына кирген Кыргызстандагы жалгыз университет болуп саналары жана Орто Азияда алгачкы 10 университеттин катарында турары айтылган.
Буга чейин Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Болот Миңжылкыев көчөсүн Тыналиев көчөсүнөн Айтматов проспектисине туташтыруу иштери башталары айтылган.
Бишкек мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жол окуу жайдын корпустарынын ортосунан өтө тургандыктан, студенттердин жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жер астындагы өтмөк курула тургандыгын айткан.
Буга студенттер, Жал кичирайонундагы тургундар каршы чыгышкан.
11-июнда Миңжылкиев көчөсүн куруу иштери башталып, университеттин тосмолору алынган. Калаа мэри бул иштер келишимдин негизине жүрүп жатканын айткан.































