Саймаити ишиндеги күбөлөрдүн көрсөтмөсү, коомдогу күмөндүү ойлор жана ачуу сындар

«Азаттык» радиосунун микрафону

Сүрөттүн булагы, Азаттык

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу ишти иликтеп жаткан мекеме аралык тергөө Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда маалымат берип жатып, "Азаттыктын" журналисттери Саймаитиден акча алган деген маалымат таратты.

УКМК тергөөчүсүнүн билдиришинче, муну эки күбө тастыктап жатат, бирок эч кандай далилдер көрсөтүлгөн жок. Бир катар сөз эркиндигин коргогон уюмдар, журналисттер жана депутаттар муну каралоо деп баалап, адилеттүү жыйынтык чыгарууга чакырууда.

"Азаттык" муну "журналисттерди каралоо" катары баалап, кескин четке какты.

Мекемелер аралык тергөө тобунун күбөлөрү Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу, камактагы Эркин Сопоков менен Саймаитинин таанышы Рустам Тиллабаев деген жаран. Бул топ Кыргызстандагы коррупциялык иштерде аты аталган Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу иштерди карап жатат.

"Бир нече күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча Айеркен Саймаити өзүнүн акчаларын Хабибулла Абдыкадыр деген жарандан өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонгон. Ыкмаларынын бири журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу ага басым көрсөтүп, карызын өндүрүү аракетин көргөн. Маалыматтарды бере баштаган экен", - деди депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнун тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек.

Эки күбө тең видео көрсөтмөдө Саймаити журналист Али Токтакуновго "акча бергенин, берем дегенин, ыраазы кылам дегенин" өзүнүн сөз түрүндө укканын айтышууда.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комиссиянын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров окуя далилдениш үчүн ар тараптуу, бир канча далил зарыл экенин айтууда.

"Менин практик юрист катары айтаарым, тергөөчүлөр колдонгон негизги мыйзам Жазык процессуалдык кодексте далилдер ар тараптуу, толук, объективдүү болуш керек деген талап бар, - деди ал. - Көрсөтмө эч качан жетиштүү болбойт, башка дагы далилдерди караш керек. Тергөөдөгү сыр деген түшүнүк бар. Жогорку Кеңештин комиссиясы эч качан укуктук баа бере албайт. Биз коомчулук үчүн билдире алабыз, бирок тиги же бул окуя мындай далилденди, туура же ката деп айта албайбыз".

"Кабар" улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси, журналист Кубан Абдымен маалыматты УКМК айтып жатканынын маанисин белгиледи.

"УКМК Жогорку Кеңештин комиссиясында жөндөн жөн мындай билдирүүнү айтпайт болуш керек, - дейт ал. - Бирок ошол эле убакта далил көргөн жокмун. Муну териштириш керек. Мухаммедали Токтакунов мурда менин колумда иштеген, мындайга барбайт эле. Эгерде радио өзү алган болсо, анда бул жогорку деңгээлдеги чоң саясат. Териштириш керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев дагы ушуга үндөш пикирин билдирип, бирок демократиялык коомдо журналисттердин ишине тоскоолдук жаратпаш керектигин баса белгиледи.

"Муну дагы терең иликтеш керек. Эгер журналисттер акча алган болсо бул терс көрүнүш. Эгерде аларга жалаа жыбылып жаткан болсо, эртеби кечпи билинет. Журналисттердин иликтөө жасашына, жумушуна эч кандай чектөө болбош керек, ошого аракет кылыш керек. Демократия өнүгүп жаткан мамлекетте журналисттер коомдогу оң да, терс да көрүнүштөрдүн күзгүсү", - деди Би-Би-Сиге Казакбаев.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Депутат Дастан Бекешовдун оюнда "Азаттыктын" журналисттерине көө жабуу аракети жүрүп жатат.

Депутат Жанар Акаев болсо УКМК жалганды таратууда деген пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды:

"УКМК мындай деңгээлге түшпөш керек, кадыры кетип, ишеним калбай баратат. Сопоковду Маевский кылабыз деп чечишкен окшойт, Сегизбаевчесинен. Кечээ эле жыштык боюнча премьер-министрдин тиешесин сурасак, "тергөө кызыкчылыгы" дешкен. "Азаттыкка" келгенде эмне, бул сыр иштебей калабы? Кош стандарт бул!".

Журналист Али Токтакунов УКМК аны каралап жатканын билдирди.

"Айеркен Саймаитиден мен эч кандай акча алган эмесмин. Айеркен Саймаитиден биз журналисттер жүздөгөн документти, анын ичинде өзү аралашып жүргөн иштер боюнча анын көрсөтмөлөрүн алганбыз. Андан тышкары дагы ондогон күбөлөрдүн маалыматтарынын негизинде иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстандагы туташ коррупциянын, анын ичинде бажыдагы коррупциянын, Кыргызстандан 100 миллиондогон акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз",- деген журналист өкмөт канча убакыт өтсө да иликтөөгө чекит кое электигин белгилейт.

Кытай жараны Саймаити "Азаттык" жана башка медиа уюмдардын иликтөөсүнүн негизги маалымат булагы болчу.

2019-жылы жарыяланган журналисттик иликтөөдө Кыргызстандан бир нече жылда 700 млн доллар сыртка чыгарылганы, бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу сөз болот.

Бул иликтөө бүтө электе 2019-жылы 10-октябрда Саймаити Стамбулда киши колдуу болгон.

УКМК өкүлдөрү Айеркен Саймаитинин өзүнө байланыштуу үч ишти тергеп жатканын билдирди. Алардын бири Саймаитиге Кыргызстанда кол салуу аракети, экинчиси акча каражатты адалдоо жана салыктар менен башка милдеттүү төлөмдөрдөн качканы боюнча.