Аман: Эжемди дубалга сүздүрүп, мыкаачылык менен эси ооп калганча сабачу экен

насилие
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда пандемиядан улам киргизилген карантин учурунда аялдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнүн расмий булактар менен бир катар эл аралык уюмдар айтып чыкты. Милициянын маалыматына караганда, Бишкекте үч айдын ичинде эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зомбулук 62 пайызга өсүп кеткен. Кыргыз парламентинде үй-бүлө зомбулугуна каршы мыйзамды өзгөртүү демигеси көтөрүлүүдө.

Бүтүндөй өлкө карантинде отурган учурда жыйырма бир жаштагы Амандын үй-бүлө зомбулугуна каршы аракети интернетте эң көп талкуу жараткан окуя болду. Ал бир тууган эжеси күйөөсүнүн ур-токмогунан кыйналып жүргөнүн билип калып, коомчулукка ачык айтып чыкты.

"Телефондон эжемдин ыйлаганы байкалып турду. Аман, мага жардам берчи, ал мени дайыма сабайт деп айтып берди. Мен анын коркунучта экенин дароо түшүндүм дагы алардын дарегине милиция чакырдым. Биз барганда милиция кайра кетүүгө камданып жаткан экен",- деди Аман Өзүбеков.

Коменданттык саатка карабай Аман эжеси жашаган районго жетип барып, бул иштин мыйзам чегинде каралышын талап кылган. Адатта Кыргызстанда мындай үй-бүлөлүк маселерге укук коргоо органдары көп деле аралаша бербейт.

"Эжемди дубалга сүздүрүп, мыкаачылык менен сабачу экен. Акыркы жолу дагы жерге жаткырып тепкилеп, ээси ооп калыптыр",- дейт Аман.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Бул окуя тууралуу Амандын "Фейсбуктагы" билдирүүсүнө миңдеген киши пикирин жазып, укук коргоочулар, адвокаттар жардам сунуштады. Бирок үй-бүлө зомбулуга кабылган ар бир эле аялдын окуясы мындай бүтпөйт. Кыргызстандагы үй-бүлө зомбулугуна каршы кабыл алынган мыйзам постсоветтик мейкиндиктеги прогрессивдүү мыйзамдардын бири. Бирок укук коргоочулар мыйзам толук кандуу иштебей жатат дейт.

"Бүгүнкү күнү кабыл алынган мыйзамдар, токтомдор, буйруктар толук кандуу ишти жүргүзүүгө жол берет. Эң негизгиси түшүндүрүү иштери күчтүү болушу керек. Азыр өлкөдөгү 12 айыл өкмөттө түрдүү долбоорлор иштеп жатат, айылда кандай зордук-зомбулук бар, кимдер кабылып жатат, ушуну изилдеп жатабыз",- дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.

насилие

Мыйзамдын иштебегени - зомбулукка кабылган аялдардын өздөрү дагы, укук коргоо органдары дагы муну катардагы үй-бүлөлүк талаш-тартыш катары караганында.

"Улуттук статистика комитети жүргүзгөн иликтөөлөрдө аял менен эркек зордук-зомбулукту кылмыш катары эсептебей турганы айтылат. Алар муну үй-бүлөдө боло келген көрүнүш дешет. Бул чоң көйгөй. Көптөгөн эркектер үйдүн кожоюну катары өзү билгендей эреже орнотуп, аял менен конфликттен чыгуунун жолдорун талкуулагысы келбейт. Кыргызстанда зордук-зомбулук менен күрөшүүдө эл аралык уюмдар натыйжалуу жардам берип жатат. Британ өкмөтү, БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду, Европа биримдиги кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштешип, каржылык жана программалык жактан көмөк берүүдө. Мисалы, мамлекеттик органдарды координациялоону жөнгө салган саясатты кабыл алууга жардам көрсөттү, зомбулук жасаган кишилер үчүн оңдоп-түзөө программасын киргизди",- дейт Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тюлекова.

Эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө үй-бүлө зомбулугунун 95 пайызы эркектер тарабынан жасалганы көрсөтүлөт. Зомбулуктан өлгөндөр тууралуу Ички иштер министрлигинин атайын статистикасы жок. Бирок "Аялдардын демократиялык түйүнү" фондунун эсебинде, 2018-жылы эле 62 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан ажал тапкан. Өткөн жыл соңунда Кыргызстанда ушундай мүнөздөгү үрөй учурган кылмыштар катарынан катталды. Бирок өлкөдө, айрыкча эркектер арасында Аман сыяктуу үй-бүлө зомбулугуна катуу туруп, каршы чыккандар өтө эле аз.