Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бербеген 260 млн доллар

Сүрөттүн булагы, rkdf.org
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Өкмөт Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын калганын берүүгө Орусия макул болбогонун билдирди. Буга чейин аталган 260 млн долларды ишкерлерге жеңилдетилген насыя катары таратуу планы айтылган эле.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирустун кесепетинен чыгуу үчүн ишкерлерге 4-8 пайыздык насыялар берилерин кабарлаган. Каражат ички, сырткы булактардан тартылмак. Алардын бири Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун 260 млн доллар чамалуу акчасы эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков өкмөт мүчөлөрүнөн "калган 260 млн. доллар качан Кыргызстандын экономикасына салынат" деп сурады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул сумма Орусияда экенин айтты:
"Каражаттын 260 млн. доллары Орусиянын рыногунда, баалуу кагаздарда. Биз азыр фондго дагы, Эркин Шамшудинович баш болгон экономикалык тармакка да быйыл алып келишибиз керек деп маселе коюп жатабыз".
"Бул тууралуу Орусиянын өкмөтүнө марттын аягында эле кат жөнөткөнбүз. Апрелдин аягында фонддун кеңешине биздин эки министр катышып, маселени көтөргөн. Өкмөттөр аралык комиссиянын 8-майдагы жыйынында да биз бул суроону кабыргасынан койдук. Тилекке каршы, азыр биздин Орусия тараптагы кесиптештерибиз каршы болуп жатат, муну ачык айтыш керек. Бирок бул жумушту күн тартибинен алган жокпуз, кошумча негиздеме даярдап, жөнөткөнү жатабыз", - деди парламенттеги жыйында экономикага жооптуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Ишкер Элдар Абакиров фонд Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана Орусия менен экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө максатында түзүлгөнүнө көңүл бурду.
"Фонд ачылганына беш жылдан ашты. 500 млн доллардын 260 млн доллары Кыргызстандын экономикасына дагы деле кире элек. Бул жерде эки жүздүүлүк сыяктуу болуп жатат. Кыргызстандын экономикасына арналган акча Орусиянын вексель, облигация сыяктуу баалуу кагаздарында турат. Кризис учурунда Орусия бул акчаны кыргыз ишкерлерине бербесе, анда фонддун максаты ишке ашпай калып жатат", - деди Абакиров Би-Би-Сиге.
Ишкерлер президент менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда ушул каражатты алып келүүнү сунушташкан.

Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров билдирди:
"Жыйында Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн либералдаштыруу, анын уставдык капиталында беш жылдан бери иштетилбей турган болжолдуу 250 миң доллардын тегерегиндеги акчаны экономикага салып, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштадык".
Фонддун жобосунда баштапкы капиталы 500 млн доллар деп белгиленген. 2019-жылдын июль айына чейин фонд 353 млн доллар кредит берген. Жергиликтүү ишкерлер берилген кредиттердин көлөмүнө ичи чыкпайт. Алар ОКӨФдүн иши башка банктардан айырмаланбаганын айыптап, насыя алуу шарттары да өтө оор экенин белгилешет.
"Насыя алуу чындыгында кыйын. Процедуралары өтө узак. Региондордо белгилүү бир өлчөмгө чейин банктар аркылуу гана берет, аны ашканда фонддон түз ала аласың. Ошондуктан биринчи банктардан уруксат алышың керек, банк фонддон алат. Ага бир топ ай кетет. Күрөө коюу талабы да өтө оор, көп күрөө керек", - деп билдирди Элдар Абакиров.
Жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин социалдык фондго берген төлөмдөрүнө негиздеп фонддун кызматкерлеринин бир айлык акысына болжолдуу 94 миң доллар кетерин жазган. Анда бир жылда айлыкка кеткен каражат миллион доллардан ашып кетет.
Фонд үчүнчү антикризистик план иштеп чыкканын, коронавирустун кесепетин жоюу үчүн насыяларды берүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын биринчи багытына ылайык, айыл-чарбага насыя берилет. Экинчиден, облустарда каржылоо босогосун100 миң долларга түшүрүлдү, ал мурда 200 миң доллар болчу. Үчүнчүсүнө ылайык, коронавируска каршы күрөшкөн ишканаларга жеңилдетилген насыя берилет.
"Фонддун жаңы кластердик продуктуларынын артыкчылыктары узак мөөнөттүү, ал 30 айга чейин созулат. Пайыздык чендери төмөн. Кредиттин максаттарына жараша насыянын узак мөөнөтү беш жылдан он жылга чейин созулат. Күрөө үчүн ыңгайлуу шарттар каралган", - деди фонддун басма сөз катчысы Канышай Рысбекова.
Фонддун Директорлор кеңешиндеги беш кишинин үчөө Орусиянын өкмөт өкүлдөрү - Орусиянын каржы министринин орун басары Тимур Максимов кеңешке төрагалык кылат. Экинчиси Орусиянын Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин департамент башчысы Илья Федоров, үчүнчүсү "Внешэкономбанктын" төрага орун басары Светлана Ячевская. Кыргызстандан экономика министри Санжар Муканбетов кеңештин төрагасына орун басар, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.
Фонддун башкармалыгындагы беш кишинин үчөө кыргызстандык, экөө орусиялык. Башкармалыктын төрагасы Азиз Аалиев. Жакында Элмурат Абдраимов мүчө болду. Массалык маалымат каражаттары ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун уулу экенин жазышты. Кыргызстандан үчүнчү мүчө Алмазбек Чолпонкулов. Башкармалыкта баш аягы отуз киши иштейт.
































