“Өкмөттүн адвокаты”: сын жукпаган спикер

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун дарегине сындар күчөп жатат. Соңку пленардык жыйында төраганын кадр саясаты, финансылык чечимдери боюнча ыңгайсыз суроолор көтөрүлдү.
Төраганын ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунуштар болду.
"Дастан Артисбекович шайланганда эле айткам, жаш, тажрыйбасы, билими жетишпейт. Төраганы кызматынан бошотуу тууралуу сунушту расмий да бергем. Өкмөттүн отчетуна төрага адвокат болуп алганына байланыштуу сын-пикирлер болду. Кечээ мыйзам чыгаруучу процедура одоно бузулуп, регламентти тоготпой, айрым депутаттардын позициясын эсептебегени сындарга негиз болду. Бул бийик кызмат ордуна Дастан Артистбекович даяр эмес болуп калды",-дейт депутат Исхак Масалиев.
Бейшембидеги жыйында Каныбек Иманалиев, Кенжебек Бокоев, Жанар Акаев баштаган депутаттар спикерди ачык сындап, парламент ичинде төрагага каршы маанай байкалып турду.
Шайлоонун шарапаты
2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо бийлик талапкеринин башкы оппоненти Өмүрбек Бабанов кичи мекени Таласта шайлоочулардын 84,8%, ал эми Жээнбеков 12,5% колдоосуна ээ болгон. Бабановго шайлоодон кийин Башкы прокуратура тарабынан олуттуу айыптар тагылып, кылмыш иши козголгонуна нааразы болуп, Таластагы эл көтөрүлүп баштаган эле.

Сүрөттүн булагы, Official
Андагы нааразылыкты басуу үчүн бийлик кадрдык жүрүш жасап, Таластын эки-үч адамы башкаруучу бакандай кызмат орундарына келген. Айтылбаган, бирок аймактык квотанын эсебинен 40 жаштагы Дастан Жумабеков ошентип парламент спикери болуп шайланган эле.
Парламентте депутаттардын бардыгы эле төрагага сын көз карашта дегенге болбойт, спикердин таламын талашкандар да бар:
"Кайсы бир маселени добушка койдуруу ар бир депутаттын укугу болуп жатат. Аны коюп берип жатат. Ага карабай бул жерде ызы-чуу болуп жатасыңар. Сөздөн адашып калса, ошону айтып чыгасыңар. Бул жерде идеалдуу эч кимиңер жок. Камерага карап жакшы сүйлөгөн менен Кудай көргүс нерселерди кыласыңар", -деди "Өнүгүү-Прогресс" фракция өкүлү Тазабек Икрамов.

Сүрөттүн булагы, Official
Дастан Жумабеков буга чейин шаар аталышынан, календардык эсептөөлөрдөн жаңылып, анысы коомдук сайттарда кызуу талкууга жем таштап келди.
Былтыр кезектеги сессияны жыйынтыктап жатып, төрага парламент уран казууга каршы, сүйүнчү пул боюнча жана экс-президентке байланыштуу маанилүү чечимдерди кабыл алганын айткан эле:
"VI чакырылыштын депутаттарына көп сын-пикир айтылды. Сөз бар го артыңан канчалык көп сөз айтылса, демек сен иштеп атасың. Парламент катуу иштеп, катуу мыйзам, токтомдорду кабыл алганы үчүн артынан ошондой сын-пикирлер айтылып жатат. Парламент өзүнүн ишин кылып атат".
Парламенттеги саясий маанайдын бузулушу төраганын фракциялашы, "Кыргызстан" партиясынын көмүскө лидери Шаршенбек Абдыкеримов жаңы депутат болуп келген учурда болуп жатканын да белгилей кетели.
Учурда депутаттык корпуста Баш мыйзамды өзгөртүү жөнүндө талаш-талкуулар да күчөп турган убак. Он жыл мурун өлкө парламенттик башкаруу жолуна бет алганы менен иш жүзүндө андай болбой жатканы, Жогорку Кеңештин кесипкөй деңгээли барган сайын түшүп баратканы көп айтылып келет.
"Парламентарийлер бул спикер менен көп жолу уят болуп калдык, парламенттин деңгээли да түшүп кетти дегендей болуп жатат. Ал эми азыркы президент аны алмаштырууга шашкан жок, мурдагыдай эле калсын деген таризде кетип жатат. Балким, бул ага ыңгайлуу чыгар. Анын фонунда алар өздөрүн жогору сезип жаткандыр",- дейт саясат талдоочу Айданбек Акмат.
Баш мыйзамдын 75-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш спикерин парламент депутаттары жашыруун добуш берүү менен шайлайт, төраганы кызматтан кетириш үчүн 2/3 кем эмес коллегиалдык чечим керек.
Бул чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, жаңы курам келгенден кийин соңуна чыгат.
































