Убактылуу өкмөт: он жылдан кийин

Быйыл Апрель ыкылабына он жыл

Сүрөттүн булагы, AFP

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстан быйыл Апрель ыңкылабынын он жылдыгын коронавируска байланыштуу карантин шартында тосту. Президент Жээнбеков шартка жараша видео кайрылуу менен чектелип, массалык иш-чаралар өткөн жок.

Президент Жээнбеков күн мурун жолдогон куттуктоосунда Апрель окуяларын Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты деп атады:

"Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет. Биз бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз".

Апрель революциясынын баатырларын эскерүү, 7-апрель, 2020

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апрель революциясынын баатырларын эскерүү, 7-апрель, 2020

Апрель ынкылабынын он жылдыгын белгилөө быйыл мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү керек деген демилгелерге туш келип жатат.

Бул Апрель ыңкылабынын максаттарына канчалык төп келет?

"Бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков ар бир сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек деп айтып келет. Бирок иш жүзүндө Акаев түзгөн бийлик системасы бүгүн да иштеп жатат. Бүгүн райондун деңгээлиндеги маселелер боюнча да президенттин аппаратынан макулдук, уруксат алыш керек экен. Бирок кеч эмес деп эсептейм, анткени Жээнбеков өзүнүн негизги тарыхый аракетин жасады. Анын бул аракети - Атамбаевдин планын таш каптырып, аны токтотту", - деген эле буга чейин Убактылуу өкмөттүн лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" саясий партиясынын төрагасы бул сөзүн 3-декабрда кезектеги китебинин бет ачаарында айткан эле. Анда ал Убактылуу өкмөттүн мүдөөсү жана мүчөлөрү тууралуу да токтолгон.

Текебаев сотто

Сүрөттүн булагы, PHOTO BY NEZIR ALIYEV/ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES

"Биз партнер, дос катары убагында туура эмес кылгандарын эскертип, оңдогонго аракет кылган экенбиз. Ал болбой эле өзүнүн жеке бийлигин Конституцияны бузуп, тебелеп-тепсөө жолу менен орнотуп, Кыргызстандын табигый кен байлыгына, келечегине кол сала баштаганда биз ага ачык каршы чыга баштаган экенбиз...Өзүм билемдик, бийликтен кетпей, андан ары улантпоонун амалдарын кылуу эмнеге алып келерин тарых көргөздү. Тарыхты алдай албасың".

Текебаев бул сөздөрдү учурда Кой-Таштагы кандуу окуялар боюнча соту жүрүп жаткан Алмазбек Атамбаевге карата айткан эле.

Кечээки союздаштар

Убактылуу өкмөт боюнча үзөңгүлөштөрү Атамбаевди Апрель ыңкылабынын идеяларын сатты деп күнөөлөп келишет.

Ошол эле маалда Атамбаев убагында алардын өзүн айрым чуулгандуу иштер боюнча (банктагы ячейкалардагы акчалардын уурдалышы, талап-тоноолор) айыптаганы бар.

Мындай жагдайда соңку он жылда Апрель ыңкылабынын мүдөөлөрү канчалык ишке ашты?

"Апрель окуяларынан кийин 2014-жылга чейин өлкөдө жакшы жакка өзгөрүүлөр байкалган. Саясий плюрализм, атандааштык болду, бийлик жарандык коом менен тыгыз байланышта болду. Бирок 2015-жылы Бажы биримдиигне кошулганы бардык демократиялык процесстер токтоп, биз кайрадан авторитаризмдик режимге кайта баштадык", -дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Убактылуу өкмөт: кечээ, бүгүн

Кезинде авторитардык башкаруу, бийлик башындагы коррупцияга каршы күрөштүн башында болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн азыр мамлекеттик башкарууда калгандары саналуу эле.

Апрель ыңкылабынан кийин өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаеванын аппаратын жетектеп келген Эмилбек Каптагаев учурда Улуттук стратегиялык илимий изилдөө институтун башкарууда. "Ыңкылап бульдозеру" атыккан Азимбек Бекназаров Малайзияда элчилик кызматын аркалап жүрөт.

Отунбаева, "Ата-Бейит", 7-апрель 2018

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Отунбаева, "Ата-Бейит", 7-апрель 2018

Учурда Атамбаевдин үстүнөн Кой-Таш окуялары боюнча сот жүрүп, Өмүрбек Текебаевдин мурунку президент тушунда ачылган сот иши бир жаңсыл чечиле элек. Отунбаева өздүк демилгелер фонду менен алек. Атамбаевдин тушунда премьер-министрлик кызматтарга чейин көтөрүлгөн Темир Сариев 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон бери жеке бизнесин өркүндөтүп жатат. Калгандары коомдук иштери менен.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр ичинен эки жолу ыңкылап аркылуу бийлик алмашкан өлкө, Борбор Азияда парламенттик башкарууга өткөн биринчи мамлекет.