Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаӊы учур катталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги
Published

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова басма сөз жыйынында Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаӊы учуру катталганын билдирди.

"27-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды, Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда - 27
  • Ош облусунда - 26
  • Бишкек ш. - 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)",-деп айтылат расмий маалыматта.

Бийлик коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам, катаал чараларга барып, өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизген.

Коронавирус жуккан алгачкы учур Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганы белгилүү болгон. Төрт күндүн ичинде алардын саны 44 кишиге, бир аптанын ичинде 58ге жетти.

Алардын алтоонун абалы оор экени айтылган эле. Бирок " оор абалдагы алты бейтаптын бирөөсүнө дагы өпкөсүнө жасалма дем алдыруу колдонулган жок" дейт расмийлер.

"65 жаштан улуу, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды",-деп кабарлады Саламаттыкты сактоо министрлиги. (AbA)