Коронавирус менен күрөшкө Кытайдын жардамы, өлкөдөгү соңку абал

Кытайдын жардамы

Сүрөттүн булагы, official

Published

Кытай коронавирустун жайлышын токтотуу үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Кыргыз расмийлери дарыгерлер үчүн медкаражаттар келгенин айтты.

"Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты",-деп айтылат кабарларда.

Алты адамдын абалы оор

Кыргызстанда алгачкы учур өткөн аптада катталып, төрт күндүн ичинде алардын саны 44 кишиге жетти. 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

"Вирус жуктургандардын алтоонун абалы оор болуп реанимацияда жатат", -деп билдирди Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстанда вируска каршы күрөшүү үчүн COVID-19 атайын эсеби ачылган. Соңку маалыматтарга караганда, жардам иретинде которулган акчалар 35 млн 293 миң 891 сом болду.

Расмийлер бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктардын саны жетиштүү деп айтууда. "Өлкө боюнча 1623 орундук ачылган, кошумча 715 орундук резервде, интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралган, жана 68 орундук резервде".

Кыргызстанга чет өлкөдөн кайтып келгендер АКШнын мурдагы аскердик базасында кармалууда. Бир нече күн мурун эле базада жүздөгөндөр карантинде болчу. Айрымдары үйүнө кое берилгени менен, карантинде кармалган кишилердин саны көп. Алар шарттарга нааразы болушууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо абалды жакшыртуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын билдирди.

Дем алуу органдарын сезгенткен коркунучтуу коронавирус Кытайда жыл башында белгилүү боло баштаган. Жаңы вирустун булагы Ухандагы деңиз азыктары, канаттуулар, жылан, коён жана башка жаныбарлар сатылган базардан чыгышы мүмкүн деген кытай бийлиги.

Ухань - Кытайдагы негизги транспорт түйүнү. Кытайдагы жетинчи, дүйнөдөгү 42-орунда турган ири шаар. БУУнун маалыматына караганда, Уханда тогуз миллионго чукул киши жашайт. Ошондон бери вирус бүтүндөй дүйнөгө тарап жатат. (AbA)