Коменданттык сааттын эрежесине баш ийбегендер жазаланат

Сүрөттүн булагы, President.kg
Бишкек, Ош шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими, коменданттык саат киргизилип жатат. Коменданттык саатта сыртта жүргөндөр жазага тартылат.
Кыргызстанда акыркы суткада Covid-19 вирусун жуктурган 26 жаң учур катталды. Алардын төртөө 14 жашка чейинки балдар. Жалпы саны 42ге жетти.
Жаңы аныкталган 26 киши буга чейин Сауд Арабияга барып келген, биринчи болуп вирус аныкталгандардын жакындары. Бул тууралуу Би-Би-Сиге республикалык штабдан билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Official
Өзгөчө режим абалы жана коменданттык саат 25-марттан 15-апрелге чейин уланат. Бул шаарлар менен райондордо кечки саат сегизден таңкы саат жетиге чейин көчөдө жүргөнгө болбойт.
Аталган жерлерде азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар, банктар жана күнүмдүк камсыздоочу мекемелерден башкалары иштебейт.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузган жарандар мыйзамга ылайык жазасын алат.
"Көчөдө жүргөн адамдын өздүгү такталбаса үч күнгө чейин камакка алынат. Башка райондун жашоочусу болсо чыгарылат", - деди ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.

Сүрөттүн булагы, Official
Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиев 24-март түнкү саат 24:00гө чейин коменданттык саат кирип жаткан райондор менен шаарларда башка райондун жана чет жердик тургундар болсо чыгып кетүүнү эскертти.
Коменданттык саатта унаалар да токтош керек. Азык-түлүк жана башка зарыл каражаттарды ташыган унааларга тоскоолдук болбойт.
Бул тууралуу маалымат берген күч тармагынын жетекчилерине журналисттер өзгөчө зарыл кесиптин ээлери кандай тартипте иштей турганы боюнча көп суроо узатышты.
Дүйшембиевдин айтымында, Бишкекке сырттан кирип иштеген медиктерге унаа уюштуруу маселеси каралып жатат.
"Тилекке каршы, бул мыйзамга ылайык, бардык адамдардын укуктары бирдей чектелет", - деди Дүйшембиев журналисттердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып жатып.


Коменданттык саат жарыяланып жаткан аймактарга аскер кызматкерлери тартылып, алардын саны жетиштүү экени белгиленди.
"Азырынча мобилизация боюнча маселе коюлган жок. Биздин күчтөр жетиштүү", - деп билдирди башкы штабдын жетекчиси Дүйшембиев.
Жетекчилер белгилегендей, эскертүүлөргө карабай кыргызстандыктар көчөгө чыгуусун, бири-бири менен жолугушуусун токтотпой жатат. Алар азык-түлүк менен дарыга да курч зарылдык болбосо чыкпоону сунуштады.
Биз айрым аймактардагы жана Бишкектеги жарандардан карантиндин эрежелерин кантип сактап жатышканын сурадык.
"Биз Оштун Өзгөн районунда айылдабыз. Сыртта адамдар жок, балдар жок. Бүгүн балдарга вотсаптан тапшырма келди. Баары үйүндө отургандай. Бирок райондун борборуна каттап эле жатышат, базар иштеп жатат окшойт", - деди Асел аттуу жаран.
Бишкектик тургундардын бирөөсү бизге телефондон буларды билдирди: "Терезеден карасак эч ким көрүнбөйт. Балдар аянтчасы бош. Бирок балдарды үйдө кармоо оор эле экен".
Баткенден келген билдирүү: "Жазгы талаа иштери башталды. Айла жок, иштеш керек, беткаптарды кийип алып талаага жер айдаганы чыгып жатабыз. Шаарчаларга каттагандар азайды, бирок айыл жеринде тиричилигибиздин баары эшикте".
Коменданттык саатты камсыздоого канча күч тартылып жатканы айтылган жок. Алардын коргонуучу каражаттары жетиштүү экени белгленди.
Жогоруда аталган жерлерде буга чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. (AK)

































