Кыргызстан өзгөчө абал киргизет, коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды

Сүрөттүн булагы, official
Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу маалымат берип жатып, 26 жаӊы учуру катталганын билдирди.
Штабдын маалыматында:
"Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
- Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
- Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
- Ноокат аймактык ооруканасында
- Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
- Баткен облустук бириккен ооруканасында
Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
- Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
- 6 жаштагы 1 балада - коронавирус инфекциясы аныкталды;
- 14 жаштагы 1 өспүрүмдө - коронавирус инфекциясы аныкталды;
- Калгандарынын жашы - 16дан 86 жашка чейин",-деп айтылды.
Кыргызстан коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучунан улам өзгөчө абал киргизүүнү чечти.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечими кабыл алынган. Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Парламенти президент С.Жээнбековдун коронавирустун жайылышын токтотуу чарасы катары айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитүүнү толук колдоп берди.
"Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи",-деп кабарлады президенттин расмий сайты.
Өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкты талкуулоо үчүн бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат.
Өткөн апта соңунда Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган эле. COVID-19 вирусун жуктургандар саны өлкөдө 42 кишиге жетти.
Коронавирус жуккан алгачкы учур Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганы белгилүү болгон. (AbA)
































