Бишкекте ун азыктары кымбаттады: Себеби эмне?

Видеонун түшүндүрмөсү, Жашоочулар коронавируска байланыштуу азыктарды камдап, дүрбөлөңтүшүп жатабы?
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бишкекте ундун, ундан жасалган азыктардын жана шекердин баасы көтөрүлдү. Экономика министрлиги элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырып, бул жылда эле боло келген сезондук кымбаттоо деп түшүндүрдү.

Би-Би-Си Бишкектин борборундагы "Ош базарына" барып, алармандар жана соодагерлер менен маектешти.

Сатуучулардын бири ундун баасы жана ундан жасалган азыктардын баасы көтөрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бир мүшөк унга кеминде 100 сом кошулду.

ун

Ун кампасында иштеген жумушчулардын бири Казакстандын эмес, Кыргызстандын гана ун фирмалары бааны көтөргөнүн белгиледи.

Азык-түлүк товарларын чекене саткан дагы башка сатуучу шекердин мүшөгү 300 сомго кымбаттаганын, ун, макарондон башкалары эски баада экенин кошумчалады.

базар

Ал тапта Экономика министрлигинин Саясатты координациялоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев бул сезондук кымбаттоо деди. Анын айтымында, шекер сезонго жараша, азайып бараткандыктан баасы көтөрүлдү, ал эми ун Казакстандан кымбат кирип жатат.

Экономика министрлигинин өкүлү эл дүрбөлөңгө түшпөш керек деди. Ал ошондой эле мамлекеттик резерв тууралуу мыйзамга ылайык, зарыл учурда он эки азыктын баасын көзөмөлдөөгө болоорун эскертти. Ал Кытай менен чек ара гана жабык экенин белгилеп, азык-түлүктүн камы жетиштүү дейт.

"Биз эки багыт менен иштеп жатабыз. Биринчиси, биздин Материалдык резерв фондуна акча бөлүнүп, алар керектүү азыктарды сатып алат, аларда запас бар. Экинчиси, кайра иштетүү товарлары менен алектенген ишкерлерге жеңилдетилген шартта 6 пайыз менен каражат берүү. Запастар азыр жетиштүү", - деди Н.Шамшиев 13-мартта өткөн маалымат жыйынында.