Кыргызстан: сандар экономика өскөнүн көрсөтүүдө

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстандын ички дүң продукту 2019-жылы 4,5 пайызга өстү. Экспорт 9,5 пайызга көбөйдү.

Жеңил өнөр жай

Сүрөттүн булагы, Salkyn.kg

Бул сандарды премьер-министр өкмөттүн өткөн жылдагы ишин жыйынтыктап жатып билдирди.

Ал тапта эксперттер элдин турмушу менен бизнесте жылыш жок дешет. Мурдагы эксономика министри Эмил Үмөталиев керек болсо жашоочулар оор турмушка даяр болуш керек деди Би-Би-Сиге.

Өсүүнү өлчөгөн өкмөт

Өкмөттүн облус жана район жетекчилерин камтыган, жыл жыйынтыгын чыгарган жыйыны өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экономика туруктуу өскөнүн белгиледи.

Анын айтымында, 2019-жыл Кыргызстандын экономикасын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү аракети менен өттү.

Расмий сандар көрсөткөндөй, ИДПнын өсүшү 3,5% деп болжолдонгондон ашып, 4,5% түздү же 590 млрд сомго жетти.

Экспорт мурунку жылга салыштырмалуу 2019-жылы 9,5 пайызга өскөн. Экпорт үчүн Кытай сыяктуу жаңы базарлар пайда болуп, Кыргызстан Кытайга экспортун 24 пайызга көбөйткөн.

Курулуш 10,6 пайызга өскөн.

Премьер-министр ошондой эле 2019-жылы тышкы карыз кыскартылганын белгиледи.

"2019-жылы ишкердикти өнүктүрүүгө катуу көңүл бурдук. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында чакан жана орто ишкердиктин ички дүң продуктуга үлүшү мурда 36 пайыздан бир аз жогору болсо, өткөн жылы 39,5 пайызга көтөрдүк. Чакан жана орто бизнес бизде өнүгө баштады", - деди өкмөт башчы.

Түрдүү товар менен Казакстанга кире албай турган кыргыз товарлары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрдүү товар менен Казакстанга кире албай турган кыргыз товарлары, 23.01.2020

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы ишканаларда 6400 туруктуу жумуш орундары түзүлдү.

Кыргызстан 2019-жылы Дүйнөлүк Банктын Бизнес жүргүзүү боюнча рейтингинде жаңылык жасаган 20 мамлекеттин тизмесине кирди.

2019-жылдын тогуз айында инвестиция 67,3 пайызга өскөн экен. Ал эми көмүскө экономика 23,6 пайыз болуп сакталып турат.

Жаңы жылга жаңы өсүштөр планы

Өкмөт 2020-жылы ИДПны беш пайыздан кем кылбоо максатын койду.

Кумтөр кенинен экономиканын көз карандылыгын 2020-жылы он пайызга азайтылмакчы.

Бул жылы мартта Таластагы Жерүй кени биринчи алтын куймасын чыгармак. Анда мамлекеттин үлүшү болбогон менен кенди иштеткен "Альянс Алтын" ишканасы алтын алынгандан кийин бюджетке бир жылда эки млрд сом берүүнү болжоп жаткан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациялары түзүлүүдө. Кыргызстан андагы өлкөлөр менен 2020-жылы он беш чакты кооператив ишканаларын түзүүнү көздөп жатканын билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, ЕАЭБдеги өнөктөш мамлекеттер жалпы бажы төлөмдөрдөн алган Кыргызстандын 1,9 пайыздык үлүшүн кыскартууга аракет кылышкан, бирок Кыргызстан ошол боюнча сактап калды.

"Мунун эсебинен эле быйыл өзүбүз бергенден алты млрд сомго ашык алдык. Муну менен биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиз туура болгон деп эсептеп жатабыз", - деди Абылгазиев.

Кыргызстан органикалык продукция экспортоочу өлкөгө айлангысы келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан органикалык продукция экспортоочу өлкөгө айлангысы келет

Анын билдиришинче, РСК банкына 15 млн доллар салып, экспорттук банк кылуу аракети жүрүүдө. Бул каражат орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан алынууда.

Сандардан сырткары

Мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев тескерисинче 2014-жылы башталган экономиканын артка кетүүсү тереңдеп жатканын билдирди.

Ал экономикалык кыйынчылык ЕАЭБге киргенде башталганын, бул уюм өзү туңгуюктан чыга албай, лидери Орусия баш болуп мүчө өлкөлөрдүн экономикалык абалы начар экенин кошумчалады.

"Ошондуктан биз оор шартка туш болобуз. Экономикалык, соода көрсөткүчтөрүбүз менен катар эл арасындагы абал олку-солку болору күтүлөт. Анткени турмуш начарласа, элдин нааразылыгы күчөшү мүмкүн. Буга кошумча бийлик элге кысым жасаган маанай байкалууда", - деди Үмөталиев.

Үмөталиев бийлик күчүн бизнестен чыгарганын, азыр ишкердик чөйрөнүн шаабайы сууп, маанайы жок экенин белгиледи:

"Бюджет жетишсиз болгон үчүн өкмөт орто, чакан жана ири ишканалардан салыктарды сыгып алып толуктууго аракет кылып жатат окшойт. Биз ишканалар салык репрессиясына дуушар болгонунун угуп жатабыз. Алардын коргонуу аракеттерин мамлекет эске албай, бүт система, анын ичинде сот органдары мамлекеттик бюджетти толтурууга гана иштеп жатат. Ишкерлерди эч ким коргобой, каалаганыңарды кылып алгыла дегени байкалууда".

Үмөталиев мындай көрүнүш абалды андан ары начарлатып кете берээрин кошумчалап, өз чөйрөсүндө ишкерлер инвестиция тартуудан, пландары менен идеяларынан баш тарткан мисалдар бар экенин белгиледи.

Айыл-чарба

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Үмөталиев элге кур дегенде экономикалык абал боюнча туура маалымат жетсе, адамдар оор турмушка даярдык көргүдөй болуш керек деген пикирде.

Ал өкмөт экономикалык мамилелерди диверцификациялап, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдаганга салым кошуш керек, элди өнүккөн дүйнө эли менен атаандаштыкка даярдаш керек деди.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов экономикалык абал боюнча оптимисттик көз карашта.

"Өкмөт кызматтарынын баарын облус, райондорго чейин санариптештирип жатканы бул - абдан чоң иш. Бул коррупциядан кутулуунун жолу экенин азыркы бийлик ачык айтып жатат. Өкмөттүн өткөн жылкы ишине жалпысынан оң баа берсе болот", - деди Идинов Би-Би-Сиге.

Ал 2019-жылы мугалимдердин, айрым топтогу медицина кызматкерлердин айлыгы менен пенсиясы көтөрүлгөнүн, бул жылы милициянын айлыгы көтөрүлүп жатканын билдирди.

Идинов Кыргызстандын органикалык продукцияны экспорттогон өлкөгө айлануу аракетин белгиледи.

Кыргызстандын экспортунун басымдуу бөлүгү айыл чарба продукцияларына туш келет. Өкмөттүн эсебинде ал 2019-жылы 32,5 пайызга өстү.

Айыл-чарба тармагында иш алып барып жаткан ишкер, эксперт Темирбек Ажикулов бул көрсөткүч эмненин эсебинене өскөнүн түшүнбөйт.

Кыргызстанда дээрлик 1,5 млн адам жакыр жашайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда дээрлик 1,5 млн адам жакыр жашайт

Ал инвестиция тартууда жылыш байкалбайт, экономиканы алдыга сүдүрөчү ири долбоорлор жок, курулуш, кийим-кече өңдүү трамактарда соода-сатык басаңдап калды деди.

"ИДП менен экспорт кандайча көбөйгөнүн айтыш кыйын. Экспорт балким дале реэкспорттун эсебинен өсүп жатабы, белгисиз. Жерүйдөгү, Чаткалдагы эки-үч кирешелүү чоң долбоорлорду кошпогондо тоо-кен тармагына деле инвестор келген жок. ЕАЭБге товар экспорттоодо канча жылдан бери жеңилдик сезилбей келе жатат, айрыкча Казакстанга жүк алып өтүү дагы оорлоду. Бирок бул жерде албетте ишкерлердин да айыбы бар",- деди Ажикулов Би-Би-Сиге.

Ажикулов Улуттук өнүгүү стратегиясында артыкчылык берилген өндүрүш, жеңил өнөр жай, туризм жана айыл чарба багыттары толук кандуу колго алынса эле экономикада жылыш болот деп ишенет.

Ал эми Эмил Үмөталиев экономиканы өнүктүрүү үчүн бизнести куугунтуктаганды токтотуп, дүйнөдөгү 200 мамлекеттен жылда жаңы өнөктөш издегенге аракет кылыш керек деди.