Бийлик партиясы "Биримдик" болобу?

Сүрөттүн булагы, VIKTOR DRACHEV
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
КСДП ичтен ыдырап, эки жээкке бөлүнгөндөн кийин бийлик партиясы ким болот бүйүрдү кызыткан суроолордон болуп келди. Буга чейин бийлик "Мекен ынтымагы", "Замандаш" партияларын колго алууну караштырганы да талкууланган.
Шайлоого жакын "Биримдиктин" төрагасы алмашып, парламенттеги КСДП фракциясынын лидерлери бул партия катарына өтө баштаганы, бийлик партиясы ким болду анык болуп калгандай.
"Биримдик" кимди бириктирет?
2015-жылы өткөн соңку парламенттик шайлоодо бийлик партиясы ким болот деген суроо турган эмес. Себеби, мурунку өлкө башчысы ачык эле КСДПга колдоо көрсөтүп келген.
Бирок бул жолку шайлоо алдында КСДП бөлүнүп-жарылуудан кризиске батып, бийликтеги күчтөр Сагынбек Абдрыхманов жетектеген партияга басым жасагысы келбеди көрүнөт.
"Биримдикке" КСДП фракциясынын өкүлү Марат Аманкулов төрагалык кылып, партияга депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун мүчө болгону айтылууда. "Биримдик" саясатчыларды эле эмес жакын арада партиялардын да башын бириктирет өңдүү:

Сүрөттүн булагы, Official
"9% босого чекти эске алганда майда партиялар биригиши керек. Эгер партиялардын программалары, идеологиясы бир болуп турса биригиш керек. 6,5 миллион калкы бар Кыргызстанга 200дөн ашык партиялардын эмне кереги бар?", -деди депутат Айнуру Алтыбаева Би-Би-Сиге.
Коомдук сайттарда партиянын шайлоого тизмеси даяр экени, ал президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен башталары да талкууланган. Бирок Алтыбаева тизме партия курултайында аныкталарын айтып, мындай түкшүмөлдөрдү четке какты.
Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков былтыр апрелде КСДПдан чыгып кеткенин жарыялаган.
Мурунку өлкө башчысы жаңы президентке инисин парламенттен кетирсин деп шарт койгону белгилүү. Мындан чыккан чыр тирешке өтүп, ал барып отуруп бийлик партиясын экиге бөлгөн. Кийинки шайлоого карата Асылбек Жээнбеков кайсы партияга кошулат, дегеле шайлоого барабы суроосу кызык болуп келди.

Сүрөттүн булагы, Official
Журналисттер президенттенбул тууралуу такташканы да бар:
" Кудам болобу, агамбы же инимби ар бир адам өзү чечет. Бирок мен аны менен бул маселеде сүйлөшө элекмин. Бирок кандай чечсе да, бул анын чечими болот. Ар бир адамдын шайлоого катышканга Конституциялык укугу бар, мен эч кимдин андай укугун чектей албайм", -деген эле Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда.
Кыргызстанда соңку эки парламенттик шайлоодо төрт партия: КСДП, "Республика", "Ата Журт" жана "Ата Мекен" жеңүүчү болуп келди. Бирок талдоочулар бул жолку шайлоодо алардын жеңишке жетерине анча ишенбей жатышат.
Сегиз жылдан бери бийлик партиясы болуп келген КСДП тизгини былтыр катуу талашка түшүп, ичтен ыдырады. Атамбаев жетектеген социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү Кой-Таштагы окуялардан кийин соттон-сотко сүйрөлүп, шайлоого чамасы чакталуу болууда. Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП чыгымдуу шайлоо кампаниясын көтөрө алар-албасы да суроо.
Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, кайра келсе да башы сурактан чыкпаган Өмүрбек Бабановго тийиштүү "Республиканын" да дымагын бул шайлоодо айтуу кыйын. Бабанов өзү саясаттан кетерин буга чейин бир нече жолу кайталап келди. Партиядагы төрагалык Мирлан Жээнчороевке өтүп, азырынча ал шайлоого карата билдирүүлөр жасай элек.

Сүрөттүн булагы, AFP Contributor
Буга чейин "Ата Журт" партиясы кийинки шайлоого "Республика" менен эмес, өз алдынча бара турганын билдирген. Партия 2010-жылы өткөн шайлоодогу ийгилигин кайталагысы келип жатат. Бирок Камчыбек Ташиев жанына кайсыл саясатчыларды чогултат, кимдерди топтойт, белгисиз.
"Ата Мекен" өткөн шайлоолордо эң аз мандат алган партия болду. Лидери Текебаев эки жылдан ашык абакта жатып чыкты. Кийинки шайлоого барарын деле жар салып жатат. Бирок шайлоо чыгымдуу жараян экенин эске алганда, эмки шайлоого ата мекенчилердин каруусу жетер бекен?
"Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары парламентте аба ырайын түзө алдыбы, ал дагы суроо. Бирок бул үчөө бийлик партиясына ыктары тууралу жоромолдор бар.
"Азыр бул партиялардын кийинки парламентке келүү аракеттерин байкап жатабыз. Бирок булардын ичинен "Кыргызстан" бийлик менен ымалалашкан, бийликчил партиянын бир бутагы катары "Биримдикке" кошулуп жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар", -деди журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Сүрөттүн булагы, AFP Contributor
"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийинки айдын жекшембисинде шайлоо өткөрүлүшү керек.
































