Коронавирустан каза тапкандар жүздөн ашты, Кытай чектөөлөрдү күчөттү

Two children wearing face masks and holding hands

Сүрөттүн булагы, AFP

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кытай жаңы коронавирустан каза тапкандардын саны 106 болгонун, вирусту жуктургандардын саны эки эсеге өскөнүн билдирди.

Ошондо Кытайда 4,515 кишиге вирус жуккан, бир күн мурун эле бул сан 2,835 деп айтылган.

Бээжин буга чейин саякаттоого чектөөлөрдү киргизди. Коронавирус табылган Ухань шаарында карантин жарыяланган. Башкача айтканда шаар блокадага алынды. Андан тышкары Хубэй провинциясындагы коронавирус эң көп жайылган бир нече шаарда дагы карантин ыкмалары колдонулууда.

Вирустан улам көз жумгандардын көбү мурда өпкө илдеттерине кабылган карыялар.

коронавирус

Кытай кандай чараларды ишке ашырууда?

Вирус Кытай жаңы жылынын алдында тарай баштады. Бул учурда миллиондогон кытайлар жаңы жылды жакындары менен өткөрүү үчүн сапарга чыгат.

Chinese police officers wearing face masks

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирусту жайылтпоонун оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

Учурда жаңы жылдык иш чаралардын көбү токтотулду жана эс алуу күндөр жекшембиге чейин узартылды. Андан тышкары Хубэй провинциясынан коңшу аймактарга автобустар жүрбөй калды.

Көз жумган 106 кишинин жүзү Хубэй провинциясынын тургуну болгон. Аймакта 2,714 адам вирусту жуктурган.

11 миллион калкы бар Ухань шаарында дагы коомдук транспорт токтоп турат. Жеке унаа менен дагы көчөгө чыкса болбойт. Шаардын мэри тургундардын көбү карантин киргизилгенден мурун эле чыгып кеткенин айтты.

Гонконг менен Шанхайдагы көңүл ачуучу Диснейленд паркы дагы жабылды.

коронавирус

Чет өлкөдө абал кандай?

АКШда бир нече киши вирусту жуктурганы аныкталган. Кошмо Штаттарынын бийлиги жарандарын Хубэй провинциясына саякатка барбоого үндөдү. АКШ Ухандагы жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча долбоорун дагы ачыктады. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер жарандарын Кытайга барбай турууга үндөшүүдө.

Дүнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан башка мамлекеттерде 47 киши вирусту жуктурганын кабарлады. Бүгүн Германияда дагы бир адам вируска чалдыкканын аныкталды.

Чет өлкөдө вирусту жуктургандар саны:

  • Сегиз: Таиланд
  • Беш: АКШ, Австралия, Сингапур, Тайвань
  • Төрт: Малайзия, Түштүк Корея, Жапония
  • Үч: Франция
  • Эки: Вьетнам
  • Бир: Непал, Канада, Камбоджа, Шри-Ланка, Германия

Азырынча Кытайдан тышкары мамлекеттерде вирустан улам көз жумган бейтаптар жок.