Чек араны сагалаган кыргыз айдоочулары

Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде кезегин күткөн айдоочу

Сүрөттүн булагы, Timur Kokoev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде кезегин күткөн айдоочу
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалар тыгыны пайда болду. Кезек күткөн унаалар саны он чакырымга жеткенин айдоочулар айтып жатышат.

Чек арада текшерүүлөр 10-декабрдан тарта күчөгөнү маалымдалууда.

Кайрадан тыгын

Өзүн Тимур Көкөев деп тааныштырган ишкер үч аптадан бери чек арадан өтө албай, Орусияга товарын жеткире албай убара болуп жатканын айтып, Би-Би-Сиге кайрылды.

"Чоң машинелерди казактар өткөрбөй жатат. ТНП (ред. товары народного потребления) тууралуу жаңы эреже чыгыптыр деп атышат. Казакстанга жүк ташып кирип атат деп салык төлөп атабыз. Андан тышкары товарыңар растаможка документине шайкеш эмес деп, ага да штраф салып атышат. Эптеп казак чек арасынан чыксак, Орусиянын бажычылары күтүп турушат. Кытайдын товарларын көрсө эле кайра артка кайтарып жатат. Кыргызстанга Кытайдан кирген товарларды растаможка кылышып, бирок бир документтин копиясы менен он машинага товар жүктөп атышат деп, бизге ишенбей атышат".

"Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекети. 07-январь 2019
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекети. 07-январь 2019

Айласы кеткен айдоочулар ортомчулар аркылуу казак чек арачыларына 1200-3000 АКШ доллар берип, чек араны кесип жатканына арызданышууда.

Учурда "Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекетинде жүзгө чукул айдоочу тыгында турганы айтылууда.

Максат - "Хоргосту" өнүктүрүүбү?

Соңку эки жылдан тарта кыргыз ишкерлеринин товарларын казак чек арачылары өткөрбөй койгон учурлар көп катталды.

Жээнбеков президент болуп шайланып жаткан убакта мурдагы президент Атамбаев Назарбаевди Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатканы үчүн курч сынга алып, эки коңшу өлкөнүн саясий мамилеси начарлап кеткен. Анын кесепети, ириде, жүк ташуучуларга тийди.

Казак тарап Кыргызстанды чек арасындагы чабал бажы көзөмөлү үчүн сындап, аткезчилик тыйылбай жатканын жүйөө кармап келүүдө.

"Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекети. 07-январь 2019
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ак-Тилек - Кара-Суу" өткөрмө бекети. 07-январь 2019

"ЕАЭБге кирип жатканда соода тармагындагы тоскоолдукарды жоёбуз деп келишкенбиз. Бирок 2017-жылы болгон окуялар кайра эле кайталанып, ошонун эле бир түрү болуп атат. Бул маселе ЕАЭБ ичинде каралышы керек. Эгер алардын бизге дооматы болсо, анда ЕАЭБдин комиссиясына кайрылсын. Шылтоо кылып эле товарларды өткөрбөө керек болуп жатат. Эксперттер айтып атышат, казактардын өздөрү деле белгилеп жатат - мунун себеби, кытай-казак чек арасындагы "Хоргос" базарынын өнүгүшүнө шарт түзүү", -деген пикирде тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов.

Казакстан менен болгон чек арадагы тоскоолдуктар жөнүндө Бишкек 2017-жылы ЕАЭБке жана Дүйнөлүк соода уюмуна чейин арызданган эле. Бирок маселе бир жаңсыл чечилген эмес.

Кийин эки өлкө мамилеси жакшыргандай болгон, бирок ЕАЭБ курамына кирген коңшу эки өлкө чек-арасында кыргыз жүк ташуучуларынын тыгыны толугу менен жоюлуп кеткен жок.

ЕАЭБдеги төрт жарым жыл

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине тѳрт жылдан ашты.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги тѳрт жылдан ашуун тажрыйбасы Бишкекте декабрдын башында өткөн чоӊ конференцияда талкууланды. Өкмөт экономикада ѳсүш жылына 4% кем болбой келатканын, баалардын ѳспѳгѳнүн, экспорттун кѳбѳйгѳнүн, инфляциянын тѳмѳнкү деӊгээлин, сооданын оӊ динамикасын жүйөө тартууда.

"Экономикадагы жакшы динамика барган сайын күчөп баратат",-деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Ошол эле убакта ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жѳнүндѳ нааразылык дагы болуп жатат. Сырттан кирген автоунааларга жеӊилдик мѳѳнѳтү Армения үчүн узартылса, Кыргызстанга уруксат берилген жок. Казакстан алгандай көп жеңилдик Кыргызстанга берилбеди. Мындан улам бирикмеден чыгып кетүү жѳнүндѳ чакырыктар кыргыз парламентинин өзүндө айтылууда.

Кыргыз-казак чек арасы, 2017-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-казак чек арасы, 2017-жыл

"Бөрүбай протоколу боюнча Казакстандын төрт миңден ашык товарларынын пошлинасы бизге караганда азыраак. Анын жанында биз конкуренция кыла албайбыз. Бул Евразия экономикалык бирикмесинин Кыргызстанга акыйкат мамилеси эмес. Экинчиден, Кыргызстандын чек арасы жабылганда көрдүк. Маселе экономикалык-укуктук талаада чечилген жок. Саясий чечим кабыл алынды. Бул да өкүнүчтүү. Канча кыргыздын товары өтпөй, канча ишкер күйүп кетти. Тариф саясатына келгенде Дүйнөлүк соода уюмунун тарифтерин колдонуш керек болчу. Бизде кээ бир өлкөлөр өзүнө ыңгайлуу жерде ДСУнун тарифтерин колдонот, ыңгайсыз жерде ЕАЭБдикин колдонот",-деген эле буга чейин Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев.

2019-жылдын он айында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен болгон соодасынын көлөмү 2185,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын он айына салыштырмалуу 3,8 пайызга азайды.