Кыргыз коомун жиреген “коркунучтуу жарака”

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Келаткан жыл Кыргызстан үчүн саясий мааниси чоң жыл, кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Эксперттер азыртан эле анын курч саясий кырдаалда өтө турганы көрүнүп калды деп жатышат. Мурда-кийин кыргыздар регионалдык, уруучулук, социалдык жагынан бөлүнүп-жарылып келген болсо, эми эл ичинде дагы бир жарака кеткени коомчулукту кооптондурууда.
"2019-жылдын декабрына карата айылдык жана шаардык интеллигенциянын, айылдыктар менен шаардыктардын ортосунда, түндүк менен түштүктүн ортосунда терең жарака кетти. Буга чейин этникалык кыргыздардын ичинде мынчалык терең бөлүнүү болгон эмес. Бул жарака тереңдеген сайын шайлоого таасир этпей койбойт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча каршылыктар болбой койбойт. 2018-2019-жылдан бери Кыргызстанда болуп жаткан маалыматтык согуштун айынан рационалдык ойду кыйкырык куу-сүрөөн басып кетти",-дейт саясий эксперт Шерадил Бактыгулов.

Сүрөттүн булагы, facebook
Экс-президент Роза Отунбаеванын айылдык-шаардык деп сүйлөгөн сөзүнөн кийин дүрт эткен антагонисттик талкуунун толкуну басыла элек. Бир катар активисттер Бишкекте автобус менен шаарды кыдырып "Белгисиз маршрут" акциясын өткөрүп, укуктан улут жогору турат деген ураандарды чакыргандан кийин аларды фашистке теңеген пикирлер коомдук сайттарда отко май чачууда.
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев экс-президенттин сөзү айылдыктарга катуу тийбей койгон жок деп белгилеп, бул бөлүнүү жөн эле кейиштүү эмес, бул керек болсо "коркунучтуу жараңка" деп атады:
"Кеч боло электе ал кечирим сураш керек. Керек болсо тооп кылышы керек. Бул теманы көбүртүп-жабыртпай, анын кесепеттерин максималдуу түрдө жоюнун бардык чарасын көрүш керек".
Роза Отунбаева айылдыктар жөнүндө аларды басмырлаган мааниде эмес, башка мааниде сүйлөгөнүн айтып түшүндүргөн менен андан коомдук маанай өзгөрүп кеткен жок.
"Диний кагылыш"

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin
Шайлоо убагында электоратты бөлө турган дагы бир фактор диний мүнөздө болорун да болжоп жатышат. Ислам изилдөө институт өткөргөн сурамжылоого катышкан жаштардын 30 пайызы шарият менен жашоону каалай турганын билдиришкен. Ошол эле убакта таанымал динаятчылар өткөргөн жыйындарга эл абдан көп чогулуп жатат. Мына ушул шайлоодо диний электоратты пайдаланууга орчундуу аракет болот дейт эксперттер.
"Диний коомдун ортосундагы кагылыш бар. Кыргыз коомчулугу беш түргө бөлүнүп калды. Динди тутунгандар, светтик көз караштагы адамдар, атеисттер, радикалдар жана агностиктер. Агностикалык көз караштагылар айрыкча шаардагы жогорку окуу жайында окугандар арасында аябай көп болуп жатат. Кээ бир диний уюмдардын лидерлери регионго барганда канча миңдеген электоратты чогултуп атат. Ал эми менмин деген саясатчы бүгүнкү күндө эч алардай электорат чогулта албайт",-деди Би-Би-Сиге дин саясаты боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов.
"Кагаз суверенитет"

Анткен менен Кыргызстандын шайлоосунда анын өзүнө караганда тышкы күчтөрдүн таасири чечүүчү мааниге дегендер да бар. Алар кыргыздардын бөлүнүп-жарылганы эң биринчи тышкы күчтөр үчүн эң ыңгайлуу болорун айтышат.
Ушул жылы президент менен экс-президент чатакташып, акыры Путинден калыстык сурап барганда эле эксперттер Кремлди Кыргызстан үчүн "жогорку арбитр", "саясий жогорку инстанция" деп аташкан эле. Ал эми азыркы бөлүнүп-жарылуу "кагаздагы суверенитеттин" ого бетер азайышына алпарат дешет.
Бийликтин партиясы

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Эксперттер өлкөдө шайлоо убагында каттоодогу жүздөн ашык партиянын кеминде жыйырмасы активдүү болот деп жатышат. Бирок анын ичинен кайсыл күчтөр бийликтин партиясы болуп аттанарын азыр болжош кыйын болуп турат.
Ошол эле учурда Кыргызстан жаңы шайлоо боло турган жылга саясий партияларга электораттын ишеним деңгээли эң төмөн болгон шартта баратат. 2010-жылдан бери флагман болуп келген КСДП ичинен бөлүнүп-жарылып, эмки шайлоодо көч баштай албасы айдан ачык болуп калды.
Кыргызстандын болочок саясий тагдыры келерки шайлоодо парламентке келе турган күчтөрдүн саясий дараметине жана жоопкерчилигине жараша болмокчу. Ал эми азыркы шайлоо эрежеси боюнча парламентке келүүгө саясий интеллектуалдардын эмес, биринчи кезекте улутту эмес, чөнтөгүн ойлогон олигархтардын мүмкүнчүлүгү чоң дешет.
































