#REакция: президентке эскертүү

Бишкек, жарандык коомдун митинги
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек, жарандык коомдун митинги
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жарандык коомдун Бишкектеги бүгүнкү митинги Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылынын жыйынтыгын чыгарган маалга туш келди.

Коррупцияга каршы күрөшүү Жээнбековдун шайлоо алдындагы, андан кийинки дагы эң башкы убадаларынын бири болуп келди.

Бирок жемкорлукка каршы күрөш тандалма мүнөздө жүрүп жатат деген нааразылык, жарандык коомдун азыркы президентке ишенимин кетирип жаткан өңдүү.

"Коррупция-матрешка"

Ала Тоо аянтына акцияга чыккандар негизги үч: "Раим камалсын", "урууларды орду түрмөдө", "реалдуу реформа" чакырык салышты.

Ала Тоо аянты, жарандык коомдун митинги
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ала Тоо аянты, жарандык коомдун митинги

"Менин митинг дегендерге бул биринчи чыгышым. Карга, аба-ырайына, бутумдун суу болгонуна карабай өзүмдүн жарандык позициямды билдирейин деп келдим. Коррупция тамырын жайып, орустардан матрешкасындай эле болду бизде. Башын аласың, ичинде калат, башын аласың, ичинен дагы бирөө чыгат. Ошону түбүнөн жоготуш керек" - деди жыйырма жаштагы студент Аида Мадалбекова.

Кыргыз-кытай чек арасындагы коррупция тууралуу журналисттердин иликтөөсү жарыялангандан кийин жарандык коом бүгүн бийлик тараптан реакция талап кылды.

"Акча кайда?"

Активисттер бажыканада өөнөлүп кеткен каражатты кайда жумшаса болмок, эсебин чыгарышты.

"700 миллион долларга 29 акыр-чикир полигонун, шифер чыгаруучу 192 завод куруп, 128 жолу милицияда реформа жасамакпыз. 607 мектеп жана 1073 бала-бакча кура алмак экенбиз. Жогорку Нарын ГЭСин куруп, Бишкек ЖЭБди эки жолу кайрадан жаңылап курмак экенбиз. Ар бир балага 9 миң 778 сомдон пособие тиймек экен. Бул акчага Кыргызстандын көп ишин бүтүрмөк экенбиз", -деди иш-чаранын модератору Улан Үсөйүн.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Өкмөт тараптан чогулгандар алдына эч ким чыккан жок.

"Раим чакырылат"

Ал тапта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча ишти Баш прокуратура каттоого алганын билдирди.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев

"Тийиштүү органдардан мекеме аралык тергөө тобу тузүлүп, аны УКМК жетектемей болду. Иликтөөдөгу бардык жүйөөлөр териштирилип, иликтенет. Ага журналисттик иликтөөдө аталган бардык адамдар чакырылат деп ойлойм. Анын ичинде, балким Раим Матраимов да чакырылат", - деди Сагынбаев.

22-ноябрда "Азаттык", "Клооп" жана Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун (OCCRP) иликтөөсү чыгып, анда бажыдагы коррупциялык - күмөндүү иштер, ага аралашкан адамдар, анын ичинде уйгур ишкери Абдукадыр Хабибулла, Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аттары аталган.

Иликтөөдө Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаити берди делген документтер негиз келтирелет.

"Күнөөлү эмесмин"

"Мен тууралуу "Азаттык" айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын", -деген Раим Матраимов өзү коомдук сайттардагы кайрылуусунда.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимов

Бишкекте акциянын жыйынтыгында президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышты. Ал эми жарандык позициясын көрсөткүсү келгендер тийиштүү петицияга кол коюшуп, тарап кетишти.

Эмнеси болсо дагы, эки жыл мурда бийликке келген президентке жарандык коомдун бул биринчи жолку чоң эскертүүсү болуп жаткансыйт.