ЕАЭБдеги төрт жыл: экономиканын ыргагы менен чырлары

Кыргызстан ЕАЭБке 2015-жылы ккошулган.

Сүрөттүн булагы, TABYLDY KADYRBEKOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан ЕАЭБке 2015-жылы кошулган.
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
  • Published

Ушул жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине тѳрт жыл толду. Ушул убакыт ичинде өлкөдө экономикалык оң тенденциялар менен катар бирикменин ичинде дискриминациялык мамиле дагы болбой койгон жок.

Жакшы динамика

Кыргызстандын ЕАЭБдеги тѳрт жылдык жашоосунун оӊ-терс натыйжалары Бишкекте декабрдын башында өткөн чоӊ конференцияда талкууланды. Өкмөт экономикада ѳсүш жылына тѳрт пайыздан кем болбой келатканын, баалардын ѳспѳгѳнүн, экспорттун кѳбѳйгѳнүн, инфляциянын тѳмѳнкү деӊгээлин, сооданын оӊ динамикасын жүйө тартууда.

"Экономикадагы жакшы динамика барган сайын күчөп баратат",-деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Жаӊы бирикмеге кошулгандан бери Кыргызстанда ИДП жан башына кѳрсѳткүчү номиналдуу алганда 22% ѳстү. Кээ бир аналитиктер болжоп айткандай, керектѳѳ баалары 20% ѳсүп кеткен жок. Инфляция кеминде 9% кем болбойт деп күтүшкѳн, иш жүзүндѳ анын жылдык кѳрсѳткүчү 3% жетпеди.

"Макроэкономикалык туруктуулукту сактап калдык. Кире электе канча эксперттер коркутту эле азыр кирсек оңбойбуз, жоголобуз, инфляция аябай өсөт деп. Бирок мына ИДП өстү, орточо өсүш темпин карасак 4,1% түздү. Салыктык кирешелер эки эсе өстү", -дейт экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.

2017-жылы Казакстан чек араны жаап койгондо чек аранда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын колоннасы жети километрге созулуп кетти.

Сүрөттүн булагы, AKIPRESS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы Казакстан чек араны жаап койгондо чек арада кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын колоннасы жети километрге созулуп кетти.

"Акыйкат мамиле эмес"

Ошол эле убакта ЕАЭБдеги тоскоолдуктар, дискриминациялык жүрүштѳр жѳнүндѳ нааразы кеп дагы болуп жатат. Сырттан кирген автоунааларга жеӊилдик мѳѳнѳтү Армения үчүн узартылса, Кыргызстан үчүн уруксат болбоду. Казакстан алгандай көп жеңилдик Кыргызстанга берилбеди. Мындай басмырлоого баш ийбей, бул бирикмеден чыгып кетүү жѳнүндѳ чакырыктар ѳлкѳнүн парламентинин ѳзүндѳ айтылууда.

"Бөрүбай протоколу боюнча Казакстандын төрт миңден ашык товарларынын пошлинасы бизге караганда азыраак. Анын жанында биз конкуренция кыла албайбыз. Бул Евразия экономикалык бирикмесинин Кыргызстанга акыйкат мамилеси эмес. Экинчиден, Кыргызстандын чек арасы жабылганда көрдүк. Маселе экономикалык-укуктук талаада чечилген жок. Саясий чечим кабыл алынды. Бул да өкүнүчтүү. Канча кыргыздын товары өтпөй, канча ишкер күйүп кетти. Тариф саясатына келгенде Дүйнөлүк соода уюмунун тарифтерин колдонуш керек болчу. Бизде кээ бир өлкөлөр өзүнө ыңгайлуу жерде ДСУнун тарифтерин колдонот, ыңгайсыз жерде ЕАЭБдикин колдонот",-деди Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев.

"Экспортту көбөйткөнгө толук мүмкүнчүлүк бар»

2019-жылдын он айында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен болгон соодасынын көлөмү 2185,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын он айына салыштырмалуу 3,8 пайызга азайды.

Сооронбай Жээнбеков, жылдык жыйынтык, 25-декабрь 2019

Сүрөттүн булагы, President.kg

Ошол эле убакта өкмөт менен президент өлкөнүн экспорттук потенциалы өскөнүн айтып жатат. Сооронбай Жээнбеков бул маселеге өзүнүн 25-декабрдагы чоң басма сөз жыйынында токтоло кетти:

«Баса белгилеп кетүүчү жагдай, ЕАЭБке мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукцияларын экспорттоочу ишканалардын саны беш эсеге өстү. 2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө жүздөн ашты. Россия Федерациясы тарабынан убактылуу коюлган ветеринардык чектөө быйыл алынды. Кытай Эл Республикасына экспорттоочу кээ бир товарлар боюнча макулдашууга жетиштик. 2019-жылы Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлар 25% өстү. Бул рынокко кирип, экспортту көбөйткөнгө толук мүмкүнчүлүк бар».

Кыргызстан ЕАЭБге киргени элдин жашоо деӊгээлине кандай таасир этти деген дагы суроо бар. Жакырчылык деӊгээли тѳрт жылда 32 пайыздан 22 пайызга түштү. Эмгек акынын кѳлѳмү 2010-жылга салыштырганда эки жарым эсеге жакын ѳстү.

"Чоң Евразиянын" кичине Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрү

Астанадагы келишимге Евразия Экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Кытайдын эл аралык соода өкүлү министр Фу Цзыин жана ЕАЭБдеги ар бир өлкөнүн өкүлү кол коюшту.

Сүрөттүн булагы, Eurasiancomission.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда келишимге 2018-жылы Астанада кол коюлду. Евразия Экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Кытайдын эл аралык соода өкүлү министр Фу Цзыин.

ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда башталган кызматташтык деӊиз жолдорунан алыс, темир жолдору жок, географиялык туюкта турган Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келчүдөй. Кытай менен Орусиянын лидерлери «Чоӊ Евразия» деп аталган мегадолбоорду баштап жатышканы белгилүү. Кытайдын чоӊ долбоорлоруна кошулуу Кыргызстан үчүн транспорттук-транзиттик инфраструктураны ѳнүктүрүү үчүн маанилүү болмокчу. Бирок Кытайга каршы маанайдын күч алып жатканын эске алганда, бул жолдо дагы ѳзүнчѳ тайгак ашуулар кѳп болот ѳӊдүү.

Европа рыногуна ачылган эшик

Кыргызстан үчүн экспорттук дагы бир мүмкүнчүлүк "ВСП+" программасы аркылуу Европанын рыногуна чыгуу болуп саналат. Кыргызстан 2016-жылы Европа Биримдигинин "ВСП+" деп аталган программасынын колдонуучусу деген статусту алган. Бул Кыргызстан үчүн Европанын 28 өлкөсүнө товар сатканга эч кандай бажы төлөмү коюлбайт деген мүмкүнчүлүк.

Европанын рыногун Кыргызстандын биринчи кезекте экологиялык таза продукцияларына кызыктырат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европанын рыногун Кыргызстандын биринчи кезекте экологиялык таза продукцияларына кызыктырат

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, жогоруда аталган жеңилдик программасы аркылуу Европанын рыногуна экспортко негизинен кургатылган мөмө-жемиш, текстиль жана азык-түлүктүн саналуу түрү гана кетип жатат.

"2016-жылы 72.3 млн. долларга бааланган товар экспорттолгон. Ошол жылдагы экспорт көлөмү ушуга гана жеткен. 2017-жылы 246.4 млн доллар, 2018-жылы 758.8 млн долларга чамалаган. Ал эми ушул жылдын июль айына чейинки көрсөткүчтү ала турган болсок 500 миллион долларды түзөт. Сандар так көрсөтүп тургандай жыл өткөн сайын Европа өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү өсүп жатат",- дейт Экономика министрлигин бөлүм башчысы Назар Малаев.

Өнөр жай өндүрүшү

Кыргыз экономикасынын структурасында "Кумтөр" алтын кени чоң орунду ээлейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз экономикасынын структурасында "Кумтөр" алтын кени чоң орунду ээлейт

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү он бир айдын жыйынтыгы боюнча 250 миллиардга жакын сомду түзүп, 9,6% өстү. Өсүш негизинен алтындын эсебинен болду, алтын өндүрүшү 18,9 % түздү.

Алтынды эске албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 132,3 млрд сом болду. Өсүш болгон позициялар: текстиль (19,4%), кийим (18,0%), чийки мунайзат жана жаратылыш газы (13,1 %), көмүр (7,1 %), металл эмес минералдык продуктулар (6,7 %), тамак-аш продуктулары (4,0 %).

Жалпысынан алганда өнөр жай өндүрүшүнүн оң динамикасы байкалууда, бирок кайра эле мында орчундуу ролду кымбат баалуу металлдар тармагы ойноп жатат.

Көмүскө экономика

Кыргызстан өзүнүн экспорттук потенциалын көбөйтүп, сырттан рынок издеп жаткан убакта өлкөнүн ичиндеги көмүскө экономиканын көлөмү азайбай, кайра көбөйүп жаткандай көрүнөт. Айрым эсептөөлөргө караганда, азыркы учурда көмүскө экономиканын көлөмү отуз пайыздан ашты, бул орто эсеп менен мамлекет казынасына 20 миллиард сом түшпөй жатат дегендик.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2013-жылы көмүскө экономиканын көлөмү - 19,8%, 2014-жылы - 23,2%, 2015-жылы - 23,8%, 2016-жылы - 24,5%, ал эми 2017-жылы - 23,6% болгон.

"Көмүскө экономиканын жогорулап жатышы жергиликтүү ишкерлерге терс таасирин тийгизүүдө. Атаандаштык төмөндөй. Кыскасы негативдүү таасирлери абдан чоң. Биздин базар чакан. Андыктан маселени тез арада жолго салып коюуга мүмкүнчүлүк бар",- деди ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов.

Ɵкмөт өз кезегинде өлкөгө кирип жана чыгып жаткан товарларды электрондук каттоого алуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу аракетин көрүп жатканын айтууда.

Экономикадагы өсүш

Ички дүң продукт (ИДП) 2019-жылдын январь - ноябрында өткөн жылдын он бир айына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйүү менен 513 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын деңгээлинен 3,5 пайызга ашып, 459 млрд. сом болду.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарынын эсебинен жүрдү.