Канткенде ракка учурунда текшерилебиз?

Күлгүн түс менен эмчек рагына каршы түрдүү акциялар өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күлгүн түс менен эмчек рагына каршы дүйнөдө түрдүү акциялар өтөт
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда ракка текшерилип туруу чакырыктары жасалат, жыйынтык берип жатабы? Эмчек рагына кабылгандардын 30дай пайызы гана экинчи, үчүнчү стадияда (эрте деп эсептелген стадия) кайрылат деп божомолдойбуз дешти Улуттук онкологиялык борбордон.

Британ жана Америка окумуштуулары биригип рак жаңы пайда болгондо кандай болот деген суроого жооп издөөгө киришти. Ал үчүн лабораторияда клеткаларага көз салып, андагы өзгөрүүлөрдү байкамакчы.

Эрте текшерилүү өмүрдү сактайт

Изилдөө ондогон жылдарды алса дагы рактын эң алгачкы күндөрүн билүү өтө маанилүү. Анткени рактын алдын алуунун негизги чараларынын бири азырынча - болушунча эрте аныктоо дешет адистер.

Кыргызстанда эрте диагностика жүргүзүү өтө чабал. Муну рак диагнозу коюлгандардын 40 пайызы ошол эле жылы көз жумуп жатышы көрсөтүүдө.

Ушу тапта өлкөдө эмчек рагын эрте аныктап, текшерилүүгө чакырган бир айлык өтүп жатат. Эмчек рагы Кыгрызстанда рактын эң көп катталган түрү. Бирок дарыгерлер эрте аныктаса аны дарылоого болот дешет.

Өзүн Гүлмира деп тааныштырган айым 57 жашта. Быйыл жайда эмчеги ооруганда маммологго келип, рак бар экенин аныкташкан. Экинчи стадияда. Ага чейин бир да жолу жөн гана текшерилүүгө барган эмес.

Күлгүн түстөгү лента эмчек рагына каршы күрөшүүнүн символу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күлгүн түстөгү лента эмчек рагына каршы күрөшүүнүн символу

"Июнь айында эмчегим сайгылашып бир аз ооруду, көп деле кыйнаган жок. Жөн эле ооруп жатса керек, текшерилип коёюн деп маммологго бардым. Үч күндөн кийин басылып калды, ошого алданып калат экенсиң. Дарыгерге келгенден тарта көп тарапка жиберди, биопсия алды, аягында рак деген диагноз тастыкталды. Адегенде үч жолу химия аласың деген, аны жасаган дарыгер алты жолу керек деди. Азыр бешинчисин алдым. Дарылары аябай кымбат экен, бир химиясына 40 миң сомдой кетет, 21 күн сайын алам. Мен тогуз миң сом айлык алган мугалим болсом анча акчаны кайдан табам? Ар бир химия алган сайын организмиңдин башка жактары кыйналат, аны дарылаганга өзүнчө акча керек. Эми операция болом, андан кийин дагы канча каражат керек экенин такыр билбейм", - деп кейиди Гүлмира.

Текшерилүү кымбат эмес

Эмчек рагына каршы туруунун символу катары күлгүн түстөгү лента колдонулат. Бул акцияны дүйнө жүзүндө мамлекет башчылары, хандар, белгилүү окумуштуулар, саясатчылар колдошот.

Кыргызстанда жүздөн ашык бейтап айымдарды бириктирген "Эргене" коомдук фонду октябрда "Күлгүн ай" өткөрүп, айымдарды текшерилүүгө чакырууда.

Кырк жаштан кийин жылына бир жолу маммография аппаратынан өтүп туруш керек. Ал эми ал жашка чейин дарыгерге көрүнүп, УЗИ жасатып турса болот.

Бирок коомдук фонддогу аялдар пикир алмашууда белгилешкендей, жөн гана маммологго келип текшерүүдөн өтүп коюу Кыргызстан аялдарынын арасында жокко эсе. Алар качан гана денесинде оору же бир симптомдор белгилүү болгондо кайрылышат деди.

Бишкек

Кыргызстанда тогуз маммографиялык аппарат болсо, анын бири ушул фонддо. Фонддун координатору Тынара Касымалиеванын айтымында, күнүнө эки-үч аял келип текшерилет. Ал эми жашоосу Бишкектен көп алдыга кетпеген, калкынын саны да дээрлик окшош Ереванда бир борборго күнүнө 150-200 киши келип жатты дейт Касымалиева. Бишкекте ал аппараттан өтүү 700 сомдун тегерегинде.

Бул уюмда бир эмчегин алдырган айымдар он үч, он, жети жылдан бери оорусуз жашап келатышканын айтышты. Демек, өмүрдү сактап калууда айымдардын маалыматка ээ болуп, учурунда текшерилип туруусу гана чоң мааниге ээ.

Рак башында оорутпашы мүмкүн

Шевейцариядан келген онколог Крис Де Вульфдун айтымында, көп Европа өлкөлөрүндө маммографиядан жапырт өткөрүү программалары иштейт. Ал алты миллион жашаган Кыргызстанда тогуз гана маммографиялык аппараттын болушу аялдардын учурунда текшерилишин кыйындатат деди.

Ал раккка кабылуу саны, жабыркаган аялдардын орточо жашы Швейцария менен Кыргызстанда көп айырмаланбашы мүмкүн, бирок аны аныктап, дарылоо көрсөткүчү өз өлкөсүндө жогору деди.

"Эмчектин оорушу - рактын симптому эмес. Эмчек рагы такыр оорубашы мүмкүн. Эки нерсени байланыштырганга болбойт. Бирок сенин денеңди сен гана жакшы билесиң, мисалы, жуунуп жатканда, самын денең жылма болуп калганда колуңа бирдеме сезилсе, дароо текшерилиш керек", - деди онколог Би-Би-Сиге.

Доктор Вульф Кыргызстанда бир маммографиялык аппаратты ар аймакка жылдырып аялдарды текшерип чыгуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Өнөктүк

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дарыгерге учурунда баруу капчыкка да пайдалуу

Ракка чалдыккандар дары менен дарылоо өтө кымбат деп мамлекеттен жардам күтүп келишет.

Улуттук онкологиялык борбордун башкы директору Эрнис Тилеков кийинки жылы өтө оор бейтаптарга мамлекеттен жардам берүү аракетин көрүп жатабыз деди.

"Химиялык, таргенттик дарылар бар, алар чынында аябай кымбат. Мамлекеттин да бюджети чектелүү болуп жатпайбы. Ошондуктан бейтаптар өздөрү алганга мажбу. Ал эми балдарды 90 пайызга чейин мамлекет бекер камсыздап жатат. Чоңдордун 15 пайызына берип жатабыз. Кийинки жылы бюджетибиз көбүрөөк болсо рак менен ооруган айрым бейтаптарга жеңилдиктерди кылсак деп жатабыз", - деди Тилеков Би-Би-Сиге.

Эмчек рагын биринчи стадияда аныктагандардын 98 пайызы беш жана андан көп жыл жашаса, төртүнчү стадиядагылардын 26 гана пайызы ошончо жашайт.

Кыргызстанда ушу тапта 27 миңдей киши рак менен каттоодо турат. Жылына алты миңге чукул адамга ушул диагноз коюлат. Алардын ичинен эң көбү эмчек рагы, эркектердин арасынан эң көп адам өпкө рагы менен ооруйт.