"Чоң муштумдар" кармалды

Бишкектин Жал кичи районунда эки адамды өлөөрчө сабаган зөөкүрлөр кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын түнкү саат төрттөн өткөндө адвокаттын коштоосунда өздөрү шаардык милицияга келгени тартылган видео интернетке чыкты.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Бейшембиде чоң муштумдардын кармалбай атканына нааразы адамдар Ак үйдүн алдына чыгышкан. Шаардык милиция башчысы өз кезегинде кылмышка шектүүлөр чукулда кармалат деп убада берген эле.
Бишкекте августтун этегинде эки адамдын мыкаачылык менен сабалган окуясы алигиче эл оозунан түшө элек. Ур-тепкиге алган бир туугандар экени аныкталган, ал эми аларды кармабай коё берип жиберген үч милиция кызматкери иштен алынып, экөөнө сөгүш жарыяланды.

"Чынында улуу агасы милицияда иштечү. Чүй облусунда ГУБОПто. Кечээ күнү министрдин буйругу чыкты. Анын агасы жумуштан кетти. Андан тышкары Ленин районундагы тергөөнүн башчысы менен тергөөчү дагы жумуштан бошотулду. Бул жерде бирөөнү жаап же жашырмай жок. Мына мен айта алам жакынкы арада экөө тең кармалып, тергөө амалдары жүрөт",-деди Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Джумагазиев.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Жабыркагандардын жакындары, туугандары, коомдук активисттер зөөкүрлөрдүн кармалбай жатканына нааразы болуп жатышкан.
"Камалды деп айтышкан байкеси, камалбай эле жумуштан бошотулду деп айтып жатышат. Кайра телевизордо интерью берип жүрөт. Агасын камаса эки бала жөн эле соода кылган балдар экен. Ал эмес карапайым эл алардын каякта экенин угуп жатабыз. Өздөрүнүн колунан келбейби анда бизге берсин, биз өзүбүз кармайбыз",-дейт жабырлануучу балдардын агасы Болотбек Курманбек уулу.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Бул окуя камерага түшүп калган үчүн элдин баары көрүп, курч талкуу жаратты. Чынында мындай мыкаачылык көрүнүштөр Бишкекте көп болот деп жатышат активисттер.
"Таң эртең менен, күндүз айланасында кишилер өтүп атат. Машиналар өтүп атат. Бери жакта эки баланы өлөрчө сабап, жердин бары канжала болуп жатканына карабай жанынан кайдыгер машина айдап өтүп жаткандарды көрүп атабыз. Мындай чоң муштумдар болсо, акчанын күчү менен бийликтеги, органдагы өздөрүн жашырган "крышаларынын" күчү менен бошоп кетип жаткандыгы үчүн эл дагы үмүтүн үзүп калды акыркы учурларда",-деди блоггер, журналист Тынчтык Алтымышев.
Акыркы эле кезде таламандын так түшүндө эл көп жүргөн соода борборунун алдынан чет өлкөлүк мугалим, андан мурунураак дагы бир жаран ур-тепкиден көз жумган. Бишкектин мектептеринин биринде эки окуучу мушташып, бири алган жаратынан улам көз жумган. (KJ)

































