Баткен: чек арада кайрадан жаңжал

Сүрөттүн булагы, MAXIM MARMUR
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргыз-тажик чек арасында өткөн ишембиде Лейлек районунда катары менен эки чыр катталды. Окуянын чоо-жайы жөнүндө эки өлкөнүн чек ара кызматтары кайчы айыптоолорду жасап жатышат.
Тажик тарап кыргыз жарандарынын талаштуу аймакта май куючу эки станция куруу аракетинен талаш тутанган дейт. Кыргызстандын чек ара кызматы өзүнө караштуу жерде чарбалык курулуш баштаган кыргыз жараны тажик жарандарынын опузасына кабылган деп жатат.
Окуянын чоо жайы
Окуянын чын-бышыган тактоо үчүн Би-Би-Си Лейлек районунун акиминин түшүндүрмөсүн укту:
"Биринчиси, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер. Бирок ал жерлерде чарбалык курулуштарды тургузууга айыл өкмөт тарабынан уруксат берилген. Ижарага алынган жер, жеке менчик эмес. Жаркынбек Босонов деген Борбордук айылдын тургуну өзүнө сарай, кампа курам деген жерине келип тоскоолдук кылышыптыр".
Окуяга милиция жана чек арачылар кийлигишип, асманга эки жолу ок атылганда гана жаалданган тараптар тарагандыгы айтылууда. Окуяда кыргызстандык бир милиционер мээси чайкалып, ооруканага жеткирилди.

Сүрөттүн булагы, Official
Ошол эле күнү Лейлек районуна караштуу дагы бир айылда коңшу тургундардын чатагы болду.
"Арка-2 айылынын тургуну Дооран Абдухамидов деген жигиттин кампа курам деген жерине келип, тоскоолдук жаратышкан. Ал жерде май куючу жай курулмак эмес, аны мен тастыктап бере алам. Тажиктер ал тактала элек жер деген дооматты коюп жатышат. Бирок андай эмес. Ал жерде трассанын өйдө тарабы кыргыздыкы, ылдый жагы тажик тараптыкы. Ал жакта тактай турган маселе калган эмес", - деди Лейлектин акими Баймурат Бекмуратов.
Бул окуялардан кийин Баткен районундагы Көк-Таш чек ара тилкесинде Тажикстандын жарандары топтолуп, Ак-Сай - Көк Таш жолунун курулушуна нааразылык билдиришкен, дейт Кыргызстандын Чек ара кызматы.
Жергиликтүү бийлик кыргыз-тажик чек арасында чырга себепчи болгон курулуштарды бир апталык мөөнөткө токтотуп, учурда жеринде абал тынчыды.
Бир, эки, үч...
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын эң кыска бөлүгү Тажикстан менен чектеш аймакка туура келет. Бирок Борбор Азиядагы чек арадагы чатактардын саны боюнча соңку жылдары бул аймак алдыга чыкты десек болчудай. Чек ара чыры утур-тур чыгып, айрымдары адам өлүмү менен бүтүүдө.
Июль айында эле жергиликтүү тургундардын чек ара тилкесинин өз тарабына мамлекеттик желегин жана жазууларды орнотуу аракеттери кагылышка алып келип, ок атылып, бир тажик жараны каза тапты. Эки тараптан 20дай киши жараат алган болчу.
Андан кийин эки өлкө президенттери жолугуп, Сооронбай Жээнбеков чек ара маселесинде мунаса табылганын да айткан:
"Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти "жөнөкөйдөн татаалга карай", өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык".

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттер конкреттүү документтерге кол коюшкан эмес. Бирок жакын арада эки өлкөнүн жумушчу тобунун жыйыны өтө турганы, анда жер алмашуу маселеси каралат деп болжолдонуп жатканы айтылган.
"Президенттер оболу Тажикстанда жолугуп, анан Ысык-Көлдө сүйлөшүүлөр улантканынан элдер көптү үмүт кылышкан. Чек ара маселесинде башкача, радикалдуу жаңы кадамдар болобу дешкен. Тилекке каршы, ал жолугуу протоколдук гана жолугуу болгонбу деген ой калтырды. Себеби эч кандай бир жаңыча ой же чакырык да айтылган жок. Бул жакынкы келечекте бул маселеде жаңыча иш болбой турганынан белги бергенсиди", -дейт серепчи Эмилбек Жороев.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырымды түзөт. Алардын ичинен 70 жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар бар.
"Ар бир чарчы метр баалуу"
2010-жылдан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жалпы 150дөн ашык чыр-чатактар катталды.
Чек ара маселесин чечүүнү создуктурган башкы себептердин бири - тажик тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары карманууда.
Эскертүү: төмөнкү видео кыргыз-тажик чек арасында быйыл июль айында болгон окуяларга тийиштүү:
"Маселени чечүүнүн Кыргызстан тарапка зарылдыгы күчөп келе жатат. Жергиликтүү элдин саны өскөн сайын жерге болгон муктаждык, жайыт-сугат жерлерге талап өсөт жана курчуй берет. Ар бир чарчы метр баалуу. Биз тарапта элди саны азыраак деп эсептегенде жана ички-тышкы миграция ошол жакта жайгашкан тажик тараптыкынан күчтүрөөк экенин эске алганда, бул чек араны тактоонун создуктурула бериши Кыргызстан үчүн өзгөчө коркунуч туудуруп, коопту жагдайга түртөт",- деп эскертти Жороев.
2018 -жылы кыргыз өкмөтү эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактын 520 километрин же башкача айтканда 53,5% такталганын айткан. Бирок андан бери көзгө көрүнөрлүк жылыш байкала элек.

































