Кендирди кескен кендер чатагы

Эгемендик жылдары кендерди иштетүүгө баардыгы 2571 лицензия берилген

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгемендик жылдары кендерди иштетүүгө баардыгы 2571 лицензия берилген
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бүгүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Солтон-Сары кенинде ишти токтотууну талап кылган жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө чукул кеңешме өткөрүп, кендеги чатак компаниянын ишин токтотууга "себеп болбошу керек" деп белгиледи.

Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы митинг уланып жатат, чогулгандар саны эки миңге чамалады. Окуя болгон жерге борбордон милицияга кошумча күч тартылды.

Дүйшөмбүдө Нарын районунун бир нече айылынын тургундары Zhong Ji Mining компаниясынын базасына басып кирип, жыйырмадай кытай кызматкерлери сабалган.

Кендеги ташбараң

"Губернатор кытайларды жана алардын техникаларын базасынан чыгарып кетем деп кечээ сөз берген, бирок ал убадасын аткара алган жок. Бир жарым, эки миңдей киши чогулган. Анын баары казуу жүрүп жаткан аймакка кирип кетишкен. Арасынан он чакты бала түшүндүрүү жолу менен алып түшөбүз деп барганда, кытайлыктар таш бараңга алышкан. Анан ошондон чуу чыкты", - деп Би-Би-Сиге кечээки окуянын чоо жайын айтып берди Он-Арча айыл өкмөтүнүн депутаты Кубан Кендирбаев.

Анын айтымында, бүгүн кен иштетүүгө каршылык билдирип чогулгандардын саны кечээкиден көп болду, бирок кырдаал дүйшөмбүдөгүдөй курч эмес.

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг

Ал аңгыча, биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов окуя болгон жерге барып, жергиликтүү элдин талабын укту.

Чогулгандар Бороновдон кен мындан ары иштетилбей турганын тастыктаган документ кагаз талап кылып, анысы жок "тарабайбыз" деп айтышты.

"Инвесторлор качпасын"

Ал арада өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чукул кеңешме өткөрүп, нааразылыкка чыккандарды мыйзам чегинде иш кылууга чакырды.

"Баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери жетишкен иштерибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн", - деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы

Сүрөттүн булагы, Official

Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги окуя компаниянын ишин токтотууга "себеп болбошу керек" деп, инвесторлорду чочутпоого чакырды.

Ансыз да тоо-кен тармагына инвестиция кескин азайганы маалым.

Айталы, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, былтыр Кыргызстандагы негизинен тоо-кен тармагына кызыккан Кытай Республикасынан инвестиция 45 пайызга, ал эми Канададан 25 пайызга төмөндөгөнүн айткан эле.

Бир, эки, үч...

Кыргызстанга ири инвесторлор негизинен тоо-кен тармагына келет. Анын ичинде Кытай компаниялары активдүү.

Чаткалдагы Терек-Сай, Тоңдогу Кызыл-Омпол жана Нарындагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан компанияларга каршылык жыйындар бул тармактагы чыр-чатактардын эң соңкулары. Былтыр Кадамжайда жергиликтүү эл Шамбесай кенин, Тогуз-Тороо районунун тургундары Макмал алтын кенин, Ала-Букада Иштамбердидеги алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан.

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы митинг

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы митинг

Мындан улам Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы "Жер казынасы тууралуу" мыйзам өзгөртүү сунуштап жатат:

"Биз бул боюнча кошумча жол жобо сунуштап жатабыз. Ишкер келип тиешелүү документтерин профилдик органга тапшырып катталгандан кийин, өзүнүн программасын, социалдык пакеттерин даярдап алып жергиликтүү эл менен жолуксун. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдугун алып, келишим түзүшү керек. Кайра Бишкекке кайтып, ал келишимди көрсөтүп, "эл жардам бермей болду, чогуу иштешмей болдук" дегенден кийин гана лицензиясын алат. Бул конфликттерди алдын алат"- деди Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү Дүйшөнбек Камчыбеков.

Эксперт кен кимге берилип жатат, экологиялык кесепети жана кенди иштетүүдөн жергиликтүү тургундарга кандай пайда болот түшүндүрбөй туруп иш баштоо ушундай машакаттуу болот деди.

Камчыбеков жер казынасы тууралуу мыйзамдан тышкары тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча "стратегиялык документ" зарыл дейт. Быйыл жыл башында Коопсуздук Кеңешинде президент бул тууралуу тапшырма берип, өкмөт азырынча андай документтин концепциясын да сунуштай элек.