Армандуу балалык: Ирак, Сириядагы кыргызстандык балдар кайтарылат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Ирактагы кыргыз жарандарынын балдарын Кыргызстанга кайтаруу үчүн өкмөт өкүлдөрү сентябрда Багдадга бара турганы маалым болду. Ал арада Түркиядагы кыргыз элчилиги эл аралык уюмдардын көмөгү менен Сирияга жакын күрд лагерлеринде кармалып жаткан кыргыз балдарын кайтарууга аракет жасоодо.
Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөр ичинен эң акыркылардан болуп согуштук аракеттер жүргөн аймактардан өз жарандарын алып келүү аракетин баштады.
Өкмөт козголгондо
Ирак жана Сириядан кыргызстандыктарды алып келүү боюнча түзүлгөн мекеме аралык жумушчу топтун ар бир мүчөсүнө Иракка виза ачылды. Андан тышкары чартердик рейс уюштуралмакчы. Өкмөт иш-чаранын чыгымдарын эсептеп, каражатты казынадан бөлүү каралып жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада жарандык активисттер Ирактагы күрддөрдүн аскердик лагерине түшүп калган кыргызстандык кыз-келин жана балдарды алып келүү боюнча демилге менен чыгышкан. Катардагы жарандар жана бизнесмендер ага кеткен чыгымдардын баарын өздөрү көтөрүүгө даяр экенин айтышкан.
"Биз өз акчабызга учак жалдаганга даярбыз. Чыгымдардын барын өз мойнубузга алабыз. Биз согушкерлерди алып келебиз деген жокпуз, аларга сот баасын берсин. Биз балдарды жана аялдарды алып келели деп жатабыз. Келгиле баарыбыз чогуу чаран жарандарыбызды чыгарып кетели", - деген эле коомдук ишмер Кубанычбек Токтосунов.
Ыктыярчылар бул операцияны жеке байланыштары жана элдик дипломатия жолу менен жүзөгө ашыра алабыз дешкен. Бийликтен болгону документ жана башка бюрократиялык маселелерди чечип берүүнү суранышкан.
Азык-түлүктүн тартыштыгы, чатыр алдындагы жашоо
Ирактагы жана Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруу чакырыгы быйыл жаздан тарта Кыргызстанда катуу жаңыра баштады. "Элет көйгөйү" коомдук бирикмеси жакындары согуштук аракеттер болгон өлкөлөргө кетип, артка келе албай жаткан кыргызстандыктардын башын бириктирип, жаздан бери президентке бул маселеде бир нече ирээт кайрылды.
Сирияда жалпы төрт миңден ашуун Борбор Азия жарандары бар экени айтылып келет. Соңку иликтөөлөр боюнча алардын ичинен кыргызстандыктардын саны 800гө чамалайт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Анын болжолу эки жүздөйү балдар менен өспүрүмдөр.
"Биздин эсебибиз боюнча ал жакта бир жаштан он үч жашка чейин эле эки жүздөн ашуун бала бар. Азыр абдан ысык аптап башталды. Тамак-аштары жок, бир эле маал тамак берилет экен. Дары-дармек деген жок. Жашагандары чатыр. Андайды бербесин, абдан кыйналып күн көрүп жатышат. Өзгөчө балдар. Кыз-келиндердин кимиси колго түшсө, зордуктап деле коюп жатышыптыр", - деди Би-Би-Сиге "Элет көйгөйү" уюмунун төрайымы Марийпа Алыкулова.
Кыргызстандан Ирак менен Сирияга 2013-2014-жылы эң көп агыла баштаганы айтылып келет. Эркектер экстремисттик идеологияга азгырылып же алданып өздөрү менен жубайларын, айрым учурда апасы менен карындаштарын кошо азгырып ала кетип жатышты.
Мындан тышкары Интернет аркылуу азгырылып барып калган кыз-келиндер да бар. Алардын Жакынкы Чыгышка барып төрөгөн балдарынын алды алты-жети жашка чыгып калганы айтылат.
Мамлекет милдети
Дин жаатында эксперт Маметбек Мырзабаев Кыргызстан мамлекет катары ошол жактан төрөлгөн жарандарына же адашып барып калган жарандарына карата сөзсүз чараларды көрүшү керек дейт:
"Согуштук аракеттер болгон аймактардан кайтып келген кыргыз жарандары менен иш алып барууда үч негизги жумуш бар. Биринчиси, алар кайтып келгенде өзүнчө обочолоп бөлүп кармоо. Балдарды өзүнчө бөлүп коюшабы? Мисалы энесинен бөлүп алып. Себеби, согуштук аракеттерге түздөн түз катышкандарды, албетте, бөлөк кармалыш керек. Экинчиси, реабилитация - согушту көрүп келгендерге социалдык, психологиялык жактан тарбия керек. Үчүнчүсү, реинтеграция - аларды коомго аралаштыруу маселеси".

Сүрөттүн булагы, AFP
Былтыр бир катар Борбор Азия мамлекеттеринде Сирияга жана Иракка чыгып кеткен жарандарын издөө, аларды кайтарып келүү багытында атайын жумуш тобу түзүлгөн.
Айталы, Казакстан "Жусан" аттуу операция уюштуруп, 2019-жылдын январынан тарта май айына чейин Сириядан 524 жаранын алып келген. Жыл башынан бери Тажикстан Ирактан 84 баланы чыгарып кетсе, Өзбекстан 156 жаранына жаңжалдуу аймактардан чыгып кетүүгө көмөк көрсөткөн.
Кыргызстандын Баш прокуратурасы былтыр Сирияга кеткен 110 кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал иштердин 55 сотко өтүп, 41 адам соттолгону айтылат.
































