Жаңы төраганын саясий милдети оор

Сүрөттүн булагы, Danaker.kg
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Конституциялык Палатанын төрагасы катары Карыбек Дүйшеевдин тушоосу экс-президент макамы маселесине чекит коюу менен кесилет өңдүү. Бул маселеде мурунку төрага Эрнис Мамырканов былтыр октябрда бир жактуу чечим чыгарбай, бийлик үчүн Атамбаевден экс-президент макамын алуу таталдашып кеткени белгилүү.
Атамбаевден экс-президент макамын алуу Баш мыйзамга каршы келет деп өткөн айда анын тарапкерлери Конституциялык Палатага кайрылышкан.
Экс-президент макамы тууралуу маселе Конституциялык палатада экинчи ирээт карала турган маалда кызматка келген жаңы төрага ким жана бул кадрдык чечимдин саясий максаты барбы?
Сынактан сынбайсынбы?
Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев экс-президент макамы Конституциялык Палатанын алдында турган эң маанилүү маселе экенин белгилейт:
"Жогорку Кеңештин экс-президенттин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтому Конституцияга дал келеби же жокпу Конституциялык Палата алты айдын ичинде чечим кабыл алышы керек. Бул Конституциялык Палатага жана жаңы төрагага чоң сыноо болот. Судьялар бул маселе чекит коюшу керек. Палата чечими соңку болот да, даттанууга жатпайт. Албетте, Дүйшеевге бул анын саясий-укуктук сабаттуулугун текшерет".

Сүрөттүн булагы, Social Media
Мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу маселеси парламентте өткөн жылы козголуп, алды менен андан экс-президент макамын алуунун процедуралык жол-жобосу көп машакатка турду.
Баш мыйзамда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу тууралуу атайын чаралар жок болгондуктан, Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ал бардык этаптан быйыл майда гана өттү.
Бирок Атамбаевдин тарапкерлери бул конституциялык мыйзамды мурунку өлкө башчысына колдонуу дагы Баш мыйзамга каршы экенин айтып чыгышты.
"Мыйзам артка иштебейт"
КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков Конституциялык Палатага кайрылууга жети адам кол койгонун билдирди.
Алардын бешөө -Жогорку Кеңеш депутаттары: Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Карамат Орозова жана партиянын эки юристи.
"Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында эле экс-президент макамын алган. Ал эми азыр ага быйыл 27-майда күчүнө кирген президенттин ишмердиги тууралуу мыйзамды колдонуп атышат. Ал мыйзам 27-майдан кийин экс-президент макамын алган президенттерг колдонулушу керек эле. Мыйзам артка иштебейт деген Конституциянын 28-беренеси бузулуп жатпайбы", -деди Нурбек Касымбеков.

Сүрөттүн булагы, Social media
Конституциялык Палата арызды быйыл 7-июнда каттап, ал боюнча чечим чыгарууга эми беш ай калды.
Экс-президенттин макамы тууралуу бул Конституциялык Палатага биринчи кайрылуу эмес экенин эске сала кетели.
Былтыр 3-октябрда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды.
Токтакунов өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарган эле.
Эми экс-президент маселесинде дагы бир кайрылуу кароого түшкөндө аталган органдын жетекчилиги алмашып жатышы жарандык коомдо шектенүүлөрдү жаратты.
Карьералык секирик
Серепчилер бул кадрдык өзгөрүүнү саясий контекстен талдап жатышат. Борбордук Европа университетинин докторанты Сания Токтогазиева Конституциялык палатага Жогорку Кеңеш жана президент тарабынан басым болуп жатканына шек туудурчу факторлор болуп атат дейт:
"Эки айдан бери мурунку төрага Мамыровко кээ бир парламент депутаттары тарабынан чабуул жасалып келе жатат. КП судьясынын бир оруну көп жылдан бери бош болуп келген, анан эле тез ара ичинде Дүйшеев КП судьясы болуп, Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда шайланды. 10 күн өтпөй Конституция палатасынын төрагасы болду. Дүйшеев мурда Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон", -деди Сания Токтогазиева.

Сүрөттүн булагы, Social media
Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеев 20-июнда эле шайланды. Анын талапкерлигине Жогорку Кеңеште 85 депутат "макул", 15 эл өкүлү "каршы" деп добуш берген.
Дүйшеевди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырып жатып:
"Ал жогорку билимдүү. Москва мамлекеттик университетин, СССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, юстициянын мыкты кызматкери", -деп сыпаттаган.
Дүйшеев буга чейин Сот департаментинде чарбалык иштерди тейлегени белгилүү. Жаңы төрага Кыргыз ССРинин министрлер кабинетин 1981-1986-жылдары башкарган Арстанбек Дүйшеевдин уулу.
"Басымга туруштук керек"
Коомчулуктагы шектенүүлөрдөн улам, Карыкеевдин дайындалышы өз кезегинде Конституциялык Палата бүгүнкү күнү канчалык көз карандысыз орган деген суроону көтөрдү.
"Конституциялык Палатаны көз карандысыз деп айтса болбойт. Себеби анын табияты ошондой да, кандай болбосун ал сөзсүз түрдө саясатка киришет да. Элестетип көрсөнүз, ошол жердеги 11 судья килтейген бир парламент чечимин же президенттин указын бир күндө эле жокко чыгарып койсо...Бийликтегилер анын ишмердигүүнө кийлигишүүдөн эч качан баш тартпайт. Бул жерде Конституциялык Палата ошондой басымдарга туруштук бериши керек", -деди ушул эле палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова.

Сүрөттүн булагы, Social media
Жогорку Соттун Конституциялык палатасы он бир судьядан турат. Конституциялык палата конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу өз алдынча жогорку сот органы болуп саналат.
































